Закрыть
АНАЛИТИКА

Более 60 тысяч карасуйцев пришли поддержать Сооронбая Жээнбекова!

Главное фото

Бишкек (АКИpress) – Кандитат в президенты Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 12 октября встретился с жителями Кара-Суйского района Ошской области в городе Кара-Суу.

Сооронбай Жээнбеков отметил, что он вырос в селе, изнутри знает проблемы села и сельчан. «Отец с самого детства наставлял нас быть честными и всегда быть ближе к народу. Какие бы ответственные должности я не занимал, всегда работал честно и старался сохранить безупречную репутацию, свободную от обвинений в коррупции или других неблаговидных делах. Я вышел из народа. Надеюсь, что мой народ выберет меня в своем лице!», - заявил Сооронбай Жээнбеков.

Также он отметил, что среди тех, кто баллотируется в президенты, только у него есть опыт работы практически во всех ступенях государственного управления. «Я был учителем в селе, зоотехником, директором совхоза, позже работал на должностях районного уровня, был депутатом трех созывов Жогорку Кенеша, министром сельского хозяйства, губернатором и премьер-министром. Побывал во всех уголках Кыргызстана и прекрасно понимаю и знаю чаянья, проблемы простых людей, знаю как их надо решать. Опыт работы в качестве премьер-министра дал мне возможность еще глубже вникнуть в суть вопросов, услышать и увидеть то, что раньше было недоступно. Я – один из вас, вышел из народа, поэтому стану народным президентом», - подчеркнул кандидат Жээнбеков.

Он поблагодарил карасуйцев за теплый прием и поддержку, за их воодушевление и надежду - ведь на встречу с Сооронбаем Жээнбековым пришли более 60 тысяч жителей Кара-Суйского района! Встреча закончилась концертом деятелей культуры Кыргызстана.

Видео можете просмотреть тут.

60 миңден ашуун кара-суулуктар Сооронбай Жээнбековду колдоо үчүн жолугушууга келишти!

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-октябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочулары менен Кара-Суу шаарынан жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков айылда чоӊойгонун, ат минип, мал кайтарып, бутуна өтүк кийип, суу сугарганын эскерди. «Карапайым адамдардын санаасын, көйгөйлөрүн жакындан билем. Атам бала чагыбыздан тарта жупуну болгула, ак иштегиле, мансапка манчыркабагыла, элге, жерге жакын жүргүлө деген акылды кулагыбызга куюп өстүрдү. Жетекчилик кызматтарда канча жүрсөм да, «жеп алыптыр, тартып алыптыр» дегендей артыман жаман сөз ээрчиген жок. Мен элден чыктым, мен дегенде - эл дегиле! Эл мени шайлаганда, өзүн шайлагандай болот!», - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, Президент болом дегендердин арасынан айылда, райондо, облуста, чарбада, башкаруунун ылдыйкы тепкичтеринде иштеп келген жалгыз ал экенин айтты. «Айылда мугалим, зоотехник, совхоз жетекчиси болуп, анан райондо иштеп, кийин Жогорку Кеӊештин үч чакырылышынын депутаты, айыл чарба министри, губернатор, акыры премьерликке чейинки тепкичтин баарын басып өттүм. Бир жарым жыл премьер-министр болуп иштегеним мага чоң тажрыйба болду. Кыргызстандын бардык булуң-бурчун кыдырып, мурда көрбөгөн, укпаган көйгөйлөрдү көрдүм. Кайсы жерде, кайсы кызматта болбоюн, аз сүйлөп, көп иштөө мен үчүн биринчи орунда эле. Кудайга шүгүр, мен жетектеген өкмөттүн ийгиликтери жакшы болду, бул кызматтан абийир менен кеттим. Мен элден чыккан, элдик президент болом!», - деди Жээнбеков.

Ал кара кара-суулуктарды жылуу маанайда тосуп алгандары, колдоосу жана бир добуштан шайлап алабыз деген сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирди. Сооронбай Жээнбековду колдоо максатында жолугушууга 60 миңден ашуун Кара-Суу районунун тургундары келишти! Жолугушуу Кыргызстандын маданият ишмерлеринин концерти менен аяктады.

Изготовитель: ОсОО АКИ «Кыргызстан», г. Бишкек, ул. Московская, 189
Заказано и оплачено из Избирательного фонда кандидата на должность Президента КР Жээнбекова С.Ш. уполномоченным представителем по финансовым вопросам Сатыгул кызы Надирой. Тираж 1 экземпляр. Дата выпуска: 12.10.2017 г.


×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти