Закрыть
АНАЛИТИКА

75 лет Великой Победе. Дегенбай Сүйүмбаев фашисттик снайперди атып, эскадрон аскерлеринин ийгиликтүү өтүүсүн камсыз кылган

Бишкек (АКИpress)

Агентство АКИpress в своей рубрике «Подвиг моего деда» рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов.
Семья Дегенбаевых рассказала о подвиге своего деда:

«Сүйүмбаев Дегенбай (аскер документтерде Суембаев Дегембай деп катталган) 1902-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Жар айылында (Кайнар айылы) туулган.

Александр Невский, Суворов, Таганрог полкунун, 4-гвардиялык кавалериялык Мозыр дивизиясынын, 2-гвардиялык кавалериялык корпустун Кызыл-Туу орденинин 16-гвардиялык кавалериясынын 3-эскадрильясынын жоокери.

1945-жылы апрел айында Бредиков коргонуу пункту үчүн салгылашуу учурунда (Фриезак шаары, Германия) пулемёту менен фашисттердин сол канатын окко катуу туткан. Өзүнүн командиринин буйругу менен Д. Сүймбаев душмандын казылган блиндажына жакын барып, ага граната ыргытып, блиндажга секирип кирип, үч фашистти колго түшүргөн.

1945-жылы апрел айында Шпрее дарыясынан отүү үчүн (Германиянын чыгышы) өткөн чон салгылашта Д.Сүймбаев өзүн эр жүрөк жоокери катары көрсөттү. Фашисттик снайперлер эскадрондун өтүп кетишине жол беришкен жок. Командирдин буйругу менен Д. Сүймбаев фашисттик снайперди атып, биринчилерден болуп суунун аркы жээгине өтүп, эскадрон аскерлеринин сууну ийгиликтүү өтүүсүн камсыз кылган.

Согуш мезгилинде Д.Сүймбаев өзүнүн каармандыгы жана кайраттуулугу үчүн бир нече жолу ордендер жана медалдар менен сыйланган, тактап айтканда, I жана II даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери. Ошондой эле өзүнүн баатырлык иш аракеттери менен аскердик операцияларынын ийгиликтүү болушуна чоң салым кошкон».

За последними событиями следите через нашу страницу в Фейсбуке

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

Самое читаемое за сегодня и вчера
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти