Закрыть

Президент Токаевди жеңишке жеткирген факторлор

18:11, 24 ноября 2022 (обновлено в 10:31 25 ноября 2022) 4116

Бишкек (АКИpress) – Казакстан Республикасынын президенти болуп жаңы шайланган Касым-Жомарт Токаевдин саясий чоң жарыштагы жеңишине таасир эткен бир катар факторлор бар. Булар тууралуу саясатчы Шерадил Бактыгулов сөз кылат.

2022-жылы Казакстанда мамлекеттик башкаруу, бийлик менен коомчулуктун өз ара байланышуу системасын жаңылоо процессинде кардиналдуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Ноябрда (2022) мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо референдумда кабыл алынган конституциялык өзгөрүүлөрдүн мыйзам ченемдүү уландысы болуп, эң негизгиси — президент Токаев маанилүү реформанын алдында Казакстандын жарандарынын ишенимин насыяга алды.

Январдагы окуяларда президент Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн жоопкерчиликтүү жетекчиси, чечкиндүү саясатчысы, туруктуу «күрөшчү» жана берилген стратег экенин ачыктаган сапаттарын көрсөткөнү белгилөөгө арзыйт. Ал кыска убакыттын ичинде улутту консолидациялап, күч түзүмдөрүнө башкарууну кайтара алды. Мамлекеттик төңкөрүшкө көрүлгөн аракет учурунда ачык-айкындуулукка муктаж болгон саясий, башкаруучулук жана бизнес-элитаны, бийликтеги туруктуулукту, коопсуздуктагы кепилдикти көзөмөлгө алуу жагын жөнгө сала алды. Токаев өлкөдөгү туруксуздукка кызыкдар болгон ички дагы, сырткы дагы күчтөргө башаламандык жаратууга, аны жарандык тирешке айлантууга жол берген жок.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин саясий чечкиндүүлүгү, чечимдерди салмактаганы жана жогорку жоопкерчиликти сезе алганы өлкөдөгү тартип менен мамлекеттик башкарууну калыбына келтирүүгө салым кошкон факторлор болду.

Январдагы окуялар баарынан мурда экономика, андагы демонополизация жана саясий системадагы институционализация, анын ичинде конституциялык реформа аркылуу кийинки чараларды кабыл алууну тездетип, өлкө башчынын жаңы багытынын (курсунун) негизи болуп калды. Ойчулдук, прагматизм, анан да дипломаттык эбегейсиз тажрыйба Президентке тышкы саясаттагы өтө орчундуу бир катар маселелер боюнча тең салмактуулукту сактап, экономиканы, социалдык тармак жана саясий модернизацияны реформалоодогу негизги багыттарды белгилөөгө негиз болуп берди. Андыктан 2022-жылдын ноябрындагы президенттик шайлоодо президент Токаевден лидерликти талашуу кыйынга турду.

Ошентип, бул шайлоого «эски гвардия» катышкан жок. Мисалы, айрым эксперттер Токаевдин олуттуу атаандашы катары караган саясаттагы «зор» талапкер Имангали Тасмагамбетов референдумда дагы, мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо дагы шайлоочуларды өлкөнүн учурдагы башчысына добуш берүүгө чакырып жатты. Оппозициялык күчтөр бир талапкерди чыгара алышкан жок.

Президент Токаевге атаандаш болгон 5 талапкер чыкты: Мейрам Кажикен, Нурлан Ауесбаев, Салтанат Турсынбекова, Каракат Абден, Жигули Дайрабаев.

Мындай деңгээлдеги шайлоодо ар бир талапкер алдына ар кандай максаттарды коё турганы белгилүү. Эрежеге ылайык, жогорку кызматка шайлана албаса, анда шайлоочулар алдында таанылып, ар түрдүү таасирдүү топтордун көңүлүн буруу максаты турат. Ошентсе да, көпчүлүк байкоочулар альтернативдик долбоорлор, идеялардын, программалардын жана стратегиялардын атаандаштыгын белгилешти. Андыктан талапкерлердин идеяларына келечекте суроо-талап болушу ыктымал.

Жалпысынан талапкерлердин программасында коомчулуктун жашоосу менен ишмердүүлүгүнүн айрым сегменттерине багытталганы көрүнүп турду. Жеңүүчүнүн программасы болсо чечимдерди талап кылган маселелердин кеңири спектрине багытталган. Жана да маселелердин бул спектри түшүнүктүү, тыгыз бириккен документ болуп түзүлгөн. Президент Токаевдин программасынын маңызын штабы менен ишенимдүү адамдары шайлоочуларга кыска убакыттын ичинде жеткирип, 2 миллиондон ашык адамды камтыган. Жүргүзүлгөн иштер, жеткиликтүү программа жана январь окуяларында байкалган К.Токаевдин өзүнүн инсандык дарамети анын жеңишиндеги негизги себептерден болуп калды.

Болуп өткөн шайлоо бир катар жаңычылдыктар менен айырмаланып турду. Мурда Казакстандын президенти 2 ирет 5 жылдык мөөнөткө шайлана алса, бул жылы президент К.Токаевдин демилгеси менен мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө ылайык, президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 7 жылга чейин узарып, ал эми экинчи мөөнөткө талапкер болуп чыгуу укугу жокко чыккан.

Ошондой эле шайлоо бюллетенине «баарына каршы» деген сап кошулуп, Казакстандагы шайлоочулардын бардык пикирин эске алуу жагы каралды. Ошентип добуш берген шайлоочулардын 5 пайыздан ашыгы бул укугун пайдалануу менен «баарына каршы» деп добуш беришти.

Саясий илимде өлкөдөгү саясий системаны модернизациялоо максаты мамлекеттин жана коомдун турмушундагы актуалдуу маселелердин биринин негизинен турат. Өлкөнүн саясий системасы дүйнөдөгү жана өлкөнүн ичинде болуп жаткан өзгөрүүлөргө тез арада реакция кылуусу зарыл. Ал эми мындай мамилени Казакстандын мисалында көрүүгө болот.

Бүгүнкү күндө К.Токаевдин алгачкы президенттик мөөнөтүндө баштаган саясий реформалары улануу жолун тапты. Чоң кызыкчылык саясий модернизациядагы 5 кейс менен көрсөтүлөт.

Бул коомчулуктун өтүнүчүнө болгон жооп. Биз бийлик бутактарынын, аткаруу бийлигиндеги органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдары менен соттордун ишмердүүлүгүн жакшыртуу иштери кандайча жана кайсы багытта боло турганын көрүп турабыз. Шайлоо жана партиялык мыйзамдуулуктун акыркы мыйзамдары реалдуу саясий атаандаштыкты, шайлоо процессиндеги ачыктык менен калыстыкты камсыздоого чакырык таштайт. Мындай өзгөрүүлөр жакынкы убакытта Казакстандын партия талаасы олуттуу кеңейип, сапаты жогорулайт деген шык берет.

Коомдук ишенимдин улуттук кеңешинин механизми, андан кийин Улуттук курултай аркылуу бийлик менен жарандык коомдун институттарынын ортосунда саясий диалог жүргүзүү процесси башталган. Бул механизм биринчи караганда «чечилбес» пикир келишпестиктерди чечүүгө, кызматташуунун чекиттерин издеп тапканга, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгы үчүн компромисске келүүгө шарт түзөт.

Жакынкы перспективада оппозиция Казакстандын саясий системасынын өзөктүү бөлүгү болот. Президент К.Токаев жаңы партияларды каттоо процедурасын жана алардын ишмердүүлүгүн либералдаштырган парламент оппозициясы жана саясий партиялар жөнүндө мыйзамдар аркылуу ушундай өбөлгө түздү. Президент К.Токаевде коомдо күчтүү оппозиция болсо, ал бийликти авторитаризмге айланып кетүүдөн коргойт деген түшүнүк бар экенин так айтууга болот. Таасирдүү оппозиция бийликти тонуста кармап турат.

Олуттуу көңүл бурууну талап кылган дагы бир нюанс — «Адилеттүү Казакстан — баарына жана ар бири үчүн. Азыр жана түбөлүк» шайлоо алдындагы платформасы. Казакстандыктар жана коомдук уюмдар президенттин алдында мамлекеттин жана элдин улуттук кызыкчылыгы жөнүндө маселени көтөрүшкөн. Жарандардын талабы угулуп, приоритеттер коюлуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.

Жалпысынан, шайлоо процесси жогорку деңгээлде уюштурулган. Шайлоонун жүрүшүнө чет өлкөлүк 640 байкоочу мониторинг жүргүздү, ошондой эле шайлоону чет элдик аудиторияга чет мамлекеттик 47 журналист чагылдырып турду.

Казакстандын бийлиги добуш берүү процедурасын ачык-айкын, тунук жана демократиялуу уюштура алды. Ошондуктан, шайлоо процессине катышкан жарандардан добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эте турган кимдир бирөөгө жан тартуу же башка мыйзам бузуулар боюнча арыздануу дээрлик болгон жок.

Шайлоодо интрига деле жок болду, бирок бул көрүнүш коңшу бир тууган өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн маанилүү.

Казакстандын президенти К.Токаев кийинки 7 жылга элдин ишенимине ээ болду. Андыктан, кайрадан шайланган президент К.Токаев шайлоо алдындагы «Адилеттүү Казакстан» программасын аткарууга толугу менен көңүл бура алат. Программада өлкөнүн келечеги так көрсөтүлгөн. Президент К.Токаев коомду келечектеги өнүгүү стратегиясынын айланасында консолидациялоо тапшырмасын коюуда. Тапшырма гана койбостон, өзүнүн программасындагы пункттарды ишке ашыруунун механизмдерин так ачыктап жатат.

Мисалы, саясий тармакта К.Токаев саясий модернизациялоону улантуу, коомдо тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо багытын тандады. Саясий системаны модернизациялоо «Күчтүү Президент — таасирдүү Парламент — жооптуу Өкмөт» формуласы аркылуу курулат. Шайлоонун алдында К.Токаев базалык баалуулук катары адилеттүүлүктү камсыздай турган мыйзамдардын топтомун кабыл алды. Алар «Конституциялык сот», «Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл» жана «Прокуратура» жөнүндө конституциялык мыйзамдар.

Буга чейин референдумдун жүрүшүндө президенттин аша чапкан ыйгарым укуктары кыскартылган нормалар кабыл алынды: бир убакта мамлекет башчысы менен саясий партиянын мүчөсү болууга, президенттин туугандарына саясий мамлекеттик кызматтарды жана жасалма мамлекет секторунда жетекчилик кызматты ээлөөгө, президентке облустардын деңгээлинде аткаруу бийлигинин органдарынын чечимдерин токтотуу же жокко чыгарууга жана райондук, айылдык администрациялардын башчыларын кызматтан алууга мыйзам менен тыюу салынды.

Мунун баары бийлик бутактарынын ортосундагы күчтүн балансын өзгөртүү үчүн мыйзам чегинде шарт түзөт. Казакстан саясий моделди аша чапкан президенттик мамлекеттен президенттик өлкөгө өзгөртүп жатат, ал эми аткаруу бийлигин мыйзам чыгаруу менен сот бутактары тең салмакта кармап турат.

Андан кийин жаңы багыт примитивдүү сырьелук экономика, өнөкөткө айланган коррупция жана олигархтардын үстөмдүк кылуусу жок келечекке багытталган, ал Казакстандын көйгөйлөрүн чечүүдө чет мамлекеттерге таянбайт. Ар кимдин өзүнө, жакынына, өз мамлекетине жоопкерчиликтүү болушу өзгөчө маанилүү. К.Токаев ушундай жоопкерчиликти биринчи кезекте өзүнө алды.

Муну менен өткөрүлгөн шайлоо К.Токаев тарабынан ушул жылдын башында башталган саясий реформалардын масштабдуу программасынын логикалык уландысы болду жана Казакстандын саясий модернизациялоо процессинин бир бөлүгү болуп саналат. Кийинки кадам саясий партиялардын жаңы системасына, «чектөө жана тең салмактуулук» механизмдеринин негизинде өтө турган 2023-жылдагы парламенттик шайлоо жана маслихаттарга (бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүгүнө) шайлоо болушу керек.

К.Токаевдин президенттик шайлоодогу жеңиши өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын чакырыктарына ийгиликтүү жооп бере турган саясий бийликтин жаңы системасын түзүү процесси улана турганына ишенимди бекемдейт. Алдыда жумуш көп. Оюндун тунук эрежелерин, коом тарабынан бийликти көзөмөлдөө процессин түзүш керек. Оппозиция системалуу болушу зарыл. Жыйынтыгында коом да, бийлик да утушта болот: жарандар саясатка таасир этүүчү куралга ээ болот, ал эми бийликтин институттары өздөрүнүн легитимдүүлүгүн бекемдейт. Казакстандагы саясат коомго ачык болуп бара жатат.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress


×