Закрыть

75 лет Великой Победе. «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланган Жумалиев Төрөбек

20:24, 9 мая 20204048

Бишкек (АКИpress) – Агентство АКИpress в своей рубрике «Подвиг моего деда» рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов.

Эльмира Джумалиева рассказал о Торобеке Жумалиеве, который не вернулся домой:

Бизге бейпил турмушту, гүлдөп өскөн бакубат жашоону тартуулоо үчүн Улуу Ата Мекендик согушта канчалаган ата-бабаларыбыз өз өмүрлөрү менен кош айтышкан. Алардын катарында атамдын бир тууган агасы Жумалиев Төрөбек да бар. Ал согуш мезгилинде дайынсыз болгон. Бирок кийин СССРдин архивинен агам Төрөбектин фашисттерди талкалоодо көрсөткөн эрдиктери үчүн «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйлангандыгы тууралуу маалымат чыккан.

Бизге ушундай бейпил турмушту тартуулаган урматтуу аталар бар болуңуздар! Сиздерге терең таазим!

9-май Жеңиш күнү

Узатты деп туулган жерим согушка,

Кайрат айтып, кайгыда да болушса.

Ал кездеги жоого аттанган жаш балдар,

Азыр эми жашы улгайган аталар.

Кайтпай калды канчалаган аталар,

Урпактарга жеңиш алып келем деп.

Өз мекенин жырткычтарга жем кылбай,

Кантип турмак душман менен кармашпай.

Жалтанбастан чабуул коюп чечкиндүү,

Жан аябай мекен үчүн кармашта.

Октор жаап жатса дагы коркпостон,

Болгон жокко аларда түк чегинүү.

Душмандарга тепсетпейм деп жеримди,

Далай жандар бул согушта окко учту.

Катаал жолдо уктабастан күнү-түн,

Канчалары жер кучактай жыгылды.

Аталардын алып келген жеңишин,

Урпактары унутпайлы барктайлы.

Аталарга таазим кылып бул күндө,

Өтүп кеткен өмүрлөрдү даңктайлы.

Истории других граждан, рассказывающих о своих дедушках и прадедушках, можно прочитать на странице «75 лет Великой Победе», пройдя по ссылке.

Весь кыргызский спорт в нашем Инстаграме @sport.akipress

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти