Закрыть

Выборы 2020. «Замандаштын» түштүктө болгон үгүт кербени

Бишкек (АКИpress) – «Замандаш» партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлери Ошто, Өзгөндө, Араванда, Жалал-Абадда, Баткенде, Исфанада, Кулундуда, Ай Сайда, Ноокатта болушту.

Жолугушууларга «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, Улугбек Ормонов, Мелис Турганбаев, Чынара Шейшекеева, Искендер Гайпкулов, Айсулуу Мамашова, Эльмурза Сатыбалдиев, Нурлан Абдыхалыков, Умбеталы Кыдыралиев, Канат Бакалов баштаган талапкерлер катышты.

Ордолуу Ош шаарындагы сапар айтылуу «Сулайман-Тоого» зыярат кылуу менен башталды. Андан соң, «замандашчылар» Араван районунун калкы менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө лидер Жеңиш Молдокматов партиянын басып өткөн жолун, бүгүнкү аткарып жаткан иштерин жана келечек максаттарын элге кенен тааныштырды. Талапкерлер жергиликтүү тургундардын бир топ көйгөйлүү маселелерин угушуп, аларды чечүү жолдорун бирге талкуулашты. Бул жолугушууга келген 300дөн ашуун жашоочу «Замандаш» партиясын жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрү менен алкап, ак баталарын беришти.

«Замандаш» партиясы үгүт иштеринин экинчи күнүндө Араван районундагы шайлоочулар менен жолугушту. Аравандан кийинки сапар тарыхы бай, айтылуу Өзгөн шаарында уланды. Бул өрөөндүн эли «замандашчыларды» чыдамсыздык менен күтүп жатышканын билдирип, кол чабуулар менен тосуп алышты.

Замандашчылар Өзгөндөгү жолугушуудан кийин Кыргызстандын экинчи борбор шаары Ош шаарынын эли менен «Жаннат» мейманканасында жолугушуу өткөрүштү. Бул иш-чарага башка партиялардын, жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын жана ар кандай ассоциациялардын өкүлдөрү чакырылган. Алгач «Замандаштын» талапкерлери партиянын программасынын негизги өзөгүн тааныштырып, шайлоочулар тарабынан берилген суроолорго лидер Молдокматов, генерал Турганбаев, Ормонов ж.б. талапкерлер жеткиликтүү жооп беришти. Партиянын лидери Жеңиш Молдокматов башка партияларга да ушундай жолугушууларды коомдук уюмдардын, башка партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык суроо-жооп иретинде байма-бай уюштурушсун деген чакырык таштады жана мындай иш-чаралар шайлоочуларга абдан пайдалуу экенин түшүндүрдү.

Айсулуу Мамашова Ош шаарындагы айымдар менен жолукту. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, берилген суроолор жоопсуз калган жок. Жолугушуунун башында Айсулуу Мамашова эмне үчүн «Замандаш» партиясын тандаганын айтып берди. Ал «Замандаш» партиясы менен окшоштугу жөнөкөйлүгү экенин мисал кылып, «Замандаш» башка партияларга окшоп ар бир ишин жарыялабай, алдына коюлган жоопкерчилигин сезип, айткан убадаларын аткарып келээрин баса белгиледи.

«Замандаш» партиясынын кийинки жолугушуусу Ноокатта өттү. Искендер Гаипкулов алгач Ноокаттын эли менен амандашып, «Замандаш» партиясынын тарыхын, программасын жана келечекке койгон максаттарын айтып берди.

Исфанада өткөн жолугушууда ЖК депутаттагына талапкер, Баткен окуясынын ардагерлеринин республикалык кеӊешинин төрагасы Канат Бакалов Кыргызстандын жаштары жумуш менен камсыз болбогонуна байланыштуу айла жоктон чет мамлекеттерге мигрант болуп кетип жатышканын өкүнүч менен билдирди.

Замандашчылар Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Аксай айылынын тургундарына барды. Аталган айылда кошуна Тажикстан менен чек ара такталбаганынан улам ар кандай жаңжалдар арбын болуп келет. Тилеке каршы Аксайда бул көйгөй азыркы күнгө чейин чечилген эмес.

«Замандаш» партиясынын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолугуунун максаты — элдин муңун угуп, парламентке өтсө куру убадаларды бербестен аткараарын билдиришти. Жолугушууга келген тургундар тажик эли менен түшүнбөстүктөрдөн тажаганын, буга чейин убада берип кеткен партиялардын бири да айткан сөздөрүн ишке ашырбаганын баса белгилешти.

Кийинки үгүт кербен Лейлек районунун Кулунду айылында болду. Бул жолугушууга «Замандаш» партиясын колдоп, Баткен окуясынын ардагерлери да келген. Кулундудан чыккан талапкер Талантбек Жороев шайлоочуларды булганбаган таза партияны колдоого чакырды.

«Замандаш» партиясынын кезектеги үгүт кербени Жалал-Абад шаарында уланды. Жолугушууга жергиликтүү тургундар катышып, узаткан суроолоруна жеткиликтүү жооп алышты. Кыргызстан волейбол федерациясынын президенти, генерал Эльмурза Сатыбалдиев «Замандаш» партиясы куру убада бербестен, элге төп келген, ар бир жердин жаратылышына ылайык жакшы мыйзамдарды эл менен талкуулап, анын аткарылышын көзөмөл кылаарын билдирди.

«Замандаштын» мындай жолугушууларында санитардык аралыктар, эрежелер бек сакталып жатты. Ошентип, «Замандаш» партиясынын Кыргызстандын түштүгүндөгү жолугушуулары ийгиликтүү аяктап, «замандашчылар» шайлоочуларга өздөрүнүн интеллектуалдык бийик деңгээли, иш билгилиги жана терең билими менен жаркын келечектин нурун чачыратышты.

https://www.instagram.com/p/CFhEaJWDXmw/?igshid=1ng55n16rstx7

https://www.instagram.com/tv/CFT3_lsDHzD/?igshid=9jmvxckhlozi

https://facebook.com/story.php?story_fbid=766061094173044&id=100023074817442&sfnsn=wa&extid=AmFh9quo0mMxmGza&d=w&vh=i

https://facebook.com/story.php?story_fbid=765932137519273&id=100023074817442&sfnsn=wa&extid=qKG8hMkGhlceqNZo&d=w&vh=i

https://www.facebook.com/100023074817442/posts/764747807637706/?sfnsn=wa&extid=JGTa7gBLgLHpFkTH&d=w&vh=i

https://www.facebook.com/102284468269311/posts/127402565757501/?sfnsn=wa&extid=jCQKYfucYD1YTxEL&d=w&vh=e


Исполнитель: «АКИ Кыргызстан»; адрес: г.Бишкек, ул.Московская, 189
Заказчик: ПП «Замандаш»
Тираж:1
Изготовлено: «29» сентября 2020 года.
Оплачено из избирательного фонда Политической партии «Замандаш» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Абыловой Гульнарой Буларбековной (свид. № 97, от 10.08.2020 г.)

Криминал и происшествия у нас в Инстаграме @svodka.akipress

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

Самое читаемое за сегодня и вчера
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти