Закрыть

75 лет Великой Победе. Берлинди штурмалоого катышкан Акматбек Качкынбаев

11:08, 10 мая 20203844

Бишкек (АКИpress) – Агентство АКИpress в своей рубрике «Подвиг моего деда» рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов.

Максат Мамасыдыков в честь 75-летия Победы в Великой Отечественной войне рассказал про ветерана Акматбека Качкынбаева:

«Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана эмгектин ардагери Акматбек Качкынбаев 1925-жылы 10-майында Токтогул районунун Үч-Терек айылында жарык дүйнөгө келген.

Үй-бүлөдө алты бир тууган болгон. Ал согушка 16 жашында 2 агасы менен 1941–жылы чакырылып, согушту Воронеж шаарында (Украина) да баштаган.

2 айлык (развет) чалгындоо курсун бүтүп 16 – армиянын разветчиги болуп алдынкы катарда болуп, чалгындоо милдетин аткара баштайт.

Штабка баалуу согушка керектүү материалдарды берип, Украина, Польша, Венгрия шаарларын аралап фашистик баскынчылардан бошотууга катышкан. Ошондой эле Берлинди штурмалоого катышып, шаарды алгандыгы тууралуу медалы менен сыйланган.

Анын улуу агасы Абдымамбет Качкынбаев Житомирский областында 1942-жылы катуу салгылашууда эрдик көрсөтүп каза болгон. Бул окуяны кайгыруу менен эскерип калчуу.

1945-1946-жылдары ошол учурда Украинадан чыккан «Черный – Кошка Бандеровцы» деген(бандага ) каршы күрөшкөндүгү үчүн 1946-жылы Сталинден «Ыраазычылык кат» алган экен. Сыйланган медальдары: согушка көрсөткөн эрдиги үчүн 2 жолу «За отвагу Ушаков», «Отечественной войны» жана башкалар. 1946-жылы күз мезгилинде мекенине кайтып келип, Улуу жеңиштин 40-50-60-жылдыгына арналган юбилейлик төш белгилеринин ээси болгон.

Согуштан кийин Токтогул районунун РАЙПОсунда председатель болуп эмгектенген. Жана ошондой эле 1954-жылы Жалал-Абад Зооветеринардык техникумга тапшырып, ветеринар кесиптин ээси болуп чыгат.

Өз эмгек жолун алгач Торкент колхозунда башкы ветеринардык врач, Шопоков колхозунда башкы ветеринардык врач, Үч-Терек совхозунда башкы ветеринардык врач, уй ферма №4 бөлүмүндө башкарма, жылкы ферма болуп үзүрлүү эмгектенген.

Апабыз Жамиля Мамбеткожоева менен 4 уул, 3 кызды татыктуу тарбиялашты. Азыркы учурда Качкынбаев Акматбектин 37 небереси, 57 чебереси,1 кыбырасы бар».

За последними событиями следите через нашу страницу в Фейсбуке

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти