Закрыть

Выборы 2020. Жыргалбек Саматов: «Кыргызстан» партиясын тандап, экономиканы өнүктүрүү максатыбызга салым кошуңуздар

Бишкек (АКИpress) – «Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматов Өзгөн районунун Ийри-Суу, Жийде жана башка бир катар айылдарынын жашоочулары менен жолугушту.

Талапкер элге партиянын «Эл үчүн» программасы менен тааныштырып, программанын максаты республикабыздын бардык жарандарынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталгандыгына токтолду.

«Биздин партия өндүрүштөрдү көбөйтүү, ишкерлерге жеңилдиктерди түзүп берүү, калкты жумуш менен камсыз кылуу сыяктуу көптөгөн чоң максаттарды алдыга коюуда. «Кыргызстан» партиясы буга чейин дагы миңдеген адамдарга жумуш орун түзүп берип, экономиканын өнүгүшүнө салым кошуп келген партия», – деди Саматов.

Жолугушууда айыл тургундары чечилбей келе жаткан көйгөйлүү маселелери тууралуу бир топ суроо узатышты. Алар негизинен таза суу, айдоо жерлерине арык казуу, балдарга жөлөк пул чегерүүдөгү көйгөйлөр жана уюлдук байланыш түйүндөрүнүн сапатын жакшыртуу тууралуу маселелерди көтөрүштү.

Жыргалбек Саматов айыл тургундарынын көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүү жолдору партиянын программасында камтылганын баса белгиледи. Андан соң элди «Кыргызстан» партиясына добуш берүүгө чакырып өттү.

«Урматтуу мекендештерим, сиздер биздин партияга добуш берүү менен жаңы ишканаларды түзүү, натыйжасыз чиновниктерди кыскартуу, коррупцияны жок кылуу, арзан турак жай куруу, туризмди өнүктүрүү жаатындагы максаттарыбызды ишке ашырууга салым кошосуздар», – деди Жыргалбек Саматов.

Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189
Буюртмачы: «Кыргызстан» саясий партиясы
Нускасы: 1
Даярдалды: 2020-жылдын 16-сентябры
«Кыргызстан» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж).

А ты подписан на наш Инстаграм-канал @akipress?

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти