Закрыть

Төрөгелди Узакбаев: «Эмгек» партиясы Бишкектин жүгүн өз мойнуна алат

13:29, 2 июля 20212701

Бишкек (АКИpress) – «Эмгек» саясий партиясы Бишкек шаардык кеңеши үчүн ат салышууда. Партия шайлоо алдында чарбалык дагы, социалдык дагы маселелерди камтыган мыкты жана мазмундуу программасы менен иш алып барууда. «Эмгек» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Төрөгелди Узакбаев алдына койгон максаттары жана саясий уюмдун экологиялык жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча пландары жөнүндө айтып берди.

Буга чейин шаардык кеңештерге өткөн шайлоолордо белгилүү болгондой, айрым жерлерде жыйынтыктар жокко чыгарылды. Эми кайрадан шайлоо 11-июлга дайындалды.

«30 жаштамын. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө жана элибиздин жашоо турмушун жакшыртууга өз салымымды кошсом деген аруу тилек, жакшы ой менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлигимди кайрадан коюп жатам. Бул шайлоодо партиялар өткөндөн өрнөк алып, кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп, таза шайлоо өтөт деп ишенем. Анткени биз жазда өткөн шайлоодо БШКнын мыйзамдарына баш ийип, таза, мыйзам чегинде иштедик деп сиздерди ишендирип кете алам. Ошондуктан «Эмгек» партиясы өткөн жергиликтүү шайлоодо 11 шаарда катышып, анын тогузунда жеңишке жеткенбиз. Айрыкча, Бишкек жана Токмок шаарларында биринчиликти багындырууга жетишкенбизди шайлоочулар жакшы билет. Мына азыр да «Биз жеңгенбиз. Биз жеңебиз» деген ураандын астында кайрадан шайлоого бара жатабыз», - деди ал.

Анын айтуусу боюнча, ак эмгектен баар тапкан адам ийгиликти имерет. Ошондуктан өткөн шайлоодо «Эмгек» партиясы өлкө боюнча, анын ичинде борбор калаада элдин чоң колдоосуна ээ боло алды.

«Биздин партия эмгекчилердин, өндүрүшчүлөрдүн жана жаратмандардын партиясы. Биздин саясий уюмдун мүчөлөрү өз эмгеги менен жүздөгөн ишканаларды жана он миңдеген жумуш орундарды түзгөн жана түзө бермекчи.

Ушул жерден өзгөчө бир нерсени белгилей кетейин, кыргыздын чыгаан, тажрыйбалуу, кесипкөй уул-кыздары бир муштумдай түйүлүп, бир туунун астында шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер катары шайлоого бара жатышат. Алардын ичинде шайлоо алдында эле пайда болуп, 4 жыл жок болуп кетпеген буга чейин шайлоочулары менен тыгыз иштешип келген. Шаардык кеңештин бир нече чакырылышынын депутаттары, шаардын системасын жакшы түшүнгөн акимдер, ар кандай тармактарда жетекчик кызматтарды аркалаган инсандар катарыбызда бар. Ошондой эле шайлоого аттанган талапкерлердин басымдуу бөлүгү жаш муун жана жүзү жарык, келечеги бар адамдар. Алар шаардык кеңешке келсе эмне иш кылаарын так билет жана анын натыйжасын көрө билген, билимдүү, креативдүү жаштар. Демек, биздин партиябыздын талапкерлери күчкө толуп турган, өзүнүн келечегин Бишкек шаарына байлап, өнүккөн, гүлдөгөн шаарды курууну эңсеген адамдар десем жаңылышпайм. Ошондуктан буга чейин биздин партияны колдоп келген бишкектиктер бул жолку шайлоодо да колдоп берет деген чоң ишеничим бар. Партиялаштарымдын бир жакшы жери, каралоо, көрө албастык, бут тосуу дегендрден бийик туруп жана теңелбегенинде. Бул да биздин жеңишибиз. Ар бир нерсеге «эл сынчы, эл тараза» деп ойлойм.

Ошондой эле биз шаардык кеңешке келсек, партиябыздын программасын толук ишке ашырабыз. Буюрса, биздин партия Бишкек шаарыбыздын моюнундагы жүктү өзүнө алууга даяр», - деди БКШга талапкер Узакбаев.

Анын айтымана караганда, «Эмгек» партиясынын программасынын бир пункту экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. Анткени Бишкек шаары бир убакта СССРдин эң жашыл шаарларынын бири деп эсептелген. Азыр баш калаа абасы булганган дүйнөдөгү шаарлардын катарына кирип, жашыл аймактардын же парктардын аянты алда канча кыскарган.

«Биз жана балдарыбыз кайсыл убакка чейин ыш баскан, жолдору тыгын, коопсуз жана ыңгайсыз шаарда жашай беришибиз керек. Бишкекти заманбап, ыңгайлуу жана жашыл шаарга айландырууга убакыт келди. Мен айтып жаткан маселелерди чечүү жолдору биздин «Эмгек» партиясынын программасында камтылган. Мисалы: биз бишкектиктердин ыңгайлуулугу үчүн 100 чакырым веложол, 200 чакырым жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жол курууну сунуштап жатабыз. Бул жөн гана жөө адамдар жүрүүчү көчө эмес, бул шаардыктардын жана коноктордун эс алуусу, чыгармачылык менен алектенүүсү жана туризм үчүн баардык шарттар түзүлгөн аймак болот.

Андан тышкары ар бир кварталга чакан эс алуучу жайларды түзөбүз. Себеп калктуу конуштарда кичи парктар жана скверлер жокко эсе. Буга байланыштуу шаарды жашылдандырып, эс алуу бактарынын аянтын көбөйтүү боюнча пландарыбыз бар», - дейт ал.

Муну менен катар «Эмгек» партиясынын планы боюнча шаардыктардын коопсуздугу үчүн калаа боюнча миңдеген видеобайкоочу камера орнотуу мерчемделүүдө.

«Бул кадамыбыз менен кылмыштуулуктун алдын алууга болот. Биз эгер максаттарыбызды ишке ашырсак, борбордо тартип орноп, эл өзүн коопсуз сезип калат. Ошондой эле жарандарга ыңгайлуу, экологиялык жактан таза коомдук транспорттун түрүн жеткиликтүү камсыз кылалы деп жатабыз. Бул өз кезегинде Бишкектин абасынын булгануусун алдын алууга да жакшы өбөлгө болмок. Башкача айтканда, шаар турмушун экологияга зыян келтирбеген абалга алып келебиз. Мисалы, дизель жана бензин менен жүрүүчү унааларды пропагандалоодон баш тартып, электромобилдерди колдонууга өтүү боюнча шарттады түзүү мерчемделди», - деп кошумчалады Узакпаев.

«Биз бирге иштесек, максатарыбызга жетебиз. «Эмгек» партиясы шайлоодо алдыга чыгып, шаардыктар менен бирге бардык максаттарга бирге жетээрибизге терең ишенем», - деди талапкер.

Төрөгелди Узакбаев:

1991-жылдын 22-октябрында Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында туулуп, Бишкек шаарында өскөн.

Эки жогорку билими бар. Биринчи кесиби боюнча бухгалтердик эсептөө, экинчи кесиби милиция кызматкери.

Үй-бүлөлүү. Бир уулдун атасы.

Исполнитель: ОсОО «АКИ Кыргызстан»; адрес: г. Бишкек, ул. Московская, 189

Заказчик: ПП «Эмгек»

Тираж: 1

Изготовлено: «2» июля 2021 года.

Оплачено из избирательного фонда политической партии «Эмгек партиясы» уполномоченным представителем по финансовым вопросам М.Омуралиевой (рег. уд. №22 от 5 июня 2021 г. БТИК)

Криминал и происшествия в Кыргызстане – в нашем Телеграм-канале @svodka_akipress

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

Самое читаемое за сегодня и вчера
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти