Бишкек (АКИpress) – Агентство АКИpress в своей рубрике «Подвиг моего деда» рассказывает о ваших близких, воевавших в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов.
Внучка майор Римма Чакиева рассказала о своем дедушке:
«Чакиев Абдыбек 1920-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Терк-Суу айылында туулган. 1941-1944-жылдары согушка катышып, Ленинградда 4 жыл фашисттик Германияга каршы сапердук батальонунда командир отделения болуп аскерде кызмат кылат. Польшада жүргөндө колунан жарадар болуп мекенине кайтат.
СССРдин Жогорку Советинин президиумунун указы менен согуштагы эрдиктери үчүн 1-даражадагы «Орден отечественной войны» ордени, «За отвагу» медалы жана башка күжүрмөн орден, медалдар менен сыйланган. Согуштун 3-топтогу майыбы болгон.
Согуштан кайткан соӊ 1944-1951-жылга чейин айылдык кеӊеште катчы жана төрагасы, 1951-жылдан 1956-жылга чейин Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айылында колхоздун башкармасы болуп иштеген. 1956-жылдан 1976-жылга чейин Калинин колхозунда башкарманын орун басары, ферма башчысы, бригадир болуп, кийинчерээк Ат-Башыда калкты турмуш тиричилик жактан тейлөө ишканасында бухгалтер болуп эмгектенген.
Калинин колхозунун байланыш түйүнүнүн башчысы болуп иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. Айылдык советке 4 жолу, райондук советке 3 жолу депутат, 1975-жылы Октябрь революциясынын 54 жылдыгына карата «Ардак грамотасы», 1973-жылы «Социалисттик мелдештин жеӊүүчүсү» деген сыйлыктарга ээ болгон.
Байбичеси «Баатыр эне» Чакиева Асылбүбү экөө 10 баланы татыктуу тарбиялашты. Учурда байбичеси 92 жашта. Абдыбек Чакиев 1999-жылы 79 жаш курагында кайтыш болгон.
Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери катары мурдагы Калинин азыркы Ак-Талаа айылындагы көчө Чакиев Абдыбек атынан коюлган».
Истории других граждан, рассказывающих о своих дедушках и прадедушках, можно прочитать на странице «75 лет Великой Победе», пройдя по ссылке.
Для публикации отправьте историю вашего родственника с фотографиями на электронную почту akipress@gmail.com с пометкой «Подвиг моего деда».