Закрыть

«Ынтымак» инновациялык чечимдер партиясы №24: Чын жүрөктөн добуш бериңиздер!

Бишкек (АКИpress) – Урматтуу шайлоочулар, урматтуу Бишкектиктер! Шайлоо алдындагы үгүт иштери бир айдан бери жүрүп, бүгүн аягына чыгып отурат. Сиздер Бишкек шаардык кеңешинде өтө турган саясий партияларды аныктай турган маанилүү кадамды жасашыңар керек. Сиздердин тандооңуз менен келген шаардык кеңештин депутаттык жаңы курамы шаарыбыз жана шаарыбыздагы жашообуз кайсы багытта өзгөрөрүн аныктайт.

Бүгүнкү күндө Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн башаламан жана мыйзамсыз курулушу, сапаттуу жолдордун жана тротуарлардын жоктугу, жашыл аянтчалардын кыйылышы, түтүн маселеси сыяктуу көптөгөн көйгөйлөр бар. «Ынтымак» саясий партиясы чындап каалоо жана туура мамиле болсо, ушул көйгөйлөрдүн бардыгын чечүүгө болооруна ишенет.

Учурда «Ынтымак» партиясы күчтүү лидерлерди, тажрыйбалуу муниципалдык кызматкерлерди, жаш ишкерлерди жана келечектүү активисттердин башын бириктирип алар менен шаардык кеңештин шайлоосуна барууну чечти. Урматтуу шайлоочулар сиздер бизге гана добуш беришиңиз керек. Ошондо гана баарыбыз Кыргызстандын таза, өнүккөн жана коопсуз заманбап борборунда, жашап, иштейбиз деген үмүт жаралат.

«Ынтымак» инновациялык чечимдердин партиясы гана эмес, жаңы партия экендигин белгилей кетүү керек. Биздин талапкерлердин жүрөктөрү шаардыктардын жүрөгү менен бирге согуп, алар менен бир багытка кадам таштоого даяр. Биздин инновациялык идеялар сиздер менен гана ишке ашат.

Достор, бишкектиктер №24 «Ынтымак» саясий партиясын жана анын талапкерлерин тандаңыз. Партиянын программасында айтылган пландарды жана идеяларды биз сиздер менен бирге ишке ашыра алабыз.

Өзгөрүүлөр бизден башталат!

Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189

Буюртмачы: «Ынтымак» саясий партиясы

Нускасы: 1

Даярдалды: 2021-жылдын 10-апрели

«Ынтымак» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бектенова Ж.Д. буюртмасы менен «Ынтымак» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №28, 19.02.2021, БАШК).

Криминал и происшествия у нас в Инстаграме @svodka.akipress

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти