Закрыть
АНАЛИТИКА

75 лет Великой Победе. Участник боевых действий под Курской дугой Исмаил Ибраимов

Бишкек (АКИpress) – Агентство АКИpress в своей рубрике «Подвиг моего деда» рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов.

Жаркын Ибраимова рассказала о своем дедушке:

«Менин чоң атам Ибраимов Исмаил 1924-жылы Талас районунун Кара-Ой айылында төрөлгөн. 1940-жылы Кара-Ой айылындагы Көк-Арык орто мектебинин 8-классын аяктагандан кийин аталган мектепте башталгыч класстын окутуучусу болуп эмгектенген.

1942-жылы март айында 18 жашында аскерге чакыртылган. Тула шаарындагы 3 айлык аткыч-снайперлерди даярдоо курсунан даярдыктан өтүп, 1942-жылдын күз айларында 153-гвардиялык атайын дивизиянын курамында Сталинграддын алдындагы салгылашууга катышкан.

1943-жылы «Курский дуга» салгылашына катышкан. 1943-1945-жылдары чоң атам Кавказ алдындагы фронтто 3-Белорусиялык фронттун жана 3-Прибалтикалык фронттун курамында фашистик баскынчыларга каршы согушуп, согушту 1945-жылы апрель айында Кенигсберг (азыркы Калининград) шаарын багындыруу менен аяктаган. Согуш бүтуп-бүтпөй чоң атам чыгыштагы Япония менен болгон согушка жөнөтүлгөн. Согуш аяктагандан кийин 1946-жылдын июнь айында түштүк Сахалин чек ара кызматынан мекенине кайткан.

Согуштагы эрдиги үчүн чоң атам, Ибраимов Исмаил «3-даражадагы Даңк ордени», «2-3-даражадагы Ата-Мекендик согуш ордендери» жана «Кенигсберг шаарын алгандыгы тууралуу медаль» менен сыйланган.

Согуштан келгенден кийин мугалимдик кесибин улантып, 1952-жылы Жамбул шаарындагы педагогикалык техникумду, 1965-жылы Ош педагогикалык институтун бүтургөн. Кичи мекенинде 40 жылдан ашуун орто мектепте мугалим болуп эмгектенип, 1986-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Чоң атам менен чоң апам 9 баланы татыктуу тарбиялап өстүрүп, баарына жогорку билим алууга шарт түзүшкөн.

Чоң атам 2006-жылы 82 жашында бул дүйнө менен коштошту».

Истории других граждан, рассказывающих о своих дедушках и прадедушках, можно прочитать на странице «75 лет Великой Победе», пройдя по ссылке.

Для публикации отправьте историю вашего родственника с фотографиями на электронную почту akipress@gmail.com с пометкой «Подвиг моего деда».


Самое читаемое за сегодня и вчера
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти