Закрыть
АНАЛИТИКА

Назир Асанбердиев: Биз экологияга зыян келтирбей тургандай шаар турмушун куруп берүүнү көздөдүк

16:01, 8 июля 20213371

Бишкек (АКИpress) – Бишкек шаарынын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошууга бар күчүн жумшоону эңсеген, коомубуздун алдыңкы катарындагы, демилгелүү жана улуу максаттарга умтулган жаштарыбыз жок эмес. Ушундай жаштарыбыздын бири «Эмгек» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына аттанган Назир Асанбердиев.

- Саламатсызбы Назир мырза, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?

- Саламатсыздарбы. Мен Асанбердиев Назир Медетбекович 1985 жылы 16 июлда туулгам. Өзүм Талас облусунун кулуну болом. Кыргыз Улуттук университетинин аяктагам. Кесибим саясат таануучу. Учурда Бишкек шаарында жашап, энергетика тармагында иш алып барып жатам.

- Келечектеги пландарыңыз тууралуу билгибиз келет?

- Келечекке болгон пландарыбыз өтө эле чоң. Азыр коомубуз ашкере саясатташып, баарын оозубуздун кучу менен эле бардык маселени чечип, өзүбүздү кыйын сезип калбадыкпы? Ошондуктан мен да үйдө диванда жатып алып, элдин көйгөйүн айтып, ар кимди сынап отура бербейин, борбор калаабызды өнүктүрүп жана элибиздин көйгөйлөрүн иш жүзүндө чечүүгө өз салымымды кошсом деген ой-максатта Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына ат салышууну чечип, «Эмгек» саясий партиясы менен шайлоого баратам. Анткени, азыр эле айтып кеткендей диван эксперттери көп болуп кетти го. Демек, сөздөн ишке өтүшүбүз керек.

- Сиздердин партиянын программасында Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча эмнелер каралган, кандай максаттары бар?

- Менин кесибим саясат таануучу болгондон кийин, өзүм да бул партияга келгенге чейин башка партиялардын Бишкекти өнүктүрүү боюнча кандай программалары бар экенин карап, максаттары менен жакшылап таанышып чыктым. Анан алардын кандай жетишкендиктери бар экенин да таразалап, баарына кылдаттык менен көз салып, анан гана «Эмгек» партиясына кирүүнү туура көрдүм. Себеп, бул партия катардагы жарандардын көйгөйлөрүн чече алат. Партиянын программасында шаарды өнүктүрүүнүн конкреттүү чаралары көрсөтүлгөн. Тагыраагы партиянын максатын, программасын жакшылап карасаңыздар куру убадалардан алыс, борбор калааны өнүктүрүү үчүн аткара ала турган иштерди программага киргизгендиктен, менин купулум толуп, көз караштарыбыз төп келишти. Мисалы, программага маанилүү жана керектүү пункттардын, анын ичинде эң негизгиси - кыргызстандыктардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган терең социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүү камтылган. Атап айтканда программада шаарыбыз үчүн эң маанилүү жана зарыл болгон социалдык жардам алууну жеңилдетүү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумуш менен камсыз кылып, аларга шарт түзүү, жашыл экономика, шаарды көрктөндүрүү, транспорт саясаты, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана шаардын ичинде туризм тармагын өнүктүрүү сыяктуу жакшы долбоорлор бар.

- «Эмгек» саясий партиясынын өзөгүн кимдер түзөт?

- Биздин партия эмгекчилердин, өндүрүшчүлөрдүн жана жаратмандардын партиясы. Биздин партиянын көпчүлүк мүчөлөрү өз эмгеги менен жүздөгөн ишканаларды ачып, он миңдеген жумуш орундарды түзүп беришкендер. Ушул жерден өзгөчө бир нерсени белгилей кетсем «Эмгек» саясий партиясы менен келечекте көптү үмүттөндүргөн кыргыздын чыгаан, тажрыйбалуу уул-кыздары шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер катары шайлоого бара жатат. Тагыраагы, арабызда учурда депутат болуп турганда өз аймактарында шаардыктардын бир топ маселесин чече алгандары да бар. Алар мындан арыда өз аймактарындагы шайлоочулардын кызыкчылыктарын шаардык кеңеште коргоого даяр. «Эмгек» партиясынын катарында өз тармагында ийгиликке жеткен жана элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө даяр тажрыйбалуу жетекчилер бар. Ошондой эле шайлоо аттанган талапкерлердин басымдуу бөлүгү жаштар. Алардын амбициялары күчтүү жаңы идеяларга бай. Демек, биздин партиябыздын талапкерлери күчкө толуп турган, өзүнүн келечегин Бишкек шаарына байлап, өнүккөн, гүлдөгөн шаарды курууну эңсеген адамдар десем жаңылышпайм.

- Борбор калаанын кайсы көйгөйү сизди ойлондурат?

- Актуалдуу делгендерден шаарды каптаган кара түтүн ойлондурат. Биздин партия бул маселени чечүүгө даяр.

- Кара түтүн деп калдыңыз, айтсаңыз, аталган маселени кантип чечүүгө болот деп ойлойсуз?

- Менин байкоом боюнча кара түтүн шаарды кышындагы үйгө от жагуу мезгилинде гана каптайт. Ал эми жайкысын таза. Айрымдар кара түтүндү ЖЭБден көрсө, кээ бирлери шаардык таштандыдан көрүп келет. Ал эми маселе аларда гана эмес. Борбор калааны айланта көптөгөн калктуу конуштар жайгашкан. Алардын инженердик инфраструктурасы жок, үйлөр көбүнчө көмүр менен жылытылып, кээ бир учурларда резина да жагылат. Менин оюмча аларды газдаштыруу зарыл. Ошондо гана балким, борбор калаанын абасы тазарат. Ошондой эле биз эгер шаардык кеңешке келсек, “Ышсыз Бишкек” программасын кабыл алабыз.

- Эгерде мандатка ээ болуп калсаңыз негизи экологиялык коопсуздукка көңүл бурасызбы?

- Албетте! Биринчи кезекте экологиялык коопсуздукка көңүл бурабыз. Ошондуктан биздин партиянын программабызда экологиялык коопсуздукка абдан жакшы көңүл бурулган. Максатыбыз баш калаанын абасын жакшыртуу. Мына ошондуктан жогоруда айтып өткөндөй эле «Ышсыз Бишкек» программасын кабыл алабыз. Айлана-чөйрөнүн өндүрүш тармагынан булгануусун төмөндөтүп, жашыл экономикага өтүүнү жана энергиянын жаңыланып туруучу булактарын колдонууну баштайбыз. Тактап айтканда, биз шамал менен күн энергиясын өнүктүрөбүз. Мэриянын алдында Экологиялык эксперттик кеңеш түзөбүз. Андан сырткары борбордун абасынын булгануусуна каршы күрөшүүгө активдүү жарандарды жана коомдук уюмдарды тарталы деп жатабыз. Кыскача айтканда, биз экологияга зыян келтирбей тургандай шаар турмушун куруп берүүнү көздөдүк. Муну менен катар «Эмгек» партиясынын программасында мончолорго унаалардын дөңгөлөктөрүн, тигүүчү цехтерден чыккан ар кандай калдыктарды жагып жаткан тараптарга да көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледик. Ошондой эле электр кыймылдаткычы менен жүргөн унаалар үчүн инфраструктура түзүү, электромобилдерди сатып алуу үчүн жеңилдиктерди берүү зарыл.

Партиябыздын программасында таштандыларды сорттоо ишин киргизүү каралган. Башкача айтканда, Бишкектин полигонго ташылуучу турмуш-тиричилик калдыктарынын санын кыскарталы деп жатабыз. Себеп акыр-чикир айлана-чөйрөгө, жаратылышка чоң зыян келтирип, анын кесепетинен аба булганууда. Ошондуктан биз таштандыларды ылгоо ишин киргизип, кайра иштетүүгө шарттарды түзөбүз. Бул өз кезегинде оң натыйжа берет деп ишенем.

- Кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз, кааларыбыз алдыга коюлган ой-максаттарыңыздын баары орундалсын.

- Чоң рахмат. Сизге да бекем ден соолук, узун өмүр жана ишиңизге ийгилик каалайм.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!

11-июлда Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Ар бирибиз шайлоого катышып, шаардык кеңештин 4 жылга шайлайбыз. Биз жөн гана депутаттарды шайлап гана койбостон, борбор калаабыздын келечегин тандайбыз. Мындан улам мен силерди туура тандоо жасап, тажрыйбалуу адистердин башын бириктирген, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштей турган, туура максаттарды коюп, бардык күч-аракетти жумшаган партияга добуш берүүгө чакырам. Себеп, алдыбызда оор убакыт келе жатат. Пандемиянын 3 толкуну болууда. Учурда борбор калаада кырдаал оор. Ошондуктан шайлоодон кийин үйрөнүүгө убакыт жок. Биринчи күндөн баштап, шаарда түзүлгөн көйгөйлөрдү чечиш керек жана бюджетти кайра калыбына келтирүү планын иштеп аны аткаруу керек. Биз, тажрыйбалуу жаратмандар, өндүрүшчүлөр, саясий ишмерлер ал планды талдай алабыз, сынай алабыз жана бекитилген пландын аткаруусун талап кыла алабыз. Анткени «Эмгек» партиясы элдин кызыкчылыгын баарынан жогору коёт жана биздин катарда шаарыбызга позитивдүү өзгөрүүлөрдү алып келе турган, келечекте эл үчүн татыктуу таяныч боло турган жаштар бар. Башкача айтканда, биз өлкөнүн күчтүү кадрларды бир командага топтоло алдык. Биздин партияга добуш бергендер туура тандоо кылат деп жоопкерчилик менен айта алам. Биз программабыздын максаттарын жана милдеттерин толук ишке ашыра алабыз. Ошондуктан сиздер эгерде Бишкектин эртеңки келечегине кайдыгер карабай, «Эмгек» партиясына добушуңуздарды берсеңиздер, сиздердин үмүттү актайбыз.

БШК шайлоосун кайталап шайлоо 11 июлга белгиленген. Шайлоо бюллетенинде «Эмгек» партиясы 4 деген номер менен катталган.

Исполнитель: ОсОО «АКИ Кыргызстан»; адрес: г. Бишкек, ул. Московская, 189
Заказчик: ПП «Эмгек»
Тираж: 1
Изготовлено: «8» июля 2021 года.
Оплачено из избирательного фонда политической партии «Эмгек партиясы» уполномоченным представителем по финансовым вопросам М.Омуралиевой (рег. уд. №22 от 5 июня 2021 г. БТИК)

А ты подписан на наш Инстаграм-канал @akipress?

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти