Закрыть

ГАМСУМО: Жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда семинарлар өткөрүлдү

Бишкек (АКИpress) – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзу жана Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте ушул жылдын 1-декабрынан 15-декабрына чейин жыл сайын өткөрүлүүчү «Жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды жакшыртуу» жана «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында региондордо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине окутуу семинарлар өткөрүлдү.

Агенттиктен маалымдагандай, семинардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетин аткаруу жана бюджеттик процесстеги маселелердин чечилиши тууралуу, мамлекеттик сатып алуулардын жүргүзүлүшү боюнча, ошондой эле өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан азыркы учурдун талабы болуп саналган «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат тутумун, өлкөнүн бардык аймактарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына (айыл өкмөттөрүнө) киргизүү, муниципалдык мүлктү сатууда электрондук форматта аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жана «Электрондук соода аянтчасы» маалыматтык системасы жөнүндө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыкты тажрыйбаларынын электрондук порталы менен иштөө жана ЖӨБ органдары менен тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун макулдашуу регламенти жөнүндө окутуулар жүргүзүлүп, кеңири талкуулар уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Агенттиктин жетекчилиги, облустардагы өкүлдөрү, ошондой эле атайын тартылган эл аралык уюмдардын эксперттери жана мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери тарабынан регионду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу багытындагы аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берилип, презентациялар көрсөтүлдү.

Аталган семинарлар ар бир региондун ыңгайлуулугуна ылайык, борбор шаарларда жана райондордо өткөрүлүп, жалпы 1034 адам катышып, айыл өкмөт башчылары, шаар мэрлери жана жергиликтүү кеңештердин төрагалары өздөрүнүн берилген суроолоруна жоопторду алып, тажрыйба алмашуулар болуп өттү.

Ар бир региондордо өткөн семинардын жүрүшүндө «Санарип аймак» тутумуна чарба китебин автоматташтыруу процесси айыл өкмөттөрдүн интернет байланышынын кубаттуулугунун төмөндүгү, кожолуктагы мүлктөрдүн жана жарандардын катталышы, үй чарбанын ээси башка өлкөнүн жараны болгондо мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө босоголук сумманын 1 млн сомдон 5 млн сомго чейин көтөрүлүшү тууралуу, муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу жана башка жергиликтүү маселелерди чечүүдө болгон көйгөйлөр туралуу сын-пикирлер айтылып, сунуштар киргизилген.

Агенттик тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары көтөргөн сын-пикир, сунуштар боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилип, ошондой эле Финансы министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте каралып, кийинки жылдын иш аракеттер жана милдеттерине киргизилип, иштер жүргүзүлөрү тууралуу маалымат берилди.

Ошону менен бирге аталган семинарларда уюштуруучулар тарабынан өлкөбүздө болгон оор шартта, пандемия учурунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз убагында активдүү аракеттерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу багытында жүрүп жаткан басымдуу иштердин болуп жаткандыгына ыраазычылыктарын билдирип, семинардын аягында бул иш-чаралар дагы кийинки жылдарда уланып, тажрыйба алмашуу боюнча жеринде окутуулар улантылары белгиленди.

За последними событиями следите через нашу страницу в Фейсбуке

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

Самое читаемое за сегодня и вчера
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти