Закрыть

Сергей Балакин: «Эмгек» партиясы Бишкектеги транспорт маселеси кандай чечилерин билет

12:43, 6 июля 20212948

Бишкек (АКИpress) – Сергей Балакин жаш болсо дагы жашоодогу тажрыйбасы өтө чоң. Мектеп жашынан бери эмгектенип келет. Бир кездерде Бишкек шаарында кофейня ачып, азыркы учурда бизнес менен алектенет. 33 гана жашта болсо дагы дасыккан инсан. «Эмгек» партиясы тарабынан шаардык кеңешке аттанууда.

Ал бизге бюрократия менен кантип күрөшүп, транспорт маселесин кантип чечсе болорун айтып берди.

- Талапкерлердин арасына кантип келип калдыңыз?

- Жазгы шайлоо кампаниясынын учурунда тааныштарым чакырышкан. Ал убакта деле менин пландарым аз эмес болчу.

- Эл арасында депутаттык мандат бизнести коргоого жардам берет деген кептер бар экен. Сиз үчүн Бишкек шаардык кеңеш эмне?

- Ал бишкектиктердин көйгөйлөрүн чечип бере турган аянтча. Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана коом үчүн пайдалуу идеяларды ишке ашыруу. Кыргызстан менен Бишкектин өнүгүшүн каалайм. Ошол максатым үчүн күчүмдү, билимди жана билгендеримди арноого даярмын.

- Жазгы кампаниядан кандай таасир алдыңыз?

- Мен биздин партиянын бардык ири кампанияларына катыштым. Андагы шайлоочулар менен болгон жолугушуулар өтө жагымдуу таасир калтырды. 20дай жолугушуу өткөрүп, кызыктуу адамдар менен баарлашып, алардын оюн уктум. Алар көбүнесе үйлөр менен короолордун жайлуулугу жөнүндө, көчө жарыгы менен видео көзөмөлдүн жоктугу, транспорттун жана сугат суусунун жетишсиздиги тууралуу сөз кылып жатышты. Жогоруда аталган маселелердин бардыгы партиянын программасында чагылдырган. Мисалы, бир пунктунда эски ирригациялык түйүндөрдү оңдоо жана жаңыларын куруу деп белгиленет. Дагы бир пунктунда шаар боюнча 5 миңге жакын видео көзөмөлдөрдү орнотуу деп айтылат.

Көпчүлүктү, анын ичинде мени бюрократия иренжитет. Ишиме байланыштуу бул нерсеге көп эле тушугам. Муниципалдык кызматтарды колдонуу үчүн көп убакытты маалымкаттарды топтоого коротуп, кезек күтүүгө туура келет. Бүгүнкү күндө мындай болбошу керек.

- Муну менен кантип күрөшсө болот?

- Биздин программанын бир пунктусу санариптештирүү жана кагаз түрүндөгү маалымкаттардын санын азайтууга арналган. Бардык тармактардагы муниципалдык кызматтар автоматташтырылган маалыматтык системанын негизинде «бирдиктүү терезе» принциби боюнча тейленет. Ал кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттырып, жеткиликтүү кылат. Ошондой эле шаардыктардын убакытын үнөмдөйт.

Бишкекте социалдык кызматка муктаж болгон калктын аялуу катмары бар. Аны каттоого киргизүү үчүн дагы да болсо толгон-токой документтерди чогултуу керек болот. Мына ушундай процедураларды кыскарткыбыз келет.

БШКга өтүү менен муниципалдык менчикке инвентаризация жүргүзүп, санариптештиребиз. Аукциондук ачык системаны киргизип, баа түзүлүшү жана коэффициенти саясатын карап чыгып, салыктык эмес каражаттардын түшүүсүн көбөйтөбүз. Бул шаарга түшкөн кирешени көбөйтүүгө жардам берет. Азырынча алардын деңгээли аздыр-көптүр төмөн.

Биздин дагы бир максатыбыз – бюджеттик каражаттарды коротуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыздоо. Минималдуу чыгаша менен максималдуу мүмкүнчүлүк натыйжасына жетишүү керек. Бюджеттик каражаттардын кайда кетип жатканын көпчүлүк шаардыктар биле бербейт. Аталган маалыматтар реалдуу убакыт режиминде коюлуп тура турган интернет-сайт ачууну пландап жатабыз.

Партиялаштарым иш боюнча эбегейсиз зор тажрыйбага ээ болгондуктан, аталган идеялардын баарын биргеликте ишке ашырабыз деп ойлойм.

- Транспорттун жетишсиздиги тууралуу айтып өттүңүз. Бул көйгөй актуалдуулугун жоготпой келет. Ушул тема жөнүндө эмне дейт элеңиз?

- Шаардык кеңешке келип кала турган болсок, лизинг келишиминде газ менен жүргөн ыңгайлуу автобус жана троллейбустарды алат элек. Алар жеткиликтүү, коопсуз, сыйымдуу жана экологиялык жактан таза болот эле. Транспорт тармагын камсыздап бере ала турган жеке ишканалар бар. Алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берет болчубуз. Анда көп сандаган маршруттук таксилерге керек деле калбайт эле.
Аны менен бирге эле элди велосипед, самокат жана гироскутерлер менен жүрүүгө көндүрүү зарыл. Шаар өтө чоң болбогондуктан аталган каражаттар менен каалаган жерге жетип алуу мүмкүн. Бул адамдын ден соолугу менен экологияга пайдалуу. Өзүм дагы жөө жүрүүнү жактырам.

- Талапкерлердин баары эле көйгөйлөр жөнүндө айтып жатышат. Бишкекте жакшы нерселер жокпу? Анын көрктүүлүгү эмнеде?

- Бишкек парк жана бакчаларга бай өтө кооз шаар. Анда аны абдан жакшы көргөн жана жакшырткысы келген ар кыл улуттун өкүлдөрү жашайт.

- Бишкек шаарында сиз жактырган жер барбы?

- Мага Тоголок Молдодогу бакча жагат. Ошонун жанында чоңойгом.

-«Эмгек» партиясынын негизги күчү эмнеде?

- Негизги күч андагы адамдарда. Биздин командадагылардын баары өз ишин мыкты билген кесипкөй, абдан сабаттуу, чынчыл жана ачык адамдар. Биздин репутациябыз жакшы. Көптү билерибизди жана шаар менен анын тургундарына көп пайда алып келе аларыбызды ишибиз менен көргөзө алдык.

Жазгы кампания учурунда башкаларга салыштырмалуу добуштарды сатып алган жокпуз жана эч кимди каралаган жокпуз. Үгүттөө иштерин болушунча таза жүргүздүк.

11-июлдагы шайлоо таза өтүп, кайрадан татыктуу партия өтүшүнө тилектешмин. Анда сүйүктүү шаары үчүн олуттуу пландары бар, амбициясы күчтүү чыныгы патриоттор кызмат кылышы керек.

Исполнитель: ОсОО «АКИ Кыргызстан»; адрес: г. Бишкек, ул. Московская, 189

Заказчик: ПП «Эмгек»

Тираж: 1

Изготовлено: «6» июля 2021 года.

Оплачено из избирательного фонда политической партии «Эмгек партиясы» уполномоченным представителем по финансовым вопросам М.Омуралиевой (рег. уд. №22 от 5 июня 2021 г. БТИК)

Криминал и происшествия в Кыргызстане – в нашем Телеграм-канале @svodka_akipress

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти