Закрыть

Выборы 2020: «Кыргызстан» партиясынын үгүт кербени Манас районунда

Бишкек (АКИpress) – «Кыргызстан» саясий партиясынын жаш талапкери Кумаш уулу Кылычбек Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Эл уулун тосуп алган айыл тургундары жаш талапкерге элеттеги көйгөйлөрдү ачык айтып, суроолорун беришти. Негизинен элеттиктер таза суу, жол куруу, айылдагы мектептердин абалы жана миграция тууралуу суроо узатышты.

Кумаш уулу Кылычбек айыл тургундарынын көйгөйлөрүн чечүүчү маселелери «Кыргызстан» партиясынын программасында камтылганын белгилеп, партиянын программасы менен тааныштырды.

«Айылдардагы көйгөйлөрдү чечүүнүн бирден бир жолу – бул жумуш орундарды түзүү жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуу. Биздин партия бул багытта куру убада менен эмес, өндүрүш менен өнөр жайга жана өлкө экономикасына иш жүзүндө салым кошуп, элди жумуш орундар менен камсыздап келген партия. Өлкөнүн экономикасы көтөрүлүп, эл жумуш орундар менен камсыз болсо, бардык көйгөйлөрдү чечүүгө жол ачылат», – деди талапкер.

Жолугушуунун соңунда айыл тургундары Кумаш уулу Кылычбекке ийгиликтерди каалап, колдоп берерин билдиришип, ак бата менен узатышты.

Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189
Буюртмачы: «Кыргызстан» саясий партиясы
Нускасы: 1
Даярдалды: 2020-жылдын 26-сентябры
«Кыргызстан» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020).

Криминал и происшествия в Кыргызстане – в нашем Телеграм-канале @svodka_akipress

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти