Бишкек (АКИpress) – 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү. Бул салтанатка карата коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты Дөөлөтбек Берикбаев кыргыз элине куттуктоо айтып, кайрылуу жолдоду.
Кадырман кыргызым!
Мейли, кайсы динди сүйсөң сүй,
Мейли, кайсы тилди сүйсөң сүй.
Батышты сүй, чыгышты сүй, бийликти сүй,
Мейли, анан дагы байлыкты сүй.
Бирок! Эң биринчи Кыргыз мамлекетиңди колдоп,
Кыргыз мамлекетиңди сүй.
Мамлекеттин келечеги үчүн тикеңден тик туруп,
Керек болсо от болуп күй!
Мамлекеттин алдында милдетиңди сактап,
Акылыңа бекем түй!
Жериң, элиң, бактың, көз карандысыз эркиндигиң,
Жалгыз Кыргыз мамлекетинде экендигин бил!
Мамлекетиң болбосо, сен эч ким эмессиң!
Байлыгың башкаларга кетет,
Бийлигиң бирөөлөргө өтөт.
Тапканың ташка, жашооң азапка,
Кечээки сүйүүң күйүткө,
Ак жоолукчан айымдарың тулга,
Ак калпакчан алтын башың кулга,
Бир түндө айланаарын унутпа!
«Улуу-кичүү, жалпы уюткулуу кыргыз элим, мамлекетти сүйөлү», - деп чакырат Д.Берикбаев.
События в Центральной Азии и в мире в Телеграм-канале @centralasiamedia

В Бишкеке напали на 81-летнего инвалида: у него забрали трость и ходунки