Закрыть

Кечээги жомок – бүгүнкү кастинг

Бишкек (АКИpress) – Кастинг тууралуу:

Бала кездеги бир жомок али эсимде. «Илгери илгери бир акылман ата жашаптыр. Ал атанын ай десе аркы, күн десе көркү жок сулуу кызы болуптур. Кыз чырайына жараша акылдуу, дил билги да экен. Ата сүйүктүү кызына татыктуу өмүр шерик табыш үчүн узун элдин учунан, кыска элдин кыйырынан күйөө болууга татыктуу жигиттерди издеп жар салдырат» деп башталчу бул жомок. Мен дароо «Эмнеге издейт, кыз сулуу, акылдуу болсо өзү эле табат эле го» дегем таң калып.

Ал жомоктор унутулуп, жаңы жомоктор менен алмашты.

Мындан бир нече күн мурун ошол жомоктогудай кастинг жарыяланганы социалдык желелерди дүң кылып, бүгүн бул суроо менен жомокто эмес, жашоодо бет келип, ар бир экинчи адамдын жүрөгүндө ушул суроо туулду.

Албетте бүгүнкү кастингдин каарманы Жибекке мыкты жигиттер четтен чыгат, бирок анын өмүр шериги кандай учур болбосун ара жолдо калтырбай бапестеп кете алабы ошого кам көрүү аталык парз. Ар кандай ата кызын эң акылдуу, эң мыкты, эң баатыр, эң камкор жигитке узатсам деп тилек кылат. Оболу өөн көрүндү, анан эмне үчүн болбосун, бир көргөн кызды улактай бөктөрүп уурдай качкандан, чоң эле байбичелер чыркытып жулмалап жоолук салып, көзүнүн жашын көл кылып ыйлаган кызды, «каргайбыз, бактың ачылбайт» деген уу сөздөр менен байлап отургузуп койгондон көрө бул кыз эркин, тандоосун сыйлоо, баасын, өз кадырын көтөрүү го деген жооп туурадай.

Чынында кыз тагдырына бирөө кайдыгер карайт, бирөө өзү тапсын, мен издесем сөзгө калабыз деп эл сөзүнөн тартынып намыс кылат. А жомоктогу акылман атанын, бул КАСТИНГди өткөрүүдөгү идеянын артыкчылыгы – эл сөзүнөн, көзүнөн коркпой кыз бала үчүн сынак жарыялоого эрки жеткендигинде. Кыргызда илгертен эле кызды ыйык көргөн, улук көргөн. Эстеп көрүңүзчү, дээрлик ар бир кыргыз эл жомогунда кыз кадыры жогору. Кызды аты торгойдой, өзү ыргайдай болгончо издөө, ал үчүн ар кандай сыноолорго бел байлоо, кыз сынынан өтүү үчүн дүйнөнүн төрт бурчунан келип өнөр көрсөтүп, күч сынашуу. Эсиңиздеби ушул жомоктор.

Кыргызда кылымда кыздын аты улук, кыз сыйлабас макулук! Уул бала улутту коргосо, кыз бала ошол улутту коргоор уулду төрөп, тарбиялайт. Мыкты уул төрөлүп, мыкты улут түптөлүшү үчүн бекем, сыналган үй бүлө курулушу маанилүү!

Жибек о кастинге:

«У нас много умных, смелых, талантливых молодых людей. Но с развитием соблазна под названием интернет, общение между людьми потеряло свою душевность.

Говорят, что девушка выбирает мужа по образу своего отца. Я хотела бы, чтобы мой спутник жизни был таким же умным, щедрым, трудолюбивым и заботливым как Шаршенбек ата. Говорят, «продает дочь». Чтобы говорить о продаже, тут нет приза или условия для участия только богачей. Речь идет только о борьбе за счастье. Чем девушка будет украдена как ягненок, вопреки своей воле, и останется в семье под натиском насилия, лучше у нее будет право на выбор. Я считаю это уважением к ее этому праву.

Сюда придут молодые люди, которые как Шаршенбек ата будут образованы, трудолюбивы, сильные духом, готовые заботиться о семье. Я верю, что здесь кыргызские джигиты покажут традиции отцов и дедов, свое великодушие и смелость.

Каждая девушка вправе выбирать своего спутника жизни сама».

Исполнитель: ОсОО «АКИ Кыргызстан»; адрес: г. Бишкек, ул.Московская, 189

Заказчик: кандидат в депутаты ЖК КР по Нарынскому избирательному округу №33 «Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович»

Тираж: 1

Изготовлено: 21.11.2021 года.

Оплачено из избирательного фонда кандидата в депутаты «Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович» (уд. №280 24.10.2021 г. ЦИК) уполномоченным представителем по финансовым вопросам Тураровым Бахтияром Тураровичем (рег. свид. №421 от 14.10.2021 г. ЦИК).

Самое важное – на канале АКИpress в YouTube. Подпишись!

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

Самое читаемое за сегодня и вчера
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти