Закрыть

75 лет Великой Победе. Сталинград жана Смоленск шаарларын бошотууга катышкан Маданбек Муктаров

21:43, 9 мая 20204438

Бишкек (АКИpress) – Агентство АКИpress в своей рубрике «Подвиг моего деда» рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов.

Пограничники рассказали о ветеране ВОВ Маданбеке Муктарове:

«Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата «Биз эскеребиз! Биз унутпайбыз!» акциясынын алкагында учурдагы Мамлекеттик чек ара кызматынын чек арачыларынын Улуу Ата-Мекендик согушта баатырларча согушуп, Улуу Жеңишке салымын кошкон аталары, чоң аталары тууралуу кеңири маалымат берүүнү туура көрдүк.

Азыркы айтып бере турган каарманыбыз Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, анын уул-неберелери азыркы учурда Мамлекеттик чек ара кызматында талыкпай кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери. Алардын бири Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары полковник Ашырбаев Мадылбектин таятасы Муктаров Маданбек тууралу болмокчу.

Муктаров Маданбек 1920-жылы Токтогул районуна караштуу Акчий айылында туулган. 1938-жылы Советтик Армиянын катарына кызмат өтөөгө чакыртылып Улуу Ата-Мекендик согуш башталганда Советтик Кызыл Армиянын 5-Гвардиялык дивизиясынын 24-Гвардиялык Кызылжылдыз кавалериялык полкунда чалгындоо взводунун чалгындоочусу кызмат ордунда кызмат өтөйт.

Анын өмүр таржымалына жана Россия Федерациясынын Коргоо Министрлиги тарабынан Улуу Ата-Мекендик согушта катышкандар боюнча pamyat-naroda.ru сайтынан табылган маалыматтарга таянсак Муктаров Маданбек согуш башталган алгачкы күндөн тартып эле душмандын мизин кайтарууда алдыңкы катарда баатырларча согушуп эки жолу Сталинград жана Смоленск шаарларын бошотууга катышкан. Советтик Кызыл Армиянын катарында бир топ өлкөлөрдү фашисттик баскынчылардан, тактап айтканда: Украина, Чехословакия, Польша, Югославия өлкөлөрүн бошотууга катышып Берлинге чейин барган. Жогоруда аталган сайттын маалыматтарына таянсак Мухтаров Маданбек согуш маалындагы көптөгөн эрдиктери көрсөтүлгөн, душмандын мизин кайтаруу боюнча коюлган тапшырмаларды так аткарып, айгашкан салгылашууларда эр-жүрөктүүлүгүн корсөткөнү боюнча кеңири жазылган.

Советтик Кызыл Армиянын катарында фашисттик баскынчыларга каршы согушта баатырларча эрдик көрсөткөндүгү үчүн бир топ орден медалдар менен сыйланган, тактап айтканда: Орден Красной Звезды, Орден Славы III степени, Орден Славы II степени, Орден Отечественной славы I степени жана «За оборону Сталинграда», «За отвагу», «За победу над Германией в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг.», «За взятие Кенигсберга» медалдары менен сыйланган.

Согуш бүткөндөн кийин өз жерине кайтып келип өмүр бою Токтогул ПМКсында эмгектенген. Бишкек-Ош жолунда алгачкылардан болуп жол курууга салымын кошуп, көптөгөн «Советтик мелдештин жеңүүчүсү» деген наамдын ээси болгон жана Нарын ПМКсынын «Даңк китебине» киргизилген. Ошондой эле «Лениндин 100 жылдыгына» медалы менен сыйланган. 1985-жылы 26-декабрдагы №667-жарлык менен Кыргызстан КП Борбордук комитетинин, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун, Кыргыз Министрлер Советинин, Кыргыз ССР Профсоюздар уюмунун жана Кыргызстан ЛКЖС Борбордук комитетинин «Чоң ийгиликтерге жетишкендиги үчүн» Эмгек Даңкы китебине жазылып ошол эле жылдын 3-июлундагы №67876-буйругу менен Кыргыз ССР Жогорку Советинин Грамотасы жана талыкпаган эмгеги үчүн көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Муктаров Маданбек 1995-жылы каза болуп өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин жаш муундарды Мекенчилдике тарбиялоодо жана патриоттулука үйрөтүүгө чоң салымын кошуп келди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары полковник Ашырбаев Мадылбек «Мен таятам менен сыймыктанам, Россия Федерациясынын pamyat-naroda.ru сайтынан таятамдын баатырларча согушкан маалыматын окуп алып аябай кубандым, көзүмө жаш келип өзүмчө толкундандым, сыймыктандым. Таятамдын эрдигин Улуу Ата Мекендик согушта баатырлача курман болгон СССРдин баатырлары Чолпонбай Тулебердиев жана Душенкул Шопоковтордун эрдигине теңедим. Өткөн заман келечек замандын күзгүсү демекчи биз аталарыбыздын эрдигин унутпашыбыз керек. Өз учурунда мен таятамдын эрдигин өз балдарыма жана жаш муундарга үлгү катары айтып келем. Мен таятам Муктаров Маданбек менен сыймыктанам», - деп өз сөзүн аяктады».

За последними событиями следите через нашу страницу в Фейсбуке

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

Самое читаемое за сегодня и вчера
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти