Закрыть
АНАЛИТИКА

«Кыргызстан» партиясы №15. Нурбек Алимбеков: «Биз карапайым жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылабыз»

Бишкек (АКИpress) – «Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп жаткан 45 жаштагы Нурбек Алимбеков жана партиянын мүчөлөрү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкан жана Папан айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.

«Кыргызстан» партиясынын программасын, платформасын угуу үчүн жаштардан тарта улгайган жарандар да чогулуп, жолугушууга келген талапкерди кол чаап тосуп алышты. Иш-чарада талапкер «Кыргызстан» партиясынын «Эл үчүн» программасын жана өзүнүн пландарын элге тааныштырды.

«Биздин партиянын программасында өлкөнү өнүктүрүүнүн конкреттүү багыттары жана жашоо турмушубуздагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору камтылган», - деди ал.

Иш-чара учурунда талапкер шайлоочулардын көптөгөн суроолоруна жооп берди. Суроолор көбүнчө партиянын программасы, аны ишке ашыруу жөнүндө болду.

Айыл эли шайлоонун таза өтүшүнө кызыктар экенин билдиришип, илимдүү, билимдүү жана таза адамдар парламентке келишине кызыктар экенин жашырышкан жок. Андан сырткары жергиликтүү калк аймактагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири болгон жол оңдоо, мектеп куруу жана таза суу көйгөйлөрүн айтышты.

Өз убагында талапкер айыл элинин көтөргөн маселелерине кайдыгер эместигин баса белгилеп, шайлоо өнөктүгүнөн кийин бул маселелерди чечип берүүнү убадалады.

«Мен силердин маселеңерди жакшы билем. Таза суу чыгаруу маселесин тез арада чечип, жолдор оңдолушу керек. Мындан сырткары айыл чарба өндүрүштөрүн кеңейтип, жөнөкөй фермерлерге колдоо көрсөтүп, карапайым жарандарды иш орундары менен камсыз кылалы деген пландарыбыз бар. Ата мекендик экспортту көбөйтөбүз. Мени жакшы тааныйсыздар. Куру убадаларды эч качан берген эмесмин. Ошондуктан бизди колдогула!», - деп билдирди ал.

Жолугушуунун соңунда жергиликтүү эл талапкерге ишеничин билдиришти. Аксакалдар Алимбековго ак жол, «Кыргызстан» партиясына жеңиш каалашты.

Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189
Буюртмачы: «Кыргызстан» саясий партиясы
Нускасы: 1
Даярдалды: 2020-жылдын 23-сентябры
«Кыргызстан» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020).

А ты подписан на наш канал в TikTok @akipresskg?

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти