Закрыть
АНАЛИТИКА

Ученый Сыртбай Мусаев: В сегодняшних условиях кыргызстанцы должны объединиться вокруг Сооронбая Жээнбекова

13:34, 10 октября 20173193
Главное фото

Бишкек (АКИpress) – Доктор филологических наук Сыртбай Мусаев, выступивший как доверенный представитель кандидата на пост президента Кыргызской Республики Сооронбая Жээнбекова, во время его встречи с жителями Тонского района Иссык-Кульской области подробно остановился на его биографии. Он рассказал о том, что Сооронбай Жээнбеков прошел все ступени во время своей трудовой деятельности – от учителя в школе до премьер-министра. Также отметил, что за 1,5 года его премьерства сделал очень многое для развития страны - строил дороги, соцобъекты, поднимал экономику и т.д.

«К сожалению, есть те, кто желает разделить наш народ, сыплет соль на рану, пытается организовать государственный переворот с помощью преступных группировок. В таких условиях народ должен единогласно и в согласии объединиться вокруг Сооронбая Жээнбекова, потому что он будет крепко держать в стране стабильность и благополучие, благодаря своей честности, чистоте, простоте, но в то же время политической воле», - подчеркнул Сыртбай Мусаев.

Он отметил, что надо ценить такие качества Сооронбая Жээнбекова, как трудолюбие и целеустремленность. «Несмотря на то, что много лет работал на руководящих должностях, за ним нет никакого компромата. Он не пользовался своей властью, не вмешивал свою семью, не был замечен в коррупции. Главная его цель – это служить своему народу и государству», - отметил ученый.

Также он напомнил, что Сооронбай Жээнбеков будет продолжать все те хорошие начинания президента Алмазбека Атамбаева. «Его дело будет продолжать человек с сильной политической волей. Такие личности, как Сооронбай Жээнбеков – это большая редкость. Он сказал, что власть и деньги для него ничто, и этим понравился народу. С вашей поддержкой Сооронбай Жээнбеков станет президентом, давайте все единогласно проголосуем за него!» - призвал жителей Тонского района Сыртбай Мусаев.

Эл биримдигине жарака салып, жарага туз сээп, анан калса акча берип, кылмыштуу топторду уюштуруп, төңкөрүш жасайбыз деп камынып калган айрым бир жагдайлар бар экен, деп билдирди филология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаев Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусунун Тоң районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, ушундай шартта эл биримдиктүү болуп, эл-жерге тынчтык орното турган, элди бири-бирине тукурбай, бириктире турган ыймандуу, топуктуу, жөнөкөй, ошол эле учурда эрктүү Сороонбай Жээнбековдун тегерегинде биригүү - зарыл нерсе болуп турат.

«Адамдын эмгегин баалай билүү - бул чоң маданият жана акылмандык. Биз бул кишинин эмгегин баалашыбыз керек. Мамлекеттик масштабдагы чоң кызматтарда иштеди, бийликти мыкчып турса да, өз бийлигинен пайдаланбаптыр. Бир туугандарын бийликке жолотпой, үй-бүлөсүн бийликке аралаштырбаптыр. Оппозиция болуп турганда дагы эч ким бул кишинин артынан эч нерсе таппаган. Бул киши мамлекеттик кызматта туруп жебеген, тартып албаган, алдабаптыр, коррупцияга аралашпаптыр, жаман сөз ээрчибептир. Бул киши таза, ак, ыймандуу экен. Топуктуу жана ыймандуу болгондуктан, байлыкка жана бийликке азгырылбаптыр. Элге кул болуп иштеп берем деп, өзүнө максат коюптур», - деди Сыртбай Мусаев.

Ал белгилегендей, Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өтүп, тажрыйбасы мол, мамлеккеттик саясий ишмер катары калыптанган, мекенчил, мамлекетчил, улутман адам. «Үчүнчүдөн, президент Алмазбек Атамбаевдин ишин уланта турган, жолун узарта турган, саясий эрки күчтүү адам экен. Мындай адам чанда чыгат. Сиздердин колдооңор жана Кудайдын буйругу менен маңдайында жаңган жылдызы артып, президент болуп калат. Бул киши байлык, бийлик мен үчүн эч нерсе эмес, деди. Бийлик мен үчүн элиме кулдай иштеп берүүнүн куралы, деди. Ошонусу менен элге жакты. Ушундай жакшынакай адамды ажо кылып шайлап алалы!» - деп Сыртбай Мусаев элди чакырды.

Изготовитель: ОсОО АКИ «Кыргызстан», г. Бишкек, ул. Московская, 189

Заказано и оплачено из Избирательного фонда кандидата на должность президента КР Жээнбекова С.Ш. уполномоченным представителем по финансовым вопросам Сатыгул кызы Надирой. Тираж 1 экземпляр. Дата выпуска: 10.10.2017 г.

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

Самое читаемое за сегодня и вчера
×