Закрыть

Выборы 2020. «Замандаш» партиясынын талапкерлери жөнүндө эмне билесиздер?

Бишкек (АКИpress)Турганбаев МЕЛИС Токтомамбетович

Жазаларды аткаруу кызматын жетектеп, бул тармактагы көп жылдык көйгөйлөрдү кыска убакытта жойду. ЖАМКнын түзүмүн заманбап өзгөрттү. Ички коопсуздук кызматын түзүп, 7 миллион сомдук коррупциялык иштин бетин ачты. 1,5 жыл ичинде түрмөлөрдөгү 14 өндүрүштү талапка ылайык иштетип, 192 млн сомдук продукция өндүрдү.

- 35 жылдан ашты, укук коргоо органдарында кызмат өтөдүм, жетектедим. ИИМ, Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы, прокуратура, УКМК... Бир гана милдетим элдин коопсуздугу. Бишкекте патрулдук милицияны, түнкү милицияны негиздедим. Шаардыктар жакшы көргөн «Коопсуз бакча» долбоорун ишке киргиздим. Экономистмин. Бул кесибим орган кызматыма оң таасирин берди. Уюшкан кылмыштуулукка каршы абдан жакшы мыйзам жазып, 2013-жылы Жогорку Кеӊештин кароосуна берсек, ал мыйзамдын түпкү маӊызын өзгөртүп, жумшартып салды. Кылмышкер күчтүү мыйзамдын алдында алсырайт. Оор кылмышты олуттуу мыйзам токтотот. Мен, Жогорку Кеңешке дал ошол, күчтүү мыйзам үчүн аттандым!

Мамашова АЙСУЛУУ Турусбековна

VI чакырылыштагы эң жаш депутат. Келе жаткан шайлоого «Замандаш» партиясынын катарында катышат. Саясатчы, ишкер, сүйүктүү жар, эки баланын мээримдүү энеси.

- Апамдан айрылганда 15 жашта болчумун. Ал кезде дүйнө кыйрап калгандай сезилген. Ызалануу, жүрөктөгү оору, канатың сынгандай сезим... Мен жашоону ата-энесинен айрылган баланын көзү менен карай алам. Мен турмушту үй-бүлө жүгүн көтөргөн аялзатынын жүрөгү менен сезе алам. Мен бир эле убакта официант да, бухгалтер да, кампачы да болуп иштедим. Кыйынчылыктар чыйралтты, күчтүү кылды. Мен «Лысый» жана «Давыдов» мөңгүлөрүн жок кылууга каршы чыктым, “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамды колдободум. Жеке менчик гемодиализ борборлорун салыктан бошотууну демилгелеп, гемодиализдик дарылануунун арзандашын шарттадым. «Замандаш тын» программасындагы инновацияга бурулган багыт менин максатыма шайкеш.

Капаров МЫРЗА Нуралиевич

Юрист. Аймактарды өнүктүрүү, транспорт жана курулуш бөлүмүндө эксперт жана Өкмөттүн аппарат жетекчисине кеӊешчи болгон. Ысык-Көлдөгү «Мурас» питомнигинин координатору. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеӊешчиси. Шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону жана шахмат федерациясынын вице-президенти. 4 баланын атасы.

- Өкмөттүн ишин ичинен жакшы билем. Жогорку Кеӊешке Өкмөт тарабынан сунушталып жаткан мыйзамдар тууралуу кескин көз-карашым бар. Ал көп сөз. Мыйзамдар боюнча иш алып барган адис катары айтсам, мыйзам жазуунун, аны элге, аткаруу бийлигине сиӊирүүнүн да өзүнүн эрежелери, жол-жобосу болот. Мыйзам - жеке кызыкчылыктарды көздөп жазылып, өтө кыска убакытта кабыл алынбайт! Мыйзам менен жашаган мамлекет үчүн бул абдан маанилүү. Бирин-бири кайталаган же таптакыр иштебеген мыйзамдардын азабын коомчулук тартууда. Мыкты мыйзамдын авторун мыкты депутат деп тааныйм. «Замандаш» менен парламентке аттанганымдын себеби ушунда. Мени түйшөлткөн, экономиканын локомотиви - өнөр-жай, өндүрүш маселеси. Мен, туризм тармагына Түп районундагы инвестордук 43 миллион долларга түптөлгөн, 100 адам эмгектенген алгыр куштардын питомниги аркылуу салым кошуп жатам.

Исполнитель: ОсОО «АКИ Кыргызстан»; адрес: г.Бишкек, ул.Московская, 189
Заказчик: ПП «Замандаш»
Тираж:1 Изготовлено: «28» сентября 2020 года.
Оплачено из избирательного фонда Политической партии «Замандаш» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Абыловой Гульнарой Буларбековной (свид. № 97, от 10.08.2020 г.)

За событиями в Центральной Азии и в мире следите через Телеграм-канал @centralasiamedia

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

Самое читаемое за сегодня и вчера
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти