Эпос «Семетей» в исполнении Кенже Кара

Историк Элери Битикчи предоставил АКИpress записи отрывка из эпоса «Семетей» со слов сказителя Кенже Кара...
10:35, 24 мая 20169776

Историк Элери Битикчи предоставил АКИpress записи отрывка из эпоса «Семетей» со слов сказителя Кенже Кара на шести восковых цилиндрах.

Эта уникальная запись была сделана 3 мая 1903 года во время конной экспедиции, возглавляемой А.Г.Белинским, из Владикавказа во Владивосток в составе 7 человек на 10 лошадях.

Из-за разногласий, отсутствия финансов после тяжелого перехода через Каракумы путь продолжили только 4 человека, сам Белинский, студенты И.А.Беляев и Б.В.Смирнов с переводчиком казахом Атей-беком.

3 октября 1903 года они достигли Пишпека (нынешний Бишкек).

Глава экспедиции Белинский отправился в Самару и дальше в Санкт-Петербург, чтобы найти средства на дальнейшую дорогу. Студенты собирали материалы в окрестностях Бишкека среди местных кыргызов и казахов.

Белинский вернулся 4 февраля 1904 года, не найдя финансирования, а начавшаяся через несколько дней русско-японская война поставила крест на дальнейшей экспедиции.

Десять лет спустя Борис Смирнов опубликовал результаты своих трудов «В степях Туркестана. С рисунками автора», Москва, 1914. Он упоминает об эпическом искусстве кыргызов с портретом сказителя Кенже Кара. На восковые цилиндры был записан отрывок из эпоса «Семетей».

Цилиндр №1

Андыяндын белинен
.... элинен
.... Көй-кап белинен,
Калың Ногой элинен
Астындагы Тай-бурул
Кудай билет ким билет
Алданын өзү билбесе
Айтканым жалган келбесе
дүрбү ....
Булгарыдан кабы бар
Кудай билет ким билет
Суу аржак болгон чоң жолор
Жанынан сууруп алды дейт
Тегеретип жер көздөй
.... дүрбү салганы
Анын ары жеринен
Агарыңкы көрүнөт,
Агаргандын бер жагы
Карарыңкы көрүнөт,
Караргандын бер жагы
Кубарыңкы көрүнөт
Чыгып келди бир топ жан
Болбой албай болду таң.
"Жанымдагы Күл чоро
Оо кашымдагы Кан чоро
Кимиң барсаң аның бар
Тай-буурулду минип ал
Ак күбөнү кийип ал
Жатып алба жай аял
Кабар ала койсоңор
Жаткан жерибилсеңер
Байге алса замбирек
Жер барбаган бадирек
Аны сапарга алып бар
Тай-буурулум болгондо
Сыны жакшы болгондо
Ар мүнөзү көңүлчөк
Табы жакшы болгондо
... мүнөзү...
Күлүк Тай-буруул ...
.... кийди эле
Тай буурулду минди эле

Цилиндр №2

Астымдагы Тай-Буруул
Кимиң барсаң аның бар
А Тай-Буруулду минди эле
Ак-Кубөнү кийди эле
Жатып алба жай аял
Кабар ала койсоңор
Жаткан жери билсеңер
Ак-Келтени асынып
..... эле.
Астындагы Тай-Буруул
... менен асылат,
Арам өлгөн Тай-Буруул
Абайы менен жабылат,
Көкүлүн көккө ыргытат,
Туягын эерге мылгытат
Калың үйүрдөн бөрттү эле.
Өңгү-дөңгү желдирип,
Өрт жаккандай алдырып,
Эңги-деңги желдирип,
Эңке аткандай алдырып,
Болуп гана барган ошол!
Чоң Үргөнчкө бард'эле,
Чоң Үргөнчтүн белгиси
Күкүк болуп күүлөнүп,
Күңгүрөнүп сүйлөнүп,
Жаткан экен Чоң Үргөнч!
Оо кудай билет ким билет?
Чоң Үргөнчтүн белгиси
Күкүк болуп күүлөнүп,
Күңгүрөнүп сүйлөнүп,
Нече бөлүк түрлөнүп
Жаткан экен Чоң Үргөнч!
Тоодо мөңгү бузулуп,
Кары, суусу кошулуп,
Карагай менен сал агып,
Кайың менен тал агып,
Үйдөй болгон карагай
Бары бирге кошулуп -
Кудай билет ким билет?
Үстүндөгү ак көбүк
Камырдай болуп жуурулуп,
Аны көргөн адамдар
Заманасы куурулуп,
Төө өркөчтөп төгүлүп
Жаткан экен Чоң Үргөнч!
Жер-жерге минди жүгүрүп -
Үйдөй болгон кара таш
Суу түбүндө шалдырап,
Чоң Үргөнчкө барганда
Жер-жерге минди

Цилиндр №3

Чоң Үргөнчтүн белгиси
Чылбыр салса бойлобой
Чылбырга түлкү жойлобой
Чоң Үргөнчтүн белгиси
Аркан салса бойлобой
Адырга түлкү жойлобой,
Эки чети жар болуп,
Орто жери кан болуп
Жаткан экен Чоң Үргөнч!
Кудай билет ким билет
Он экиде Күл чоро
Кан бүйүзүнөн караса
“Кечүүнү кайдан билейин,
Кечүүнү кимден сурайын?” –
Эки жагын карабай,
Өлөмүң деп санабай,
Он экиде Күл чоро
Карап турчу чунак болду!
Кудай билет ким билет!
Жараткан өзү билбесе,
Айтканым жалган келбесе
Чоң Үргөнчкө барганда
Сууга салып кирди эле!
Бара түшүп жоголду,
Жоголо түшүп оңолду!
Астындагы Тай-Буурул
Кашы такылдап барганда,
Булгарындан тердиги
Суусу кагып бурчунан,
Астындагы Тай-Буурул
Чилдей кылчылдап!
Оо кудай билет ким билет!
Муну мындай таштаңар,
Акун кан кызы Ай-Чүрөк
Ай-Чүрөктөн кабар ал!
Кырк келиндер көч алып,
Кырк кыздарын кошо алып,
Ак чатырын бүктөдү,
Ак борчукка жүктөдү;
Көк чатырын бүктөдү,
Көк борчукка жүктөдү
Кудай билет ким билет!
Чоң Үргөнчтүн боюна
Ак чатырын тикти эле
Кудай билет ким билет!
Тубардан кылган жоолугун
Башына эми салды эле.
Койкойо басып бырды эле
...
Башына салып алды эле
... га барды эле.
“Семетей келет ырактан
Анын өзүн көргөндө
Өзүм жооп берейин!”
...

Цилиндр №4

Көк чатырын бүктөдү,
Көк борчукка жүктөдү,
Ак чатырын бүктөдү,
Ак борчукка жүктөдү.
Акун кан кызы Ай Чүрөк
Чоң Үргөнчтүн боюна
Чоң Үргөнчкө келди эле.
Чатырын тикти ... да
Керебетин оңдоду
Тубардан кылган көшөгө
Туура тартып салды эле.
Анын кыздары ...
Акун кан кызы Ай Чүрөк
...
“Түшүмдү жакшы жоруңар!
Кечинде көргөн түшүмдө
Ат башындай ак шумкар
Мунудай аалам сызыптыр!
... дан бөрү алды!
Азуулуудан түлкү алды!
... бул эмине болучу?
Эки чаар ала жолборс
Көчөнүн барын кыдырып,
Капканын барын сыдырып
...
Кудай билет ким билет!
Жасалгуу боз үйдү
Тескей алга тигипмин.
... бул эмине // болучу?

Цилиндр№5

Жасалгуу боз үйдү
Тескей алга тигипмин.
Бул эмине болучу?
Эшигимдин алдында
Эки май көл...
Бакасы чардап жатыптыр.
Жеңелер, бул эмине болучу?
Кудай билет ким билет!
Как төрүмдүн түбүнө
Чынар терек чыгыптыр
Башы асманга тийиптир.
Жеңелер, бул эмине болучу?
Кудай билет ким билет!
Айтканым жалган келбесе,
Алда Таала билбесе
Кудай билет ким билет!
Муну келиндерим жоруп берсеңер!”
Ошондо он эки жубан, отуз кыз
Келинди кыздар карады,
Келиндер жерди байкап карады.
Бечара...
Бечаранын бир кызы
Келинди кыздар караса,
Келиндер жерди байкап карады
“Мен болсо анан Ай Чүрөк – түш жоруп берейин!
Бул ат башындай ак шумкар
Алганың ай алганың
Жакшы таптап салганың!
Азуулуудан бөрү алса,
Шыгайдын уулу Чын кожо чунак болгонсуп
Семең мунун башын кесип алганы!
... дан түлкү алса,
Жедигердин Эр Толтой
Жездекем, мунун алып салганы!”
Оо кудай билет...

Цилиндр №6

... берейин!
...
Эки чаар ала жолборс
Көчөнүн барын кыдырса,
Капканын барын сыдырса,
Семетейдин Кан чоро менен Күл чоро,
Эки берен болгону.
Жеңелер ...
Мунун ...
Эшигиңден караса,
Эки май көл ...,
Бакасы жатып чардаса,
Элиндин кенен тарагам!
Семетейдин ...
... калганы
...
Как төрүңдүн түбүндө
Чынар терек ай чыкса,
Башы асманга тийип эсе,
Манастын уулу Семетей
Ай Чүрөктү алганы!
Байбиче болуп калганы!
Башаалыкты көк сүрүп,
Семетей башаа ... Үргөнчтөн өткөнү!”

Запись публикуется по изданию «The Semetey of Kenje Kara. A Kirghiz Epic Performance on Phonograph». Daniel Prior. Turkologica, 59. Harrassowitz Verlag – Wiesbaden, 2006. В транскрипции кыргызского текста Дэниелу Прайору помогал Ишембай Оболбеков.
X
Сюжеты
Как создавался кыргызский сом?
Исчезновение Орхана Инанды
Похищение и убийство Айзады
Пресс-конференция С.Жээнбекова
Что произошло в Кой-Таше?
Убийство Айеркена Саимаити
Жестокая драка в Джале. Видео
Задержание Атамбаева. Все новости
Двойное убийство на Энильчеке
Лишение неприкосновенности Атамбаева
Беспорядки в Ороке
«Безопасный город»
Стадион «Сельмашевец». Грусть, печаль...
Разгон митинга на площади Ала-Тоо. Фото, видео
Новые кодексы. Что поменялось?
<
>

АКИ-Files
05-03-2024
23-10-2023
10-05-2023
07-04-2023
29-03-2023
27-03-2023
24-03-2023
03-03-2023
11-09-2022
09-09-2022
09-05-2022
11-04-2022
02-03-2022
28-12-2021
11-05-2021
14-01-2021
10-01-2021
23-01-2020
25-07-2019
14-07-2019
07-04-2019
12-03-2019
12-12-2018
27-02-2018
15-02-2018
18-12-2017
20-10-2017
16-06-2017
09-05-2017
02-11-2016
12-10-2016
06-10-2016
15-09-2016
24-08-2016
15-08-2016
26-07-2016
24-05-2016
11-05-2016
10-05-2016


×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти