Закрыть

Мурас-Ордо конушунун тургундары «Ынтымак» партиясына ишеним көрсөтүштү

Бишкек (АКИpress) – «Ынтымак» партиясынын Бишкек шаардык кеңешине талапкерлери күн сайын шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. Ошондой жолугушуулардын бири Мурас-Ордо конушунда да болуп өттү.

Мурас-Ордо конушунун тургундары «Ынтымак» партиясынын талапкери Мийзамидин Калыковду жылуу тосуп алышты.

Бишкек шаардык кеңешинин учурдагы депутаты менен болгон жолугушууда жергиликтүү тургундар Калыков жасаган бардык жумуштарды белгилешип ыраазычылыктарын билдиришти.

Жаңы конуштардын жашоочулары белгилегендей, 2016-жылдан бери Мийзамидин Калыков жаңы конуштарды жакшыртуу маселелерине активдүү катышып, шаардык кеңештин депутаты катары, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарын жакшыртуу маселелерин талыкпай чечип берип жүрөт. Ошондой эле ал калк менен тыгыз байланышта болуп иш алып барууда. Анын демилгеси менен аталган жаңы конуштарда заманбап балдар спорт аянтчалары курулуп, светофорлор, тротуарлар орнотулуп, ФАПтарга дары-дармектер, мектептердеги китепканаларга компьютерлер сатылып алынып, суу менен камсыздоо системасы жаңыланган. Мындан сырткары анын жардамы менен көптөгөн жылдардан бери чечилбей келе жаткан талаштуу жер маселелери чечилген.

Шайлоочулар алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо М.Калыков өзүнүн жетекчилиги астында башталган иштердин бардыгын аягына чыгарына ишеним көрсөтүшүп, шайлоодо «Ынтымак» партиясын колдоошоорун айтышты.

Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189

Буюртмачы: «Ынтымак» саясий партиясы

Нускасы: 1

Даярдалды: 2021-жылдын 6-апрели

«Ынтымак» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бектенова Ж.Д. буюртмасы менен «Ынтымак» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №28, 19.02.2021, БАШК).

Криминал и происшествия у нас в Инстаграме @svodka.akipress

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти