Закрыть

Выборы 2020. «Замандаш» партиясы: Пандемияда ачык көрүнгөн медицина тармагын кантип оңдосо болот?

Бишкек (АКИpress) – Гүлнара Мамбетсеитова медицина тармагында 25 жыл иштеп, эмгеги сиңген мыкты адис. Ал баарлашуу учурунда: «Кээ бир мыйзамдарды кабыл алганда медицинанын адистери эмес экенин билип кейийсиң, ар бир мыйзам долбоорду кабыл алганда тийиштүү гана адамдар иштеп чыгып кабыл алышы керек», - деп белгиледи.

Ар бир шайлоочу бул саясий жарышта туура тандоо жасап, добуш берет деп ишенет. Анткени тирек боло турган «Замандаш» партиясы бар.

Коронавирус башталгандан бери Кыргызстанда 46 841 адамга жукту, алардын миңден ашууну каза болду. Ооруга 3 266 медицина кызматкери чалдыкты, алардын 80ден ашуунун сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Тилекке каршы пандемия саламаттыкты сактоо тармагынын алсыздыгын эле көрсөтпөстөн, Кыргызстандын 30 жылдык башкаруу системасынын жоопкерчиликсиз мамилесин ачыктады. Пандемия бүгүнкү абалдын чыныгы жүзүн көрсөттү. Анткени пандемиядан кийин бизге кесипкөй адистер керек экенин билдик. Демек, депутат болуп акчасы бар бизнесмендер эле келбей, ар бир тармактын адистери эл өкүлү болуп келсин деген ой элде калыптанды. Ал эми оору күч алган мезгилде бир топ мезгил аралыгында эң керектүү медициналык каражаттар менен камсыз болушкан эмес. Буга карабастан ар бир дарыгер өмүрүн тобокелге салып иштешти.

Бирок ооруга чалдыккандардын баарынын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбогонуна өкүнгөн Гүлнара Мамбетсеитова аткарыла турган иш, чече турган маселе көп экенин айтып, бул көйгөйлөрдү Жогорку Кеңештин имаратында чечүү үчүн парламенттик шайлоого аттанганын билдирди.

«Парламентке «Замандаш» партиясы келсе медицина тармагына тиешелүү мыйзамдарды кайра карап чыгып, конкреттүү өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Медициналык кызматкерлердин айлыгын көтөрүү, социалдык жактан көңүл буруу боюнча иш алып барабыз», - деди ал.

Талапкердин устаты Мамбет Мамакеев 70 жылга созулган опол тоодой эмгегинин натыйжасында ушул жылы Дүйнөлүк Гиннестин рекорддор китебине киргени маалым. 94 жаштагы атактуу хирургду дагы коррупция кулачын жайган, өнүкпөгөн медицина тармагынын бүгүнкү абалы абдан өкүндүрөт.

Ал: «Пандемия менен күрөш мезгилинде жан айласы кылган эл ар бир оорукананын алдында дарыгерлер менен бирдикте өз көйгөйүн өздөрү чечип жатышты», - деди.

Медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев 30 миңден ашык адамдын өмүрүн сактап калган. 200дөй илимий эмгектин автору жана миңге чукул шакирттерди тарбиялаган. Ошолордун катарында Улуттук хирургиялык борбордун анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Мамбетсеитова дагы бар.

Жагдайы оор болгон кыргыз медицинасында конкреттүү реформа «Замандаш» саясий партиясы менен ишке ашарына ишеним артат деген академик Мамбет Мамакеев: «Сапаттуу медициналык кызмат менен камсыздоо жарандардын социалдык жана экономикалык статусуна карабай, бирдей жеткиликтүү болушу керек», - деди.

Ал бул жагдайда VII чакырылышта буга чейин саясатта болбогон, калк келечегин ойлогон, кесиби дарыгер Гүлнара Мамбетсеитова өңдүү талапкер депутат болуп шайланышын колдойт. Анткени, саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшүнө, өзгөртүүгө бел байлаган Улуттук хирургиялык борбордун анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Мамбетсеитова эл үчүн ак кызмат кыларына терең ишенет.

https://www.instagram.com/tv/CFOlrqjJHHU/?igshid=1i5zo3u58czsp

https://www.instagram.com/tv/CFQ3iyspWp5/?igshid=r1af6yeahb43

https://www.instagram.com/tv/CFO5BFzpdQ2/?igshid=1mr6uli6d4h25

https://www.instagram.com/tv/CFRWVvADE8P/?igshid=1ah48rw6gk1d2

https://www.instagram.com/tv/CFOs-OXDwp5/?igshid=1j3c0yylv3tz0

https://www.instagram.com/tv/CFPCef6DvEb/?igshid=1k6nv8p1f3zs4

Исполнитель: «АКИ Кыргызстан»; адрес: г.Бишкек, ул.Московская, 189
Заказчик: ПП «Замандаш»
Тираж:1
Изготовлено: «2» октября 2020 года.
Оплачено из избирательного фонда Политической партии «Замандаш» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Абыловой Гульнарой Буларбековной (свид. № 97, от 10.08.2020 г.)

Весь кыргызский спорт в нашем Телеграм-канале @sport_akipress

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

Самое читаемое за сегодня и вчера
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти