Закрыть
АНАЛИТИКА

Дээрлик 40 жылдан ашуун мезгилден бери саясий Олимпте келген Үсɵн Сыдыковдун кɵзү ɵткɵнүнɵ бир жыл толду

Бишкек (АКИpress)

Туугандардын атынан:

Жазмыш дейбиз... Айтылуу Үсөн акенин арабыздан узап, түбөлүк жашоого кеткенине бүгүн, 2022-жылдын 28-июль күнү, туптуура бир жыл толуп турат. Эгер аксакалдын көзү тирүү болгондо быйыл 79 жашка чыкмак. Ɵз доорунун күрөө тамырын кармай билген, ар кандай кырдаалдан жол таап, элди ээрчитип, коомду алга жылдыра алган лидери, коомдук жана мамлекеттик ишмер, кыргыздын мекенчил инсаны болгон «Үсөн Сыдыков» деген ысым Кыргыз мамлекеттик түзүлүшүндө өтө олуттуу орунду ээлейт.

2005-жылы болуп ɵткɵн саясий айдыңда «Жоогазын ыңкылабы» деген ат менен белгилүү саясий окуянын бышып жетилишине так ушул Үсөн Сыдыковдун эбегейсиз эмгеги артып, Курманбек Бакиевдин тактыга отуруп калышына чоӊ роль ойногонуна тарых күбɵ. Деги эле кыргыз саясатында ɵзгɵчɵ орду бар Үсɵн Сыдыковичтен азыркы саясат таптагы дээрлик саясатчылары ар качан ага аксакал катары акылын угуп, кеңешин алып турушкан.

«Ɵмүр бизден ɵтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» деп айтылуу Аалы Токтомбаев айткандай элге кылган эмгек эч качан унутулбай айтылып келет эмеспи. Анын сыңарындай эл үчүн зор эмгек ɵтɵгɵн Үсɵн Сыдыковдун эмгеги элинин эсинде түбɵлүк сакталмакчы.

Үсөн Сыдыковдун саясаттагы портретин, баскан жолун, жасаган аракетин Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев өз сөзүндө мындай деп өтө таамай берген:

«Үсөн Сыдыков... Бу кишинин ысымы биздин районго «Биринчи» болуп келгенден бери кулагыбызга сиӊип калды. Ординардуу эмес личность. Акыркы 40 жылдан ашуун мезгилден бери саясий Олимпте келди. Совет үлгүсүндөгү жетекчилердин акыркы могиканы. Өтө харизматикалуу, принципиалдуу инсан. Ошол эле учурда бу киши тууралуу карама-каршылыктуу ойлор айтылып келет. Акыркы мезгилдеги жетекчилер ичинен эң эле белгилүү, кыргыз саясатына таасири күчтүү инсан болгон. Анын лидерлик сапатын айланасындагылар гана эмес, «душмандары» да ичинен бийик баалап, ошол эле учурда анын адамдык сапатына бир жактуу эмес баа берер эле. Бу кишини эмне деп гана аташпады, бирок ал эң кыйын учурда да - Үсөн Сыдыков деген ысмын сактап калды. Баарын көрдү, баарын өзүнүн тагдыры аркылуу өткөрдү. Бирок, бийик Адам бойдон калды. Мекенчил - Улутту сүйүүнүн үлгүлөрүнүн бири эле...

Ал киши сыртынан таштай бекем көрүнгөнү менен, дээринде адамгерчиликтүү, кенен, боорукер, табияты жөнөкөй эле. Жашоодо эч кимди сатпады, өзү ишенген адамдарга башын канжыгага байлап берди. Бу мүнөз, чыныгы адамдык мүнөз. Канча кызматтарды ээлебеди, бирок суук колун элдин мүлкүнө, ырыскысына салган жок. Жетекчилик маданиятты Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Султан Ибраимов сыяктуу алптардан, кристалдай таза инсандардан алды. Биз билген Үсөн Сыдыков ушундай... Эл билген Үсөн Сыдыков, кыргыз жетекчилер когортасынын көрүнүктүү өкүлү, өзгөчө доордун каарманы...»

Өмүр баяны:

Үсөн Сыдыков 1943-жылдын 15-март күнү Ноокен районунун Кыла айылында туулган.

1965-жылы Фрунзе шаарындагы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн;

Эмгек жолун 1965-жылы Ноокен (мурдагы Ленин) районундагы Арал совхозунда агроном болуп баштаган;

1967-1971-жылдары Лейлек райондук айыл чарба башкармалыгында башкы экономист, бөлүм башчы болуп эмгектенген;

1971-1975-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Лейлек райкомунун инспектору, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 2-катчысы;

1975-1978-жылдары Лейлек райондук Аткаруу комитетинин төрагасы;

1978-1983-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Базар-Коргон райондук комитетинин 1-катчысы;

1983-1985-жылдары партиянын Кара-Суу райондук комитетинин 1-катчысы;

1988-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССР мамлекеттик агро өнөр жай комитетинин төрагасы, Министрлер Советинин төрагасынын биринчи орун басары;

1990-жылы Партиянын Ош обкомунун 1-катчысы;

1992-1993-жылдары Кыргызстандын Казакстандагы соода тармагы боюнча өкүлү;

1993-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын дан азыктарын камсыз кылуу жана аны даярдоо мамлекеттик ɵндүштүк бирикмесинин (Кыргыз дан азык) төрагасы болуп эмгектенген;

1999-жылы КМШ өлкөлөрүнүн кеңешинин төрагасынын Кыргызстан боюнча орун басары;

2005-2006-жылдары президенттин администрациясынын жетекчиси болгон;

1989-1991-жылдары СССРдин эл депутаты болгон. Ал эми Кыргыз ССРинин Жогорку Советине эки жолу депутат болгон.

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Сыйлыктары:

«Эмгек Кызыл Туу» медалынын ээси;

«Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалынын ээси;

III даражадагы «Манас» орденинин ээси;

Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ардактуу профессору;

Кыргыз Республикасынын Айыл-чарбасына эмгек сиңирген ишмер.

АКИpress в Телеграме — подпишись!


Самое читаемое за сегодня и вчера
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти