Закрыть

Чыныгы полковник. Мадияр Кулуев шайлоо, «Эмгек» партиясы жана милиция кызматындагы маселелер жөнүндө маек куруп берди

15:01, 30 июня 20213000

Бишкек (АКИpress)Мадияр Кулуев – белгилүү милиционер, полковник. Буга чейин борбор калаанын Ленин райондук ички башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген. Жалпысынан алганда ал өмүрүнүн 36 жылын аталган кызматка арнаган. Ошондой эле аталган тармактын күңгөй-тескей маселелерин жакшы билгендиктен, аларды башка өңүттөн, башкача айтканда БШКга депутат болуп келүү менен чечсем дейт. Ал 11-июлда өтө турган шайлоого «Эмгек» партиясы тарабынан аттанууда.

Мадияр Кулуев бизге берген маегинде борбор калаага жетишпей жаткан милиция кызматкерлеринин санын, алдыда боло турган шайлоодо эмнеге «Эмгек» партиясы үчүн добуш берүү керек экендигин айтып берди.

Ал советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. КМУУнун юридикалык факультетин сырттан окуп бүтүргөн. КР ИИМнин Дипломатиялык академиясын аяктаган.

- Сизди Бишкек шаарынын кайсы маселелери тынчсыздандырат?

- Өзүм Ала-Бука районунда төрөлүп, 1986-жылы бул жака келгем. Мага эң эле жаккан жагы шаарда билимдүү, интеллигенттүү жана маданияттуу адамдар басымдуулук кылчу. Эч ким көчөгө тамекинин калдыгын таштачу эмес. Түкүрчү эмес. Бардык тарап жапжашыл, көрктүү жана таза болчу. Ал эми бүгүнкү күндө болсо шаарыбыз бир чоң айылга эле айланып калды. Айлана тарбиясыз адамдарга толо жана абдан кир. Идеология деген жок.

Бул жагдайды түзөө үчүн элиме жана шаарыма кызмат кылгым келет. Милиция кызматкерлерине жардам керек. Алардын көйгөйү да аз эмес болгондуктан, алдыдагы шайлоого катышып жатам.

- «Эмгек» партиясына кантип келип калдыңыз?

- Биринчиден, анын аты кызыктырды. Эмгек деген бул эмгектенүү. Жашым 55те. Өмүрүмдүн жемиштүү жылдарын эмгектенүүгө арнадым. Министрлер мени үч жолу жумуштан мыйзамсыз алышты. Ар бир жолкусунда соттон жеңип ордума келип аттым. Эмгегим менен өзүмдүн кесиптик деңгээлимди далилдедим.

Төрт балам бар. Кичүү уулум Орусияда ар кандай иштерде иштеп жүрөт. Калгандары бул жакта. Кыргызстандагы жаштар өз мекенинде кыйынчылыксыз жумушка орношо алса деп кыялданам. Ал үчүн жакшы алгылыктуу орундарын түзүү берүү керек. «Эмгек» партиясынчалык эч ким жумуш орундарын түзө элек. Алар жүздөгөн ишканаларды түптөдү. Аны андан ары да улантууга даяр. Социалдык долбоорлорду жана билим берүү тармагын колдоп келишет.

Андан сырткары мага «Эмгек» партиясынын шайлоо алдындагы программасы жакты. Анын бир пункту мисалы укук бузууларды түзөтүүгө арналган экен. Бардыгы жөнөкөй тил менен жазылган. Маселелер жана алардын чечүү жолдору көрсөтүлгөн.

- Бишкек шаарында милиция кызматкерлери жетиштүүбү?

- Милицияга 60тан участкалык инспектор жана тергөөчү кошуу абзел. Норма боюнча бир участкалык инспектор миңден ашуун эмес адамды тейлеши керек. Ал эми алардын кээ бирлерине 5тен 10 миңге чейинки адамдарга кызмат көрсөтүүгө туура келет. Ар бир тергөөчү бир эле учурда 500-600 иштин үстүнөн иштейт. Алардын жүгү абдан оор.

Милиция кызматкерлери күнү-түнү иштешет. Дем алыш, майрам деген аларда жок. Анча көп эмес айлык акысынан башка каражат төлөнбөйт. Стимул жок! Жеңилдиктер каралган эмес. Көбүндө турак-жай маселеси бар. Керек болсо форма менен дагы толук түрдө камсыз болушпайт. Бишкек шаарында болжол менен 300дөй участкалык инспектор бар. Алардын бирөөсүнүн дагы кызматтык унаасы жок. Тергөөчүлөрдө да ошол эле көрүнүш.

- «Коопсуз шаар» доолбору жөнүндө эмне айта аласыз?

- Негизинен алганда ал жакшы эле. Биздин шаар үчүн керектүү. Бирок, анын ишке ашуусу аксап жатат. Түшкөн айып пулдардан кайсы структура канча каражат алып жатканы түшүнүксүз. Маалыматтар жарым-жартылай жашырылган. Долбоорго ачык-айкындуулук жетишпейт. Андан сырткары айып пулдар да өтө жогору. Кээ бир эреже бузуулар үчүн 3-5 миң сом каралган. Биздин жакыр жашаган элибиз үчүн бул аябай көп. Аларды төмөндөтүү керек.

- БШК депутаты болуп туруп жогоруда аталган маселелерди канчалык деңгээлде ишке ашырууга мүмкүн деп ойлойсуз?

- Алардын бир бөлүгү Министрлер кабинети менен Жогорку Кеңештин компетенциясына кирет. Милиция кызматкерлеринин ишин жакшыртуу үчүн БШКдагы мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу түрдө колдонгонго аракет кылам. Эч бир жеринен куру калбашы керек. Белгилүү аскер башчы айткандай: «Өз аскерин бага албаган эл, башка бирөөнүн аскерин багат».

Жашоомдо терс иштер менен алектенип көргөн эмесмин. 11-июлда шайлоонун таза өтүшүн жана БШКга «Эмгек» партиясынын өкүлдөрү көбүрөөк келишин каалайм. Талапкерлердин бир бөлүгү буга чейин шаардык кеңеште иштешкен. Кесиптик жана жашоодогу тажрыйбалары бар. Андан сырткары тизмебизде кызыктуу идеялары бар жаштар дагы жок эмес. Биргеликте шаарыбызды ирээтке келтиребиз.

«Эмгек» саясий партиясынын финансылык маселелер баюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Исполнитель: ОсОО «АКИ Кыргызстан»; адрес: г. Бишкек, ул. Московская, 189
Заказчик: ПП «Эмгек»
Тираж: 1
Изготовлено: «30» июня 2021 года.
Оплачено из избирательного фонда политической партии «Эмгек партиясы» уполномоченным представителем по финансовым вопросам М.Омуралиевой (рег. уд. №22 от 5 июня 2021 г. БТИК)

Криминал и происшествия в Кыргызстане – в нашем Телеграм-канале @svodka_akipress

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти