Закрыть

«Күнүмдүк эмес, кылымдык иштерди жасайлы», - Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов

Бишкек (АКИpress)Өлкөдөгү эпидемиологиялык оор абалда медициналык жана материалдык жардамга муктаж адамдардын саны өстү. Саламаттыкты сактоо тармагы кыйын кырдаалга кабылып, медициналык аппараттар жетишсиз болуп турганда Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов четте карап турбастан, буга чейин эле жасап жүргөн кайрымдуулук иштеринин санын көбөйттү.

Жакында эле Ош облусунун райондорундагы аймактык ооруканаларга, фельдшердик-акушердик пункттарга жалпы суммасы 2,5 миллион сомдук дары-дармектерди, медициналык каражаттарды жана эң керектүү болуп жаткан 9 кычкылтек концентраторун тапшырган.

Бүгүн да Улан Примовдун демилгеси жана «Примов» фондунун каржылоосу менен көчмө клиника ишке берилди. Алгач Алай районуна кызмат көрсөтүүгө киришкен клиника эми шарты катаал, райондун борборунан алыс жайгашкан айылдарга барып, тургундарга акысыз медициналык кызмат көрсөтөт.

Алай районунун акими Замирбек Молдокулов аталган көчмө клиника калктын саламаттыгы үчүн эбегейсиз салым кошуп жатканын белгиледи. Ал Алай районунда кайрымдуулук иштери байма-бай жүргүзүлүп турарынайтты.

«Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун элдин саламаттыгы үчүн жасап жаткан кезектеги бул иш-аракети өзгөчө болуп турат. Себеби учурдагы кырдаалга жараша ооруканаларга барып кайрылуудан же алыс шаарга барып дарылануудан чочулап турган калк үчүн абдан маанилүү долбоор. Мобилдүү клиника иштеп баштагандан кийин медициналык кароого кезекке жазылгандардын саны көбөйдү. Бул коронавирусту эле эмес, түрдүү ооруларды алдын алууга, элдин саламаттыгын сактоого чоң салымын кошот», - деди Молдокулов.

WhatsApp Image 2020-08-06 at 16.08.42

Мобилдүү клиника 2 айдын аралыгында жасалды. Ал 7 бөлмөгө бөлүнүп, ичине медициналык аппараттар жана эмеректер орнотулган. Көчмө клиникада кардиолог, гинеколог, педиатр, стоматолог, лор дарыгер, УЗИ бөлмөсү жана лаборатория бар. Унааны жана аны жасоого кеткен каражатты кошпогондо медициналык жабдыктар үчүн эле 4 миллион сомдон ашык каражат сарпталган.

Мобилдүү клиникада кызмат көрсөтүп жүргөн дарыгерлер эң акыркы үлгүдөгү медициналык аппараттар менен жабдылган, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалганын жана 2,5 тонна ысык жана муздак суу чыккан эң алгачкы көчмө клиника экенин белгилешти. Алар медициналык аппараттар менен жетиштүү деңгээлде камсыздалгандыктан дартты дароо аныктоого мүмкүнчүлүк жаралганын билдиришти.

Мисалы, Алай районунун Сары-Таш айылынан Ош шаарына келип-кетүү үчүн жол акыга орточо 600 сом, тамактанууга 500 сом, дарыгерге көрүнүү үчүн да акча сарпталат. Башкача айтканда, бир күндө эле 3-4 миң сом коротулат. Узак убакытка кезек күтүшсө сарпталган каражат эки эсе көбөйөт. Мунун баары айылда күн кечирген адам үчүн чоң түйшүк. Ал эми мобилдүү клиника жарандардын убактысы менен акчасынын үнөмдөлүшүн шарттайт жана эң башкысы ден соолугуна убагында кам көрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Дарыгерлер бейтаптарды каттап, үзгүлтүксүз көзөмөлгө алышат.

Учурда Улан Примов демилгелеген мобилдүү клиникага ыраазы болгондор көп. Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну Исраил Бердиев учурда ден соолугуна кам көрө албай жаткан жарандар үчүн көчмө клиника абдан чоң жардам тийгизгенин айтты.

«Улан Примовдун көрөгөчтүгү, элинин көйгөйлөрүн баамдап, сезип турганын ушундан эле байкасак болот. Канчалаган адамдар жетишпеген тиричиликтин айынан убагында ооруканага көрүнбөй, ооруларын күчөтүп жиберип, дарылана албай жүрүшөт. Мына ушундай жарандарга кам көргөн уулубузга чоң рахмат», - деди Бердиев.

Улан Примовдун эң негизги талаптарынын бири — мобилдүү клиникада кызмат көрсөтүүчү дарыгерлер жогорку даражадагы кесипкөй адис болушу керек. Анткени ооруларды так аныктап, туура медициналык жардам көрсөтүү — эң башкы максат болуп саналат. Ал эми эл үчүн ар дайым ат көтөргүс эмгектерди жасап, жакшы-жаман күндөрдө элдин кашында болгон Улан Примовго элет эли ыраазы. Батасын берип, колдоп тургандар миңдеп саналат. Анткени Улан Примов ар убак колдоо көрсөтүп, эл менен жолугушуп, көйгөй, сунуштарын угуп, аны чечүүгө болгон күч-аракетин жумшап келет. Бүгүнкү күндөн баштап пайдаланууга берилген көчмө клиника Ош облусунун аймактарында калктын саламаттыгына кезеги менен акысыз кам көрөт.

Весь кыргызский спорт в нашем Телеграм-канале @sport_akipress

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

Самое читаемое за сегодня и вчера
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти