Закрыть

Садыр Жапаров жана жаштар үчүн социалдык тепкичтер

Бишкек (АКИpress) – Кыргызстандагы көйгөйлөр ушунчалык чогулуп кеткендиктен, Садыр Жапаров шайлоочулардын суроолоруна жооп бергенге үлгүрбөй калууда. Негизи, эгемендүүлүктүн 30 жылы ичинде бийлик бул көйгөйлөрдүн, жок дегенде, жарымын чечип коюуга тийиш болчу. Бирок карапайым эл тээ башаламан түшкөн 90-жылдары кандай жашаса, азыр деле жыргап кеткен жери жок.

Жашоо жеңилдесе, бир аз гана жеңилдегендир. Дүкөндөрдөгү жайнаган товарлар менен көчөлөрдөгү джиптер эч нерсени билдирбейт – алар биздин сиңирген эмгегибиз эмес. Биз башкалардын экономикасын колдоо менен мунун баарына төлөп жатабыз, мамлекеттик карызыбыз болсо көбөйгөндөн көбөйүүдө. Маселе бышып жетилди. Чара кабыл ала турган убакыт келди. Баягыдай насыя алып, айыл чарбасын, орто жана чакан бизнести колдоого алабыз деген эски жол эми жарабай калды.

Мынчалык масштабдагы жана тездиктеги дүйнөлүк экономиканын кургуйга кулашы эзели болгон эмес. Экономисттердин айтымында, келе жаткан кризис 20-кылымдын тээ 30-жылдарындагы Улуу депрессиядан да ашып түшмөкчү.

Айрым аналитиктер кырдаалдан чыгуунун мүмкүн болгон бир жолу катары билим экономикасын өнүктүрүү зарылдыгын айтышууда. Бул деги эмне?

Билим экономикасы — негизги факторлору болуп билим жана адам капиталы саналган экономика. Анын маңызы жогорку технологиялар, инновациялар жана жогорку сапаттагы тейлөө билимин өндүрүүдө. Билим экономикасы, мисалы, АКШда же Японияда жарым-жартылай курулган. Японияда пайдалуу кендер деген таптакыр жок. Ал бүткүл чийки затты ташып келет, бирок бул өлкөгө технологиялык лидердин катарында болууга эч бир тоскоолдук жаратпайт. АКШда болсо, смартфондорду дээрлик чыгарышпайт, Штаттар технологияларга ээлик кылышат жана кирешенин
басымдуу бөлүгүн укуктарды соодалоо аркылуу алышат.

Мына ушундай кеңири талкуудан соң кайрадан жерге түшүп, Кыргызстанга кайтып келели. Бул жерде Садыр Жапаровдун эмне тиешеси бар? Тиешеси мында — ал өзүнүн саясий платформасында жана чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө бир нече жолу билим экономикасы туурасында айтып кетти. Бул бекеринен эмес. Мындай идеялар кокус жерден айтылбайт. Айтыш үчүн ал эмне экенин билүү керек.

Илим, билим берүү системасын реформалоо жана биздин элдин интеллектуалдык потенциалынын бай экени туурасындагы айтылып жаткан сөздөрдөн келечектеги өзгөрүүлөрдүн картинасын кураштырып көрүүгө болот. Бул биринчи кезектеги же экинчи даражадагы маанилүү кадам эмес.

Буга убакыт керек. Адегенде мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү зарыл. Ошондо жаштарда социалдык тепкичти колдонууга мүмкүнчүлүк жаралат. Эгерде сен профессионал жана чынчыл адам болсоң, эч кандай акчасы же байланыштары жок эле мамлекеттик кызматтарга орношууга болот. Же сен кандайдыр бир жаңы технологияларды өндүрүүнүн жолун
билсең же керектүү тейлөөнү ойлоп тапсаң, анда өзүңдүн бизнесиңди ачсаң
да болот.

Билим экономикасы – бул биринчи кезекте жеке мүмкүнчүлүктөрдү толук ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү. Бул азыркы улам кайра сатып алуудан гана турган керектөө экономикасынан өзгөчөлөнүп турат. Мындай жолдон кутулуунун амалы катары кенедей жабышкан насыя бермейлер, көзгө көрүнгүс акчаларды же базалык кирешени сунушташууда. Бирок билим экономикасы улам барган сайын бизнестин жана тейлөөнүн басымдуу чөйрөсүн ээлөөдө. Бул дүйнө боюнча алганда миллиондогон адамдар.

Учурда Кыргызстанда үйдө отуруп алып эле чет элдик фирмаларга иштеп, жакшы акча таап жаткан жаштар арбын. Бул негизинен IT-тармагы. Буга баары эле жетише бербейт. Бирок билимдин жардамы менен ар кандай тармакта: айыл чарбасынан тартып коомдук тамактанууга чейинки чөйрөдө жакшы киреше тапса болот. Болгону товарлардын жана тейлөөнүн рыногу бар экенин унутпоо керек. Эгерде божомолдоолорго ишенсек, Кыргызстан кире турган валюталык аймак – бул келечекте башка мүчөлөр менен толукталышы мүмкүн болгон ЕАЭБ аймагы. Азыр КМШ мамлекеттеринин, Түркиянын алтургай, Ирандын да кириши ыктымал экени айтылууда. Муну убакыт көрсөтөт деңизчи, бирок, кандай болгон күндө да, бул Кыргызстандын жаштары жана бизнесмендери өзүлөрүнүн билимин колдоно турган ири рынок түзүлөт.

Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189.
Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Нускасы: 1. Даярдалды: 4-январь 2021-жыл.
Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

За последними событиями следите через нашу страницу в Фейсбуке

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти