Закрыть

Садыр Жапаров. Жалпы элдик колдоонун жаңырыгы

Бишкек (АКИpress) – Садыр Жапаровдун үгүт кербенинин 2-күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунда уланды. Кычыраган кыштын суугуна карабай элдик лидер Садыр Жапаровго жолугуп, сөзүн угуп, өзүн көргөнү миңдеген эл чогулуп жатты. Баса белгилей кетүүчү жагдай, элдик талапкер Садыр Жапаровго жолугуу үчүн эл өз каалоосу, чын жүрөгү менен келип жатышты. Илгеркидей бюджеттегилерди кыйнап чогултуп келмей терс көрүнүш болбогону – Кыргызстан чындап өзгөрүүгө, жаңыланууга бет алганынан кабар берип турат. Биздеги саясатта жүргөндөрдүн бири дагы Садыр Жапаровдукундай жалпы элдик колдоого ээ болгон эмес.

Бүгүн жалпы элдин тандоосу – Жапаров экендиги эмитеден эле ачыкталып, баарына белгилүү болуп калды. 16-декабарь күнү эртең менен токтогулдук, түштөн кийин аксылык, чаткалдык, ала-букалык шайлоочулар Садыр Жапаровду адаттагыдай эле туш-туштан кубаттап, дүркүрөтө кол чаап, жарык маанайда тосуп жатышты. Токтогулдагы жолугушууда эл өтө көп суроолорун, каалоо-тилектерин айтышты. Мурдагы чиновник Тайырбек Сарпашев мыйзамсыз ээлеп алган 500 гектар жайыт жана сугат жерлердин Токтогул районунун ээлигине кайтаралышына кубанганын жашырбай Садыр Жапаровго рахматын айтышты. Ошондой эле Токтогулда айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишкананын жана цемент заводунун курулушу боюнча Өкмөттүн планы бар экенин кубануу менен кабыл алышты. Берилген суроолордун айрым орчундууларын ортого салсак.

«Жетим-Тоону» 100 пайыз өзүбүз иштетебиз!»

– Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Ишенбай Кадырбеков сизди «Жетим-Тоо» кенин кытайларга берип салды» - деп жатат, ошол чынбы?

– Бул карандай калп. «Жетим-Тоодо» 10же 30 жылга эмес, 500 жылга жете тургандай кен байлык бар. «Жетим-Тоо» Кыргызстандын байлыгы. Анын бир пайызын дагы эч кимге бербестен, өз күчүбүз менен иштетсек болот. Буга көп акылдын, көп каражаттын кереги жок. Кудай буйруп, президент болуп калсам, аны иш жүзүндө сиздерге көргөзөбүз. «Жетим- Тоо» долбоору бизди экономикалык саздан сууруп чыга турган чоң долбоор. Бул боюнча иш башталган. Мен премьер-министр болгон күндөн баштап «Жетим-Тоонун» үстүндө иш алып баруу боюнча тапшырма бергем. Учурда аракеттер көрүлүп жатат. Буйруса жаңы мамлекеттик ишкана ачылат. Анын жетекчилигине Темир Сариевди сунуштагам. Ал азыр экономика жаатындагы адистер менен бирге иш алып барууда. Кудай буйурса, келе жаткан жылдын жай же күз айларына чейин «Жетим-Тоону» иштетип калабыз го деген максатыбыз бар. Кенди 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Эч кандай инвестордун үлүшү болбойт, бир дагы чет элдик кишинин катыштыгын көрбөйсүздөр, өз жарандарыбыз гана иш алып барышат. Жаштарга орун берилет, 2000ден 3000ге чейинки жумуш орду түзүлөт.

«Саясатты унутуп, жалаң экономика менен алектенебиз»

– Президент болуп калсаңыз ишти эмнеден баштайсыз?

– Биринчи саясий процесстерди бүтөлү. Президенттик шайлоо менен бирге референдум өтөт. Ал жерде сиздер тандап алган башкаруунун формасы кабыл алынат. Тактап айтканда, президенттик же парламенттик. Ошого жараша, Конституцияны кабыл алабыз. Бул иш болжол менен февраль айынын аягына барып калса керек. Конституция кабыл алынган соң, ага жараша мыйзамдар жазылат. Жогорку Кеңеш, Президент, Курултай, сот системасы, жергиликтүү башкаруу органдары жөнүндө баардык мыйзамдар кабыл алынып, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Парламенттик шайлоо болжол менен май, июнь айларына барат. Ушунун баарын бүткөндөн кийин биз бир гана экономика менен алектенишибиз керек. Саясатты унутуубуз зарыл. Бири- бирибизге акаарат айтууну таштап, жашоону жаңы ак барактан башташыбыз керек. Бир гана экономика менен алектенебиз. «Жетим-Тоо» сыяктуу мамлекеттик деңгээлдеги чоң- чоң долбоорлорду ишке ашырууга аракет жасайбыз, ГЭСтерди курабыз.

«Сырттан унаа ташууда элге жеңил шарт түзүүгө аракет жасайбыз»

– Бизге Япониянын эле унаалары чыдайт экен. Оң рулдуу болсо дагы жаңыраак машинелерди ташыйлы, ушул маселеге көңүл бура аласызбы?

– Авто авариянын көбү оң рулду авто унаалардан болгонун баарыбыз жакшы билебиз. Биз мамлекеттик деңгээлдеги бир программа түзүшүбүз керек. Шайланып калсам бул жааттагы адисттер менен акылдашып, маселени чечүүгө, элге жеңил шарт түзүүгө аракет жасайбыз. Оң рулдуу машинелердин рулун сол жагына которууга шарт түзүшүбүз керек. Бул иштин үстүндө Өкмөт иш алып барат...

«Жамандыкты жакшылык менен жеңелик»

– Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макам алышы туура эле болдубу?

– Биринчи, экинчи президенттерибизди кубалап ийгенбиз. Үчүнчүсү түрмөдө жатат. «Жамандыктын учугу уланып кете берет» – дейт го, жакшылыкка жоруп, кыргыздын ата-бабадан келе жаткан «жамандыктын артын жакшылык жеңет» деген накыл кепти эске алып, ырым кылып Сооронбай Жээнбековго экс-президент макамын берүүнү туура көрдүк. Мен деле мисалы түрмөдө жаткан учурда атамдан, апамдан ажырадым. Алардын аркасынан оо дүйнөгө баламды узаттым. Баламдын кыркылыгында түрмөдө жатып, экинчи балама колукту алып берүүнү туура көрдүм. Үй-бүлө, туугандарыма айтып, алар баламды үйлөнтүштү. Азыр неберелүү болдум. Неберемдин төрөлгөнүнө төрт-беш ай болуп калды. Үйүмө жакшылык келди. Анын аркасынан мен минтип түрмөдөн чыктым. Мынакей, жакшылык ушинтип уланып кетти. Эртең мен шайланамбы, же башкасы шайланабы, беш жыл иштеген соң мыйзамдуу жол менен бийликти кийинки президентке тапшырып бере турган салтты башташыбыз керек.

«Жеке кызыкчылыгымды көздөсөм, Курултайга каршы чыкмакмын»

– Урматтуу Садыр Нуркожоевич, элдин талабы – Курултай институтун ишке киргизиш керек. Ушуга бек туруңуз?!

– Курултай институтун ишке киргизебиз. Айылдагы жергиликтүү эл, айыл өкмөт тарабынан шайланган жарандар жылына бир жолу чогулуп, бийликтин отчётун угуп, пикирлерин айтып, сунуштарын бере турган элдик орган болот. Муну 10 жылдан бери эл талап кылып келген. Буга чейинкилер курултай органын киргизгиси келген эмес. Анткени, көп чиновниктер жыл сайын элдин алдында отчёт бергенди каалашпайт. Жыл сайын ичип-жегени ачылып калышын каалашпайт. Биз президенттерди кеткенден кийин эки жыл, үч жылдан кийин канча акча жеп кеткенин билип атабыз. Мисалы, бир долларлык аттишти 600 долларга алышканын үч жылдан кийин билдик. Эгер Курултай институту кирсе, сиздер жылына кайсы акча каякка жумшалып жатат, эмнелер салынууда, кайсы материалдар канчага сатылып алынды, баардыгын көрүп турасыздар. Кайсы жол салынып атат, бир чакырым жолго канча акча жумшаганын да ачык көрөсүздөр. Мисалы, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун алалы. Кагаз жүзүндө бир чакырым жолго 3 миллион доллар жумшалды деп көргөзүшүптүр. Жол жарым жартылай бүтүп-бүтпөй турат. Дүйнөлүк стандарт боюнча бир километр жолго 1 миллион доллар гана жумшалат экен. Мындай көрүнүштүн баарын бийлик башындагылар кеткенден кийин билип калып атпайбызбы? Баш мыйзамга: «Бийликтин ээси – эл!» – деп жазабыз.

Урматтуу элим, айтыңыздарчы, 30 жылдан бери бийликке эмне кылып, ээлик кылып атасыздар? Беш жылда бир шайлоо болот. Болгону бир күн, шайлоо күнү гана колуңуздарга бийлик тийет. Ошондо да шайлоодо добушуңуздарды сатасыздар, чоңдор сатып алышат дагы анан беш жыл бою карабай кетишет. Ошол себептен, мен, Курултай органын Баш мыйзамга киргиздирип жатам. Эгер жеке кызыкчылыгымды көздөсөм, анда мен дагы Курултайга каршы чыкмакмын.

Аксы, Ала-Бука, Чаткалдыктар менен болгон Кербен шаарындагы жолугушуу 16-декабрь түштөн кийин орун алды. Садыр Жапаров платформасындагы айрым учурларын кыскача айтып берип, жолугушууну суроо-жооп иретиндеги эркин форматка өткөрдү. Жолугушуунун тартибин да Садыр Жапаров өзү аныктап, өзү башкарып турду. Эл менен түз баарлашып, эл дагы болгон ыкласын, ишенимин берип, жуурулушкан эң сонун баарлашуу болду. Элдин Садыр Жапаровго болгон ишеними ушунчалык күчтүү экенин ушундан билиңиз, эл аны талапкер эмес, учурдагы президенттей эле кабыл алып, маселесин Садыр Жапаров азыр чечип жиберчүдөй ишенип турушту. Негизинен суроолор мектеп, бала-бакча, стадиондор боюнча берилип атты. «Мен эми болгону талапкермин да. Тапшырма бере албайм. Кудай буйруса, шайланып калсак, маселени чечкенге аракет кылабыз» – деди. Суроолор да Кыргызстандын эртеңки тагдыры, коррупцияга каршы күрөш, экология ж.б. көйгөйлөрүн айтышты.

Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189.
Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Нускасы: 1. Даярдалды: 17-декабрь 2020-жыл.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

А ты подписан на наш Инстаграм-канал @akipress?

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти