Закрыть

Выборы 2020. Аида Касымалиева: Биздин мекен Баткенден башталат!

Бишкек (АКИpress) – Кубаттуу армия, бекем чек ара! Бул тууралуу «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкери Аида Касымалиева партиянын өкүлдөрү Баткендин эли менен жолугушкан учурда айтты.

«Мен үчүн баткендиктердин жашоо турмушу бөлөк-бөтөн эмес», - деди ал ѳз сѳзүндѳ. «Мен журналистика тармагында жүргөн кезимде эле бул жердин көйгөйүн көрүп, көтөрүп жүргөм. Бул жакта бир гана чек ара маселеси эмес, социалдык көйгөйлөр да арбын. Өкүнүчтүүсү, коомчулукта бардар адамдар менен жарды адамдардын ортосундагы ажырым күчөп баратат. Биз бул нерсеге жол бербешибиз керек!», – деп билдирди.

Ошондой эле чек ара көйгөйү тууралуу төмөнкүлөрдү баса белгиледи: «Биздин мекенибиз Баткенден башталат. Сиздер кыргыз мамлекети үчүн бекем чеп болуп турасыздар. Ар бир баткендиктин үйүндө өлкө желеги сакталуу деп бир ата айтты эле. Жүздөгөн ата-энелердин, боордошторубуздун көз жаштарына себепкер болгон чек ара маселесинин чечилишине биз дагы абдан кызыкдарбыз. Кудай буйруса, бул маселенин чечилишине болгон күч-аракетибизди жумшайбыз жана ал биздин аткара турган ишибиздин башында турат. Көңүл бөлө турган дагы бир жагдай, шайлоого аттанып жаткан партиялардын биринин да программасында кыргыз армиясы тууралуу маселелер камтылган эмес. Биз бакубат өлкөдө, тынч өмүр сүрөбүз десек, аскер кызматчыларынын күжүрмөн даярдыгын жакшыртып, аларга дем-күч берип, татыктуу шарттарды түзүү зарыл. Аскер кызматчылары — мамлекеттин тиреги. Өлкөбүздүн коопсуздугу, бүтүндүгү ошолордун колунда. «Биримдик» партиясынын программасы ушул жагдайларга да тыкыр көңүл бөлдү».

Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189
Буюртмачы: «Биримдик» саясий партиясы
Нускасы: 1
Даярдалды: 2020-жылдын 18-сентябры
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж).

Криминал и происшествия у нас в Инстаграме @svodka.akipress

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

Самое читаемое за сегодня и вчера
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти