Закрыть

Канатбек Исаев: «Жеңил өнөр жай – өлкөбүздүн экономикасынын флагманы»

16:56, 25 сентября 2020 (обновлено в 17:14) 3791

Бишкек (АКИpress) – Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев, Асел Атабекова жана Дамира Дөлөталиева Кыргызстандын экономикасынын негизги түркүгү болгон жеңил өнөр жай тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө партиянын лидери Кыргызстандын жеңил өнөр жайы, андагы көйгөйлөрдү чечүү жана бул тармакты өркүндөтүүнүн жолдору партиянын «Эл үчүн» программасында камтылганын баса белгиледи.

«Кыргызстандын жеңил өнөр жайы – өлкөбүздүн экономикасынын флагманы. Ал абдан чоң социалдык мааниге да ээ. Анткени бул тармакта жүз миңдеген кызматкерлер эмгектенип, алардын барандуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт. Жеңил өнөр жай тармагы ички рынокто туруктуу позицияны ээлөө менен бирге, сырткы рынокто атаандаштыкты түзүп, өлкөнүн экспорттук потенциалын да жогорулатып келет. Ал эми кыргыздын уз кыз-келиндеринин колунан чыккан «Мade in Kyrgyzstan» сапаттуу кийимдер жана буюмдар бренди көптөгөн өлкөлөргө да таанымал болуп, аларга суроо-талап да жогору болуп турган учур», - деди Исаев.

Партия лидери Канатбек Исаев белгилегендей, жеңил өнөр жай тармагында көп жылдардан бери эмгектенип, экономиканын өнүгүшүнө салым кошуп, кыргыз кийимдеринин дүйнө жүзүнө таанылышына себепчи болгон айымдар көп.

«Мындай адамдардын бири Асел айым «Кыргызстан» партиясынын курамында экени мени кубандырат. Мындай ийгиликтүү талапкерлер менен биргеликте мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө «Кыргызстанда» бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби ийгиликтүү адамдар гана ийгиликтүү мамлекетти кура алат», – деди партия лидери.

«Кыргызстан» партиясынын башкы максаттарынын бири – өлкөгө өнөр-жай ишканаларын куруу үчүн чет өлкөлөрдөн инвесторлорду тартып келип, 100 миңдеген жумуш орундарын түзүп, сыртта иштеп жүргөн мекендештерди өлкөгө кайтарып келүү жана миграциянын агымын токтотуу.

Андыктан 4-октябрь күнү шайлоо участогуна келип, өзүңүздүн добушуңузду татыктуу партияга бериңиз! Ийгиликтүү Кыргызстанды ийгиликтүү адамдар менен куралы!

Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189
Буюртмачы: «Кыргызстан» саясий партиясы
Нускасы: 1
Даярдалды: 2020-жылдын 25-сентябры
«Кыргызстан» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020).

Весь кыргызский спорт в нашем Телеграм-канале @sport_akipress

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти