Закрыть

Садыр Жапаров: Кубаттуу өлкөнү биргелешип гана курууга болот

Бишкек (АКИpress) – Биз кура турган мамлекеттин базалык принциптери – заманбап светтик, экономикалык жактын бакубат, укуктук, адилеттүү, этикалык баалуулуктарга негизделген, Кыргызстандын көп улуттуу элинин жашоосуна ыңгайлуу болушу.

Кубаттуу өлкөнү биргелешип гана курууга болот!

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун «Келечекке кызмат» платформасында ушундайча айтылган.

Биздин өлкөнүн жарандары ар кандай этникалык тамырлардан болушу мүмкүн, бирок биздин баарыбызды Кыргызстанга болгон сүйүү жана ал үчүн жоопкерчилик, анын көөнө тарыхын билүү жана урматтоо, анын келечегине ишенүү бириктирип турат.

Садыр Жапаров биздин биримдигибизди чайпалтууга аракеттер болуп жатканын билдирди. Мындай аракеттер сырттан болуп жатканы жашыруун сыр эмес. Бүгүн кимдир бирөөлөр кыргызстандык өзбектерди, эртең орустарды же дунгандарды коркуткусу келет, арабызга жик салып коркууну жана ишенбөөчүлүктү жараткысы келет.

Мен: кыргызстандыктар, эч нерседен коркпогула дегим келет!

Эгерде өзүбуз чагымчылдыкка алдырбасак, биздин өлкөнү аймактык же тил таандыгына карата бөлүп -жарууга аракеттер ордунан чыкпайт деп белгилейт Садыр Жапаров. Биримдик гана биздин улуттук, маданий таандуулугубузду сактап калууга мүмкүнчүлүк берет. Биз биримдикте болсок – биз жеңилбейбиз. Биз баарыбыз кыргызстандыктарбыз, эң маанилүүсү ушул!

Мамлекеттик жана расмий тил

Кырыгызстанда орус тили өзүнүн расмий макамын сактап калышы керек. Бул улуттар аралык карым-катнаштын тили. Мындан тышкары, орус тили БУУнун трибунасында колдонула турган алты тилдин бири. Евразиялык мамлекеттер менен болгон алакада да орус тилисиз байланыша албайбыз.

Кыргыз тили бьолсо – мамлекеттик тил. Бул жөн гана тил эмес, бул мамлекеттик атрибут. Бул биздин тарыхыбызды, маданиятыбызды чагылдырган тил, бул биздин мурасыбыз.

Кыргызстандын бардык жарандары мамлекеттик тилди билүүгө тийиш.

Мамлекет жана дин

Кыргызстана дүйнөбий мамлекет болгон жана ушул боюнча кала берет. Кыргызстандын элинин көп улуттуу жана көп конфессиялуу экендиги эске алынууга тийиш. Диний институттар менен тыгыз иш алып баруубуз керек.

«Тилекке каршы, мунун баары азыр назардан сыртта калып калган. Мисалы бизди канча майда диний мекемелер бар экенин эч ким билебейт деле. Ал жакта кандай идеологияга сыйынып жатышканын ким билсин! Мамлекет тарабынан көзөмөл жана кызматташтык болушу керек. Бул эч бир кысымга алуусуз, бирок мыйзамды бекем сактоо менен болууга тийиш», - дейт президентикке талапкер.

Садыр Жапаров мектептерге өсуп келаткан муундарга дин жана адеп негиздери боюнча сабактарды киргизип, аларды жогорку билимдүү адистер жүргүзүүсү керек деп эсептейт. Ошондо мектепти аяктап чыгып бараткан бүтүрүүчүлөр дүйнөлүк диний маданияттар туурасында түшүнүгү болот жана өзүлөрүн көп улуттуу жана көп диндүү чөйрөдө оз ара урматтоонун негизинде алып жүрө алат.

Саясий ымалага келишүү

«Биздин саясий көз каршыбыз ар кандай болушу мүмкүн, бирок максатыбыз бир гана: ал биздин өлкө Кыргызстандын жаркын келечегин камсыз кылуу. Биз үчүн мамлекетибиздин жана элибиздин тагдыры баарынан жогору болууга тийиш. Өлкөдө тынчтык, элдин биримдиги жана биздин коомдун коопсузуду болсо, баарынан маанилүүсү ошол», - деген ишенимин билдирет Садыр Жапаров.

Ал Кыргызстанда көп жылдардан бери саясий көз караштар үчүн куугунтуктоолор орун алып келгенин, бул азыр да уланып жатканын белгилейт. Ошондуктан Садыр Жапаров баарын ак барактан кайра баштап, сайсий ымалага келишүүгө чакырууда.

Жапаров саясатчыларды Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин тарапташтары деп эч качан бөлбөө керек көп жолу айткан. Садыр Жапаровдун эшиги баарына ачык. Аны колдогон саясатчыларга Жапаров кызмат берүүнү убада кылбайт.

«Биш ошондо гана биримдикке келип, алдыга жылабыз. Тирешүүлөргө чекит коюу керек. Бардык саясий доомат тарынычтарды жоготмоюнча, биз алдыга жыла албайбыз», - деди Садыр Жапаров.

Биз тирешүүлөрдү жоёбуз!

Урматтуу кыргызстандыктар! Мекендештер! Биз чоң өзгөрүүлөрдүн босогосунда турабыз. Бул өзгөртүүлөрдү Мекенибизге кызмат кылууга багыттоо өзүбүздүн колубузда! Бирок бул үчүн Элге, Мекенге, Келечекке ак кызмат кылуу керек!

Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189.
Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Нускасы: 1. Даярдалды: 24-декабрь 2020-жыл.
Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

За последними событиями следите через наш Твиттер @akipress

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

Самое читаемое за сегодня и вчера
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти