Закрыть

Садыр Жапаров дебатка эмне үчүн катышпай турганын айтып, курч суроолорго жооп берди

16:43, 6 января 202111317

Бишкек (АКИpress) – Бүгүн президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоочулары менен Кара-Суу районунда жолугушуп жатып, дебаттын экинчи туруна катышпай тургандыгын билдирди. Талапкердин эмне үчүн мындай кадамга барып атканы жөнүндөгү маегин штаб таратты. Ошондой эле талапкер бир катар курч суроолорго да жооп берди.

Текст өзгөртүүсүз берилди:

– Садыр Нургожоевич, КТРКдагы дебаттардын экинчи туруна да катышпайм деген билдирүүңүз тарады. Биринчи ирет баш тартканыңзда дагы Сиздин дарегиңизге өтө көп сындар айтылган. Шайлоочуларыңызды жоготуп алуудан корпойсузбу?

– Дебатка эмнеге барган жокмун? Анткени мени жаманатты кылып, атын чыгаргысы келгендердин арзан баа чакырыгына жооп бергим келген жок. Ар бир талапкер өзү каалагандай үгүт жүргүзүү ыкмасын тандап алат. Мен жарандар менен түздөн-түз жолугушууну тандап алдым. Бул менин эң баалуу тажрыйбам жана аны эч качан, эч нерсеге алмашпайм. Ушул ай ичинде мен республиканын бүт аймактарын кыдырып, өлкөнүн алыскы булуң-бурчтарында жашаган эл менен жолугушуп келдим. Элдин ондогон жылдар бою чогулуп, чечилбей келаткан көйгөйлөрүн уктум. Ошондуктан менин эл менен чогуу болгон бул убактымды, эч ким тартып ала албайт.

Мен, дебаттардын мааниси жок! – дегенден алысмын. Бирок, менин оппоненттеримдин шайлоо алдындагы пландарын талдап чыгып, бул дебаттарды алар атайын коюлган оюнга айландырып жиберишээрин, анын негизги максаты – мени каралоо, жаманатты кылуу экенин билгенмин. Ошондуктан, буга убактымды короткум келген жок.

– Бирок оппоненттериңиздин буга чейин берген суроолоруна, соцтүйүндөрдө тараган маалыматтарга жооп бербеш үчүн дебаттардан баш тартып жаткандай сезилүүдө. Корккон жоксузбу?

– Мен элдин алдына чыгып жооп бергенден коркпойм, мени каршылаш деп атагандардан да корко турган жерим жок. Андыктан, көп сөз кылбай, адегенде эле менин дарегиме айтылып жаткан сынга жана интернетте жүргөн имиштерге жооп берип койгум келет.

Мыйзамдуулук туурасында... Өлкө ондогон жылдар бою мыйзамсыздыкта жашап келди. Ушул жылдар ичинде бийликте отургандардын баары бул мыйзамсыздыкты колдоп келишти. Андыктан, булардын мыйзамдуулук жөнүндө сөз кылгандары бери эле дегенде, уяты жоктук жана бетпактык дегим келет.

2010-жылды эстегилечи!

Убактылуу Өкмөттүн өзү жана анын кылган кыңыр иштери эмне, мыйзамдуу беле? Убактылуу Өкмөттүн жарлыктары – мыйзамдуу беле? Ошондо кабыл алынган Конституция – мыйзамдуубу? Ал, өзүнө мыйзам нормаларын камтыды беле? Биздин жарандардын каны төгүлүп, чукул кырдаал убагында арыдан бери өткөрүлгөн референдум мыйзамдуу деп айта алабызбы? Атамбаев бийликтин баарын таман астына басып алып өткөргөн Конституциялык реформаны – мыйзамдуу деп санайбызбы? Батукаевдин бошотулушу – мыйзамдуулуктун белгисиби? Жеңе тургандар күн мурунтан Ак Үйдүн 7-кабатында аныкталып, тизмелери бекитилген парламенттик шайлоо, чөнтөк соттор, эл аралык укуктук нормаларды жана милдеттенмелерди четке кагуу, тонолгон казына, саясатчылар менен чиновниктердин чөнтөгүнө түшкөн тонналаган кредиттер менен гранттар... силер ушунун баарын мыйзамдуулуктун үлгүсү дегиңер келеби?

Бүгүн башкаларга сын таккысы келип жаткандар – ушул жылдар ичинде силер кайда жүрдүңөр? Силер саясий репрессияларга, куугунтуктоолорго унчукпай карап келдиңер. Ичиңерден айрымдар мындай куугунтуктоолорго өзүңөр да катыштыңар. Силерге өзүңөр каалагандай чечим чыгарып берген соттор керек болчу. Эмне мыйзамдуу, эмне мыйзамдуу эмес, ага силердин башыңар да ооруган эмес!

Мыйзамсыздыкпы? Ооба, мына ушул жылдар ичинде өлкө мыйзамсыздыктын кучагында жашады. Анын кесепетин – мына азыр тартып атабыз. Биз, муну токтотушубуз керек! Анте албсак, өзүбүздүн мамлекеттүүлүгүбүздү жоготобуз. Цивилизациялуу коом, демократиялуу республика болгондон калабыз!

– Президенттикке дагы бир талапкер, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин айткандары боюнча кандай жооп бересиз?

– Анын кызматын айтканыңар жакшы болду. Анткени мунун мааниси чоң. Силер аркылуу ага кайрыла кетейинчи... Эгерде сенде мени күнөөлөп жаткан далилдер болсо, анда эмне үчүн буга чейин унчуккан жоксуң? Эмне үчүн бул далилдерди колуңда чексиз бийлик менен ресурстар турганда, айтып чыккан жоксуң? Эгерде далилдер бар болсо, бирок мен унчукпай койгон болсом, анда сен демек мыйзамды бузуп, маанилүү маалыматтарды жашыргансың?! Эгерде сен баягыдай эле элге башкы телеканалдан оюңдан чыгарган бир сүрөттү көрсөтүп коюп, элдин баарын ага ишендиргиң келип атса, анда сен бул ыкманы жаңылыш тандап алдың. Эл сага ошондо да ишенген эмес, азыр да ишенбейт!

Бир эле күндүн ичинде саясий желдеттен чындыкты айткан адамга айланып калуу мүмкүн эмес. Эгерде фактыларың жок болсо, анда сен УКМКнын мурдагы болсо да башчысы болгонуң кайсы?

– Сиз Кумтөр боюнча оюңузду өзгөртүп, сатылып кетти дегендер чыгууда. Жетим-Тоону кытайлыктарга сатып салган дешүүдө...

– Кумтөр боюнча... Менин позициям өзгөргөн жок!

Биздеги кендердин баары Кыргызстандын элинин кызыкчылыгына гана иштеши керек. Дал ушундан улам мен премьер-министр болуп турганда, лицензия бергенге мораторий жарыялагамын. Өкмөт кендерди, айрыкча кымбат металлдардын кенин иштетүү тартибин түп-тамырынан бери кайрадан карап чыгуусу зарыл. Ал эми Кумтөр жана башка бир нече алтын кендери туурасындагы кепке, мен дагы кайрылам.

Жетим-Тоо кени жөнүндө

Мен бул маселеге бир нече жолу токтолгом. Андыктан буга кошумча катары айтаарым, бир гана нерсе – бул теманын айланасында кызыл кулактык кылып, чагым уюштуруп жаткандар мага каршы эмес, Кыргызстандын элине каршы чыгып жатышат. Бул кылмышка тете!

Мен дарегиме эч бир далили жок айтылып жаткан айып тагууларга, четинен түшүнүк берип кете бермекмин. Бирок мен кыргызстандыктардын убактысын, бул оюнга коротууга акым жок. Мен баарыңыздарды өлкөнүн келечеги туурасындагы кепке чакырам. Мамлекеттик башкаруудагы системалык кризистен кантип чыгабыз? Экономикалык кризисти кантип жеңебиз? Биз сүйлөшө турган нерселер, мына ушулар болушу зарыл!

Биз, ар бирибиз өлкөдөгү абалды оңдоп, коррупцияга баткан бийликтин колунан эч нерсе келбей, ондогон жылдар бою үйүлүп калган көйгөйлөрдү чечип, карапайым элибиздин жашоосун оңдош үчүн башыбызды саюуга даярбызбы?!

Азыр бизге, саясий дымак жана жеке таарынычтар же саясий ыйкы-тыйкылыктын эч кандай зарылчылыгы жок!

Өлкөнү сактап калууга умтулуп, аны кризистен чыгарууну каалагандар, баарыбыз ийри отуруп – түз кеңешкенибиз оң. Мен, буга даярмын! Бирок буга менин оппоненнттерим даярбы? Кыргызстанда бийлик ондогон жылдар бою өзү үчүн гана жашады. Мамлекеттик саясат ушундайча курулуп келди. Эми жаңыланууга жана өзгөртүүлөргө убакыт жетти! Адам мамлекетке эмес, мамлекет адамга иштеши керек! Мен бардык оппоненттеримди реалдуу сүйлөшүүлөргө, элдин, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн чыныгы ишке чакырам! Баарыбыздын душманыбыз бир гана нерсе – бул экономикалык кризис! Экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн баарыбызга саясий туруктуулук керек.

– Жеңишке жетсеңиз, бул көйгөйлөрдү чече алам деп ойлойсузбу?

– Чыныгы профессионал башкаруучулардан турган аткаруу бийлиги керек. Системалык өзгөрүүлөргө муктажбыз. Жеке амбицияларды канааттандыруунун ордуна, көйгөйлөрдү чечүү менен алектене турган мезгил келди! Биз өзүбүздүн штабдардагы жана саясий куугунтук жылдарында кереги жок болуп четте калган экономист, энергетик, геолог, башкаруучу, медик, педагогдорду тез арада ишке тартып, баарыбыз биргелешип өлкөнү кризистен чыгаруу боюнча бирдиктүү программаны иштеп чыгышыбыз зарыл болуп турат! Акаевчи, бакиевчи, атамбаевчи ж.б. жарлыктарды алып ыргыталы! Жетишет! Өлкөнү сактап калалы! Бизге профессионалдар керек! Маанилүүсү, мына ушул! Телеэкранга чыгып алып, саясий акыйнек айтышпай, бардыгыбыз мына ушуну менен алектенели!

Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189.
Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Нускасы: 1. Даярдалды: 6-январь 2020-жыл.
Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

За последними событиями следите через наш Твиттер @akipress

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти