Токтонаалы Ашыралиев.
Ардагердин тарыхы жана тагдыры

Согуштун отун кечип, аман кайтып келип, бирок саясий репрессиянын согуштан кийинки толкунуна кабылган ардагерлердин бири Токтогул районунун Торкен айылынын тургуну Токтонаалы Ашыралиев болчу. Аксакалдын көзү өтүп кетсе да, айылдаштары анын татаал тагдырын, майтарылгыс эркин сыймыктана эскеришет.

Быйыл Улуу Жеңиштин 71 жылдыгы белгиленет. Жеңиштин тарыхтагы орду чоң экендиги белгилүү. Тилекке каршы, согушка катышкан ардагерлердин саны жыл сайын азайып барат... Кийин ал ардагерлердин уул-кыздары, небере-чөбөрөлөрү гана эскерүү сөздөрүн айта алышат.

Согуштун отун кечип, аман кайтып келип, бирок саясий репрессиянын согуштан кийинки толкунуна кабылган ардагерлердин бири Токтогул районунун Торкен айылынын тургуну Токтонаалы Ашыралиев болчу. Аксакалдын көзү өтүп кетсе да, айылдаштары анын татаал тагдырын, майтарылгыс эркин сыймыктана эскеришет. Жеңиш майрамын утурлай Токтонаалы аксакалдын уулу Эркин Ашыралиев менен атасын эскерип маектештик.

«Даңк» медалын алган куну.
2001-жыл
11

- Эркин байке, Улуу Ата Мекендик согуштун 71 жылдыгы келе жатат. Сиздин атаңыз да согуш ардагери болгон турбайбы. Азыр ардагерлердин саны күндөн-күнгө азайып баратат. Атаңыз жөнүндө айтып бербейсизби.

- Менин атам Токтонаалы Ашыралиев 1918-жылы Кетмен-Төбө өрөөнү, азыркы Токтогул районунун Торкен айылында төрөлгөн. 9 бир туугандан каза болуп отуруп, эжеси экөө гана калат. Балдары токтобой каза боло бергендиктен, ата-энеси токтоп калсын деген ниетте эжесине Токтокан, атама Токтонаалы деп ырымдап ат коюшкан экен.

Атам бала кезинен атасынан эрте айрылып, жалгыз энесинин колунда чоңоет. Эс тартып калганда окуйт элем, деп энесине айтса, энеси (чоң энем) караманча каршы болуп, «жалгыз балам болсоң мен сени эч жакка жибербейм, мени багасың» деп каршы чыгат. Энеси алибеттүү, каардуу, анча-мынча эркектерди өз ордуна коюп койгон аял болуптур. Энесинин айткандарын укпай окуйт элем деп ар кандай кыялдарын көрсөтө бергенине ачууланган энеси колунан тамдын түркүгүнө асып байлап коет. Ошондо атамдын таякеси Кулсары келип калып, жагдайды уккандан кийин эжесин «эмне балаңды өлтүрөйүн дедиңби, окугандын эмнеси жаман, биз барбыз го ачкадан өлбөйсүң, окуйм десе баланын жолун тоспо» деп урушуп, атамды окууга жиберүүгө көндүрөт. Ошентип атам балдар үйүндө окуп чоңоет. Андан кийин 1936-жылы армияга кызмат өтөөгө кетип, ал жактан офицердик курсту бүтүрүп, офицер болуп кызмат өтөп жүрөт. 1939-жылы Фин согушуна катышып, андан кийин 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталып кетип, атам кан майданга кирип кетет. Сталинградды коргоого, Великие Луки шаары, Курская дуга, Кронштадт порттору үчүн болгон согуштарга, батыш Украинадагы Бандеровчулар менен болгон согуштарга катышат. Согуш аяктагандан кийин 1946-жылы аман-эсен айылына кайтып келет.

Согуштан кайтып келгенден кийин (солдон биринчи).
1946-жыл
1

- Атаңыз согушта болгон окуяларды эскерчү беле?

- Атам согушта жарадар болгондорун, кээ бир осколка октордун денесинде өмүр бою калып калганын, ротасы менен бир канча жолу курчоодо калган күндөрүн, Великие Луки жеринде поездде 1200 солдат кетип бара жатканда немецтик учактардын бомбалоосуна туш болуп, мөндүрдөй жааган октордон болгону 127си гана аман калганын, Советтик армиянын духунун күчтүүлүгүн эстеп калаар эле. Сталинграддын алдындагы согушта жарадар майордун чубалып жаткан ичеги-карынын колуна кармап алып, «мени атып салгыла» деп суранганда, «жолдош майор чыда, аркада санитарлар келе жатат» дегенге болбостон, кайра атама карап: «Товарищ офицер, я тебе приказываю! Стреляй меня!» деп кыйкырганда «чыда майор, чыда» деген боюнча ураалап алдыга чуркап, чаңкаганда тамактары кургап, ичээрге суу жок, айла кеткенде уюган кандын үстүнө тунуп калган сары суусун ичкендерин, канга боелгон күндөрүн оор үшкүрүнүп эскерээр эле.

Ар жылы 9-май Жеңиш күндөрүндө көкүрөгү толо орден-медалдарын тагынып, бизге карап, «балдарым бул согуштун жүзү курусун, эч качан согуш болбосун, силер согушту көрбөгүлө, бул согуш канча деген эр-азаматтарды алып кетти, мына менин көрөр күнүм, ичээр суум бар экен, минтип тирүү жүрөм, балдарым» дээр эле.

- Атаңыз согушта 2 жердеши менен бирге болуптур го?..

- Ооба, атам согушта зводдун, ротанын командири болуп, улук лейтенант чини менен аяктаптыр. 1945-жылы согуш бүткөндөн кийин 1946-жылы Батыш Украинадагы Бандеровчулар менен болгон согушта атам кызмат кылган батальонго аскерлер келип толукталып турчу экен. Атам ошол батальондун курамындагы ротанын командири болуп кызмат өтөп жатыптыр. Батальонго жаңы кошулган аскерлердин арасында коңшулаш Ак-Тектир айылынан Асан аттуу киши жана бир айылдашы торкендик Касымаалы деген киши болуптур.

Атам экөөбүз бир күнү ошол Асан аксакалдыкына барып калдык. Ал киши жашы жетимиштерге барып калса дагы колхоздун кампа башчысы болуп иштеп жатыптыр. Асан аксакал атама карап: «Оо калмак, кандайсың?», дегенде эле экөө каткырып күлүп калышты. Акыбалдарын сурашкандан кийин мени карап, «бул бала ким, уулуң го, сен «калмактын» баласы турбайсыңбы» деп мени тамашалап калды.

«Ой балам, сен «бул киши эмнеге эле атамды «калмак» деп айтып жатат деп» таң калба, атаңды «калмак» дегенимдин себеби бар. Биз атаң экөөбүз согушта бир болгонбуз. Силердин Торкениңерден Касымаалы деген киши да биз менен чогуу болгон. Эми балам сен муну билип жүрүшүң керек, кийин айта жүрөөрсүң. Биз Касымаалы экөөбүз согушка баргандан тарта чогуу болдук. Согуш бүткөндө келээрге жакын бизди башка бөлүккө которуп жиберишти. Касымаалы экөөбүз жаңы бөлүккө кошулгандан кийин да мекенибизге кетээр күндү самап отурдук. Бир күнү батальондун командири келип, баарыбыз тизилип туруп калдык. Бир маалда үстү ачык жеңил унаа менен комбат, подполковник...», бул учурда Асан аксакал «Ким эле?», деп эстей албай атамдан сурап калды, атам «Кузнецов» деп жооп берди.

«Ошол батальондун командири Кузнецов менен кошо ротанын командири ушул «калмак» атаң да чогуу келди», деп күлүп калды. «Мен мурда атаңды тааныбайт экенмин, - деп сөзүн улады. - Узун бойлуу, узун шинель кийген, кайкайган фуражкасын баса кийип, бутундагы офицердик өтүгүн жалтырата майлаган экен. Комбат жалпы учурашуудан кийин бизге карап, «жолдош солдаттар баарыңарды жеңишиңер менен куттуктайм. Бирок биз үчүн согуш бүтө элек. Бандеровчулардын тамырын толук жок кылмайынча биздин согушканыбыз согушкан. Ар бириңерди дайыма даяр болууга чакырам», деди. Касымаалы экөөбүздүн маанайыбыз түшүп, шалдырап эле отуруп калдык.

Бир маалда Касымаалы мага «эй, Асан, жанагы ротанын командири биздин торкендик Токтонаалы көрүнөт, жүрөгүм сезип турат», деп мага жайлооруй карады. Мен болсо «эй, Касымаалы, дөөрүбөй жөн отурчу, сенин Токтонаалыңды ким командир коймок эле. Ал казак же башка улуттан болушу мүмкүн. Сен андан көрө аманчылыкты тиле, элибизге аман кетели. Сен ар кимди көрүнгөнгө окшоштура берсең, эртең жанагы комбат дагы сенин дагы бир торкендигиңе окшош болуп көрүнөт», деп Касымаалыны кагып койдум. Касымаалы өзүнчө эле сүйлөнүп, «кантип эле ушундай болсун же чын эле көзүмө ушундай көрүнүп жатабы, бала кезде Токтоналыны көрүп эле жүргөм, экөөбүз тууган да болобуз да» деп эле сүйлөнө берчү болду. Же ал командирибиз бизге жолукпайт.

Кудай жалгап, бир күнү түшкө маал келсек кесилген дүмбүрдүн үстүнө картаны жайып алып 2 офицер менен карап отурушкан экен. Касымаалы көрө калып эле «эй Асан, чын эле Токтонаалы бекен сурачы, сен орусчаны жакшы билесиң го» деп күйпөлөктөп кетти. Бир убакта дүмүрдүн үстүндө китеп кармап жалгыз отуруп калыптыр. Мен түз эле солдаттык басык менен барып, честь берип, орусча доклад кыла баштадым. «Товарищ командир, разрешите обратиться» десем, мени бир карап туруп, «Ну обращайся» деди. Мен кыргызча «Сен кыргызсыңбы? Токтонаалысыңбы?» десем эле, мени каардуу бир карап туруп, «Ты что бормочешь, какой я тебе кыргыз, какой я тебе Токтонаалы, я калмык, встань в строй!» деп кыйкырганда шарт бурулуп, Касымаалыны сөгүп баратам. Барып эле Касымаалыга «мен сага айтпадым беле, сенин Токтонаалыңды ким командир кылмак эле, ал деген калмак экен десем эле» Касымаалы шалдырап эле отуруп калды. Анан мен ага «эй Касымаалы, эгерде эми жанагы орус комбат дагы көзүңө дагы бир торкендик айылдашыңа окшош болуп көрүнсө, анда өзүң барып сурап ал» деп нары карап басып кеттим. Ошентип убакыт өтүп жатты. Касымаалы экөөбүздүн тилегенибиз эле эл-жерибизге аман-эсен кетүү.

Бир күнү Касымаалы мага карап: «Асан ушунчалык согуштун азап-тозогун баштан өткөрүп келдик, канчалаган кан кечтик, эми минтип Бандеровчулар менен болгон согушта жүрөбүз. Кудай сактасын, бирок кокус экөөбүздүн бирибизге ок жаңылып, көз жумулуп кете турган болсок, эл-журтка, ага-тууганга кайсы жерде жатканыбызды айта бара турган бололу», деп кобуранып калды. Мен ага: «эй Касымаалы, андай жаман ойлорду айтпа, Кудай буйруса, экөөбүз тең жакында аман-эсен кайтабыз. Сага айткан жок элем, кечээ жакында ишенимдүү адамдардан угуп калдым, Кудай буюрса, экөөбүз тең эл-жерибизге жол тартабыз» десем, мени кучактап алып, көзүнөн жаш кылгырып, «Оозуңа май, оозуңа май» деп алкап жатты.

Ошол 1946-жылдын август айында аскерден толук бошотулуп жолго чыктык. Поездге түшөлү деп жатсак, баягы «калмагым» чемоданын көтөрүп биз түшө турган поездге келип калды. Анан мен «товарищ командир, вы тоже с нами поедите?» деп сурасам, «Да я тоже с вами поеду, меня отправили в Среднеазиатский округ, теперь там буду служить» деп жооп берип, поезддин ичине кирип кетти. Поездде кетип баратабыз. Офицерлер өзүлөрүнчө бөлүнүп алып карта ойноп келе жатышты. Касымаалы улам аларды карап келип кайра ордуна отуруп калат. Ошентип поезд Кыргызстанга жакындап калганда Касымаалы жакын келип колун жаагына таянып отурса, анда бул «калмагым» (атамды көрсөтүп), Касымаалыны карай калып кыргызча «эй, Касымаалы, тур оозуңду ачпай чай алып келе калчы» дегенде Касымаалы бакырып эле атаңды кучактап калды. Ошо жерден үчөөбүз кучакташып жатып калдык. Мына ошол жылдан ушул күнгө чейин бири-бирибиз менен катташып келе жатабыз. Атаңды «калмак» деп тамашалаганымдын таржымалы ушундай балам», деп сөзүн аяктады.

Мен атама карап: «Ой ата, эмнеге өзүңүздү жашырдыңыз» десем, «ээ буларга окшогон солдаттарга сырыңды айтсаң, теңтуш болуп албайбы», деп каткырып күлүп калышты.

Токтогул районундагы үйүндө.
1949-жыл
2

- Атаңыз согуштан келгенден кийин жалган жалаа менен түрмөгө камалган дешет.

- Ооба ошондой окуялар болгондугун айтаар эле. Атам согуштан келип, апама үйлөнүп, 1 эркек, 1 кыздуу болуп калган экен. Анда атам райкомдо референт болуп иштеп турган болот.

Күндөрдүн биринде райондо шайлоо болуп, райкомдун 2-катчылыгына Шевцов аттуу адамдын талапкерлиги коюлат. Шайлоо жабык түрдө болуп, шайлоого катышкан коммунисттердин 16сы каршы добуш берип коюшат. Ал убакта мындай көрүнүш өтө жаңжалдуу болгондуктан, каршы добуш берүү Советтик мамлекетке каршы чыгуу менен барабар болгон экен. Каршы добуш берген 16 коммунисттердин ким экендиктери изилдене баштайт. Ошол убакта биздин Торкен айылдык сельсовети болуп иштеген бир айылдаш Мамырова Асылкан аттуу аял атамды ошол шайлоодогу каршы чыккан адамдардын уюштуруучуларынын бири болгон деген жалган шылтоо менен фамилиясын жазып берип коет. Ал убакта Токтогул өрөөнүндө пахта эгилчү дейт. Апам 3 жашар баласын, 2 жашар кызын жанына алып пахта талаасында иштечү экен. Бир убакта пахта талаага атам келгенден кийин эле, аркасынан КГБнын адамдары келип калышат. Алар дароо эле атамдын колуна кишен салып, машинага сала баштаганда, ошондо атам «токтогулачы, балдарым менен коштошуп алайын» дегенге болбогондо апама карап «айланайын Чынар, эми мени көрөсүңбү, көрбөйсүңбү аны бир Кудай билет. Балдарды кор кылбай багып чоңойт. Кош бол Чынар!» деген боюнча машинага күчтөп салып алып кетишет. Апам болсо кенедей 2 баласын кучактаган бойдон ботодой боздоп кала берет.

Ошол 1950-жылы атамды Жалал-Абаддагы СИЗОдо бир күн кармап, андан кийин самолет менен Ташкент аркылуу борбордогу эски КГБнын СИЗОсуна алып келип камашат. КГБнын СИЗОсунда атам 11 ай сурак берет. Ошондогу адам чыдагыс кыйнагандарын, көгала койдой сабап туруп, ээси оогондо үстүнө бир чака муздак сууну куюп, иттин өлүгүндөй сүйрөп барып, кайра камерага киргизип коюп турушканын зааркануу менен айтаар эле.

Атам айтчу «адам ит жандуу болот турбайбызбы, 4 тишимди кычкач менен суурушту. Күнөөнү мойнума алдырыш үчүн эмнени гана кылышкан жок. Мен эч кандай күнөөлүү эместигимди, шайлоого катышпаганымды, мен болгону референт гана болуп иштеп жүргөнүмдү, мага коюлган күнөөлөр болбогон жалаа доо экенин айтып мойнума албай жүрдүм.

Бир күнү атайын Москвадан тергөө бөлүмүнүн жетекчиси келип сурак жүргүзө баштады. Менден «эмнеге сен жасаган күнөөлөрдү мойнуңа албайсың» деп сураганда, «мен кайсы кылган күнөөмдү мойнума алышым керек» дедим. Анда ал ачуулана колундагы кармап турган тиркелген кагаздарды столдун үстүнө бир чаап, «ушул күнөөлөрдү» деди. Ошондо мен андан: «айтыңызчы, сиз согушка катыштыңыз беле?» десем, «катышкам», деди, «офицерсизби?» десем, «ооба, офицермин» деп ачуусу келип, «анын сага кандай тиешеси бар же сен мени суракка алайын дедиңби» деп ачуулана кетти, «жок, жолдош тергөөчү, мен сурооңузга жооп берейин, менин сизден сураганымдын себеби, мен дагы офицермин. Мен дагы эл-жер үчүн канымды төгүп немистик фашисттер менен согушуп келдим. Эгер менин ниетим бузук болуп, алдагы алдыңыздагы кагаздардагы жазылып турган Совет өкмөтүнө каршы маанисиндеги айыптар чын болгон болсо, анда мен дагы согуш маалында бир нече жолу өзүмдүн ротам менен курчоодо калганда Власовго окшоп немистер тарапка өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүгүм бар болчу. Мен андай кылган жокмун, кылмак да эмесмин. Эгер бул жообум аздык кыла турган болсо, анда менин батальонумдун командири, подполковник Кузнецовдон сурагыла. Эгер ал мен жөнүндө шектүү, бузук адам болчу деп айтса, мага бир огу менен тапанча бергиле мен ошол жерден өзүмдү-өзүм атам. Жолдош тергөөчү эми сиз өзүңүз айтыңызчы, деги ушул жалган каралоого сиз ишенесизби? Күнөөнү мойнума алдырыш үчүн кандай гана кыйноолорду жасашкан жок, тиштеримди суурушту, адам чыдагыс ур-токмокко алышты. Мен согушта кан кечип жүрүп өлбөй, эми ушул акыйкатсыздыктан жалган жалаа доонун айынан өлө турганымды сезип жатам. Эми мен сизди согушка катышкан адам катары сурайын, мен ушул жалган жалааны мойнума алышым керекпи?» десем, башын чайкап туруп, менин тулуптай шишиген бетимди карап, «ты офицер, надо признаваться» деп чыгып кетти.

Бир убакта тергөөчү менен жаш кыргыз жигит кошо келди. Кирип келип эле тигил кыргыз жигитке карап, «мен келгенче бул тууганыңдан шайлоону кантип бурмалагандыгын сурап тур» деп кетип калды. Жаш жигит жаңы орношкон көлдүк жигит экен. Менин тамтыгы чыккан кебетемди карап, «эй байке, сага жашоонун кереги жокпу?» дегенде, мен ага: «эмнеге мага кереги жок экен, үйдө ботодой боздоп аялым, ата ким экенин биле элек 2 кенедей балдарым калды, ошолор үчүн болсо да жашагым келет» десем, «анда жашагың келсе, коюлган күнөөлөрдү мойнуңа алгын дагы калганын көрө жатарсың, болбосо бул жерден өлүгүң чыгат, сен деген бул жерде тирүүнүн өлүгүсүң» деди. Мен бул жерде чындыкка эч качан жете албастыгымды түшүнүп, андан ары Кудайдын айтканын көрөрмүн деп, мага коюлган айыптардын бирине да карабастан кол коюп берип салдым.

Ошондон баштап мени жалпы камерага которушту. Ал жерде жазуучу, Манас изилдөөчүлөр, Ташым Байжиев, Зияш Бектенов, Тазабек Саманчиндер да отурушкан экен. Ошентип өкүмдү күтүп жаттым. Тазабек Саманчин күндө эле ыйлайт, «мени кайсы күнөөм үчүн камашат, эмнеге мынчалык кордошот, ушинтип өлтүрүп коюшабы» деп эле зээнди кейите бергенинен, мен урушуп салдым, «эмнеге ыйлайсыз же сизди бирөө угуп жатабы, эки жагыңызды карабайсызбы, алдың үстүңдүн баары цемент, ыйласаң эле бирөө келип, бошотуп кетеби, ажалың жетсе өлөсүң, ажалың жок болсо кудайдын айтканын көрөсүз, боздобой жөн отуруңузчу, андан башкасы да жетишип турат», десем чыйрала түштү көрүнөт тып эле токтоп калды».

Ошентип убакыт өтүп соттун өкүмү угузула баштайт. Өкүмдө «за контрреволюционную деятельность против Советской власти, против генеральной линии Коммунистической партии Советского Союза приговорить Т.Ашыралиева к 10 годам лишения свободы» деп өкүм угузулуп, эгерде 10 жылдын ичинде кандайдыр бир жагдайлар болуп кала турган болсо, кайрадан чакыртылып, мөөнөтүн дагы узартуу боюнча чечим кабыл алынат.

Атам айтаар эле «согуш бүткөндөн кийин буйрук чыгып, элибизге кайтаар күнү өзүмдүн командирим, подколковник Кузнецовго коштошкону кирсем эле мага көңүлсүзүрөөк мамиле жасап, колундагы саатын карап туруп, «Жолдош Ашыралиев, дагы 3 саат убактың бар жакшылап ойлонуп кел», деп кабыл албай чыгарып жиберди. Мен комбаттын оюн дароо эле түшүндүм. Ал буга чейин эле бир нече жолу мага мекениме кетпей, өзү менен кошо калып, кызмат өтөөнү сунуштаган. Бирок мен эл-жеримди, жалгыз калган энемдин тирүү экенин, энем мени күн сайын күтүп жүргөнүн эстегенде, комбаттын сунушуна макул болбошко туура келди. 3 сааттан кийин Кузнецовдун кабинетине кирип барып, «Товарищ комбат, разрешите обратиться?» десем эле, кыраакы адам да менин эмне деп айтаарымды дароо сезип, «Отставить!» деп мага карап, «Товарищ Ашыралиев, ты куда собрался?» дегенде, «На малую родину» десем, «Давай, садись» деп шкафынан бир бөтөлкө аракты алып чыгып, ортого коюп экөөбүзгө куюп, «Товарищ Ашыралиев, мы вдвоем всю войну вместе прошли. Вместе спали, вместе ели. Ты же боевой офицер, давай оставайся, со мной послужишь еще. Ну что делать дома? В стране голод и разруха, а тут все-таки армия, сыт будешь, может здесь еще поженишься», деп мага карап мыйыгынан күлүп, «Ну что, передумаешь?» дегенде «Нет, командир, спасибо. Я поеду к матери. Мне ее видеть надо. Может еще когда-нибудь увидимся» десем, комбат мени карап, «Ну, Ашыралиев, как знаешь, уезжаешь - уезжай, но только потом не возвращайся ко мне» деп тамашалап, эми чечим чыгарыш өзүңдөн сунуш кылыш менден деп куюлган аракты ичтик дагы кучакташып коштоштуп ажыраштык. Ошол ошол боюнча калды.

Өкүм чыгарылып 10 жылга кесилип, Россиянын Воркута жерине Москва аркылуу этап менен 42 кишини алып келишти. Воркута лагеринин башчысы мурдагы согушта угуп жүргөн генерал-майор Самодуров деген адам экен.

Воркутадагы учур.
1955-жыл
6

Ал жерде 62 шахта, 62 лагердик бөлүктөр жайгашыптыр. Бизди келгенден кийин 7 күн карантинде кармашты. 7-күнү ар бирибизди бирден биз бөлүгөн лагердик бөлүктүн начальнигине фамилиябызды чакырып киргизе баштады. Бирок менин фамилиям эң акыркы болуп чакырылды. Каалганы ачып баш бакканда эле тагдырдын тамашасын кара, төрдө отурган комбатым Кузнецовду көрүп, нес болуп туруп калдым. Көрсө ал киши мурун эле билгендиктен мени акыркы кылып чакырганы ошондон тура.

Воркутлаг.

Воркута-1 Воркута-2

Отурган жеринен турбастан көзүнүн үстү менен мени карап туруп, «Ну что, боец, здравствуй! Помнишь, я тебя предупреждал? Ты меня не послушал. Вот теперь заработал, получи. Теперь от меня ничего не жди. Здесь подземные работы, люди калечатся, погибают. Ты этого хотел? Давай сделаем так. Здесь все контролируют 3 человека из КГБ. Если они узнают, что начальник лагерного отделения воевал вместе с заключенным Ашыралиевым, то в течение получаса тебя отсюда уберут и переведут в другой лагерь. Ты никому не говори, что воевал вместе с Кузнецовым. Я постараюсь оставить тебя на надземных работах. Теперь иди, ты меня не знаешь, я тебя не знаю» деп аз убакыттын ичинде бири-бирибизден алыскы аралыкта сүйлөшүп, ошол боюнча бири-бирибизге жолугушкан жокпуз.

Кузнецовдун жардамы менен жердин үстүндө иштеп, 6 жыл дегенде саясий камалгандардын акталуусуна туш келип, 1956-жылы толук акталып эл-жериме кайтып келдим» деп айтаар эле.

Воркутадан кайткандан кийин
1956-жыл
5

- Атаңыз репрессиядан кайтып келгенден кийин бир кездеги шайлоодо каршы добуш берилген, репрессияланышынын себеби болгон Шевцов менен жолугушкан бекен?

- Ооба экөө жолугушкан экен. Ал убакта ал киши Ош областык элдик контроль кызматында иштеп турган дейт. Атам экөө кандайдыр бир жыйын болуп, ошол жерден бет келишип калат. Шевцов атамды карап, «Оо, товарищ Ашыралиев, ты до сих пор живой что ли?» деп какшыктап сурап калат. Анда атам дагы сөзүнө жараша жооп кылып, «ооба мен эмдигиче тирүү жүрөм. Себеби сурак маалында мени тигил дүйнөгө кетирүүгө аракет кылышты. Бирок ал жакта чындыкты, акыйкаттыкты катуу кармашат экен, менин ак экенимди, эч кандай шайлоого катыштыгым жок экенин ошондой эле сизди өмүрү көрүп билбегенимди билишип, мени ал жакка кабыл албай коюшту, жолдош Шевцов», деп мен дагы сөзүнө жараша жооп кылып нары карай басып кеттим, деп айткан эле.

Торкен колхозун жаны башкарып турган күндөрү.
1962-жыл
3

- Атаңыз ал жылдары ким болуп иштечү экен?

- Атам 1956-жылы акталып келгенден кийин колхоздо тоют топтоо бригадири болуп иштеп калат. Бара-бара бригадасы алдыңкы ийгиликтерге жетишип, эмгеги бааланып, башкарманын жардамчысы болот. Кийин башкармалыкка көтөрүлөт. Колхозду 20 жылдан ашык башкарган жылдары, эң алдыңкы орундарга жетишип, райондук, облустук, республикалык ар кандай сыйлыктарга көрсөтүлүп, ардак такталарга илинип турган, мамлекетке кылган көп жылдык эмгектери бааланып, мамлекеттик бир нече орден-медалдар менен сыйланган.

1973-жыл
7

- Социалисттик эмгектин баатыры, Ленин, Эмгек Кызыл-Туу ордендеринин ээси, республикадагы биринчилерден болгон атактуу жүгөрү звеновой Аманкан Мамыров да ошол жылдары «Торкен» колхозунан чыккан турбайбы?

- Атам жаңы башкарма болгон жылдары Аманкан Мамыров мектепти бүтүрүп, тракторлорго шаймандарды илгич (прицепщик) болуп иштеп жүрүп, армияга кетип, кайра келгенден кийин трактористтин окуусун бүтүрүп, колхоздо тракторист болуп иштеп жүрөт. Бир күнү атама келип «шофердун окуусуна окуйт элем» десе, атам болбой «сен эч кандай шофер болбойсуң, тракторист гана болуп иштейсиң» деп уруксат бербей коет. Бара-бара Аманкан Мамыровду жүгөрү звеновой, бригадир кылып көтөрмөлөй баштаганда, айылдагы жакын туугандар атама капа болушуп, «Токтонаалы эмнеге эле өзүн түрмөгө каматкан адамдын баласын көтөрмөлөйт, эмне үчүн ошондой эле колхоздо иштеп жүргөн жакын туугандарды колдоп койбойт», деген ар кандай нааразычылыктар айтыла баштайт. Атам ага карабай, Аманкан Мамыровдун эмгекчилдигин, аракетчилдигин, таалыкпаган эмгектерин баалап, колхоздун баардык күчүн жумшап жүрүп, болуп көрбөгөндөй жүгөрүнүн мол түшүмүн алып тургандыктан, мамлекеттик пландардын ашыгы менен аткарылуусунун натыйжасында, эмгеги бааланып, Ленин, Эмгек Кызыл-Туу ордендери ыйгарылып, акыры мамлекеттик эң чоң сыйлык Социалистик эмгектин баатырлыгына көрсөтүлөт.

Ооба чындыкты моюнга алыш керек. Эгерде атам кекчил, жаман адам боло турган болсо, ошондогу апамдын кенедей 2 баласын кучактап ботодой боздоп калып калганын эстесе, түрмөдөгү сурак учурундагы адам чыдагыс кыйноолорду, абакта өткөргөн 6 жылдык өмүрүн кектеп койгондо, анда Аманкан Мамыровдун орду башка жерде болору талашсыз чындык эле.

Бирок атам аны тескерисинче «атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген макалдагыдай жасап койгону чындык. Менин эсимде Аманкан Мамыровко баатырлык наамы берилген күнү мен биринчи жолу атамдын үйдө отуруп, «мен Асылкандан өчүмдү эми алдым», деп жаш баладай ыйлаганын көргөн элем.

- Атаңыз кайсы жылы көз жумду?

- Атам 2007-жылы 17-декабрда 90 жаш курагында каза болду.

Апам мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, 1979-жылы 49 жашында эле каза болуп калган.

Ошол учурдагы 1968-жылы атамдын учурунда курулган «Торкен» орто мектеби, айыл элинин демилгеси менен 1997-жылдан баштап Токтонаалы Ашыралиев атындагы орто мектеп деп аталып келе жатат.

Биз балдары 3 эркек, 5 кыз тең аман-эсен эл катары жашап келе жатабыз.

Үйлөнгөн жылдары.
1948-жыл
4

Торкен айылындагы Токтонаалы Ашыралиев атындагы мектеп
1997-жыл
8

9

.

АКИ-Files
05-03-2024
23-10-2023
10-05-2023
07-04-2023
29-03-2023
27-03-2023
24-03-2023
03-03-2023
11-09-2022
09-09-2022
09-05-2022
11-04-2022
02-03-2022
28-12-2021
11-05-2021
14-01-2021
10-01-2021
23-01-2020
25-07-2019
14-07-2019
07-04-2019
12-03-2019
12-12-2018
27-02-2018
15-02-2018
18-12-2017
20-10-2017
16-06-2017
09-05-2017
02-11-2016
12-10-2016
06-10-2016
15-09-2016
24-08-2016
15-08-2016
26-07-2016
24-05-2016
11-05-2016
10-05-2016


×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти