Закрыть
АНАЛИТИКА

Шаршенбек Абдыкеримов күйөө бала тандоо «кастингин» өткөрүп, шайлоодон талапкерлигин алгандыгын жарыялады

Бишкек (АКИpress) – 2021-жылдын 19-ноябрында Ат-Башы айылында №33 Нарын шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Шаршенбек Абдыкеримовдун катышуусунда эки иш-чара болуп өттү. Депутаттыкка талапкер шайлоочулары менен жолугушуу менен катар, буга чейин жарыялангандай, өзүнүн кызы үчүн күйөө бала тандоо «кастингин» да өткөрдү.

Баштапкы этапта кастингге өлкөнүн ар кайсы облустарынан үч жүздөн ашуун өтүнмө келип түшкөн. Жыйынтыгында Ат-Башыга өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтүп, айырмалана алган 10 жаш жигит келди.

Шайлоочулар менен жолугушуудан соң Шаршенбек Абдыкеримов күтүүсүздөн алдыдагы шайлоого катышуудан баш тарта тургандыгын жарыя кылды. Ал нарындыктарды бир мандаттуу округ боюнча Алмазбек Баатырбековго, ал эми партиялык тизме боюнча «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Жаныбек Исаевге добуш берүүгө чакырды.

Өзүнүн мындай чечимин ал «ар ким өз иши менен алектенүүсү керек» деп түшүндүрдү. Ал ошондой эле өзү «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү экендигин жана ушунун өзү ага өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бийик жоопкерчиликти артаарын белгиледи.

Ошону менен бирге ал район жана облус тургундарына мындан кийин да ар тараптуу жардамын уланта берерин, спорттун өнүгүүсүнө көмөктөшөөрүн жана бир катар жаңы ишканалардын ачылышына даярдык көрүлүп жаткандыгын билдирди.

Исполнитель: ОсОО «АКИ Кыргызстан»; адрес: г. Бишкек, ул.Московская, 189

Заказчик: кандидат в депутаты ЖК КР по Нарынскому избирательному округу №33 «Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович»

Тираж: 1

Изготовлено: 17.11.2021 года.

Оплачено из избирательного фонда кандидата в депутаты «Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович» (уд. №280 24.10.2021 г. ЦИК) уполномоченным представителем по финансовым вопросам Тураровым Бахтияром Тураровичем (рег. свид. №421 от 14.10.2021 г. ЦИК).

Ты уже подписан на нас в Threads? @akipress

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

Самое читаемое за сегодня и вчера
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти