Токтонаалы Ашыралиев.
Согуштагы канга боёлгон күндөр

19:27, 20 мая 201714596 3
Согуштун отун кечип, аман кайтып келип, бирок саясий репрессиянын согуштан кийинки толкунуна кабылган ардагерлердин бири — Токтогул районундагы Торкен айылынын тургуну Токтонаалы Ашыралиев болчу. Аксакалдын көзү өтүп кетсе да, айылдаштары анын татаал тагдырын, майтарылгыс эркин сыймыктана эскеришет.

«Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» деп элибизде айтылып келет эмеспи. 1939-жылдагы Фин согушуна катышып, 1941-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун отун кечип, саясий репрессиянын согуштан кийинки толкунуна кабылып, жалган жалаа менен түрмөгө түшүп, андан акталып аман-эсен кайтып келген атам Токтонаалы Ашыралиев жөнүндө мен — уулу Ашыралиев Эркинбек, 2016-жылдын 9-майында Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына карата АКИпресс сайтына берген маегиме улай аз да болсо кошумчалап берүүнү туура көрдүм.

«Даңк» медалын алган күнү
2001-жыл
11

Атам Токтонаалы Ашыралиев 1918-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн азыркы Токтогул районунун Торкен айылында төрөлгөн. Ата-энеси тогуз балалуу болуп, бирок 7 баласы туулганда эле чарчап калгандыктан, зар какшап кудайдан тилеп жүрүп кыздуу болушат. Андан алты жыл өткөндөн соң атам төрөлөт. Балдары токтобой кете бергендиктен ата-энеси токтоп калсын деген ниетте кызына Токтокан, ал эми атама Токтонаалы деп ырымдап ат коюшкан экен. Атасы Ашыраалы Совет өкмөтү орноп калган учурда кызыл гвардиячы (азыркы милиция) кызматында иштеп турган болот. Чоң атам ал мезгилде жорго атты минип, маңдайында беш жылдызы бар Буденовка баш кийимин кийип, ат үстүндө келе жатканда эки кулагын жаагына чейин жаап, бирде кулагына түшүп, бирде көтөрүлүп желбиреп тургандыктан аны көргөн айылдаштары: «Ашыраалы шалпаң кулак келе жатат», - деп айтышчу дешет.

Атам бала кезинен эле атасынан эрте айрылып, энесинин колунда чоңоёт. Эс тартып калганда окуйт элем деп энесине айтса, энеси Накылай (чоң энем) караманча каршы болуп: «Жалгыз балам болсоң, мен сени эч жакка жибербейм, менин жанымда болосуң», - деп каршы чыккан экен. Энеси албеттүү, каардуу, анча-мынча эркектерди өз ордуна койгон аял болуптур. Энесинин айткандарын укпай, окуйт элем деп ар кандай кыялдарын көрсөтө бергенине ачууланган энеси эки колунан тамдын түркүгүнө асып байлап койгон дейт. Ошол маалда атамдын таякеси Кулсары келип калып, асылып турган атамды көргөндө дароо колун бошотуп, эжесине ачуулана карап: «Сен эмне, балаңды өлтүрөйүн дедиңби? Анчалык эмне болуп кетти?!» дегенде эжеси ачуулана кыйкырып: «Бул жашабагыр кайдагы бирөөлөрдүн азгырыгына кирип, «балдар үйүндө» окуйт элем деп менин айткандарымды укпай, мага ар кандай кыялдарын көрсөтө баштады. Тигил Эгембердинин Мадияры менен Данияры окуйм дебей эле ата-энесине каралашып, жанында  жүрүшөт. Эгерде атасы тирүү болгондо анда мен окуйм десе эч кандай каршылыгым жок эле. Кыз деген бирөөнүн бүлөсү экен, эжеси да бойго жетип, күйөөгө кеткени калды. Мен эми ушул жалгыз баламдын убайын көрөйүн деп жашап жүрөм. Жанымда жүрүп эр жетилсе үйлөнтүп-жайлантып, балдарын багып, андан ары кудайым канча жаш берсе ошончосун жашап өлсөм арманым жок эле. Өлгөн балдарымдын алтоо эркек балдар эле го», - деп Накылай чоң эне эчкирип ыйлап жиберген экен.

Ошондо Кулсары таяке эжесине карап: «Ыйлаба! Өлгөндү ордуна келтире албайсың, эми ушул эки балаңдын өмүрүн тиле, эгерде балаң окуйм десе баланын жолун тоспо. Атасы жок жетим балдарды өкмөт өзү камкордукка алып окутуп жатса анын эмнеси жаман. Балдар үйүндө ар улуттун балдары окушат деп угам, тил үйрөнүп, окуп, кат сабаты жоюлса өзүнүн эле келечегине жакшы болот да. Жалгыз калам деп коркпо, ага-тууган, биз барбыз, ачка калбайсың. Эгерде ошондой эле жалгыз болуп калсаң тигил бир тууганыбыз Борбугулдун кичинекей кызы Настасын багып аларсың. Сен багып алам десең алар каршы болбос», - деп, атамды окууга жиберүүгө эжесин көндүрөт.

Ошентип атам балдар үйүндө окуп чоңоёт. Эр жетип, он сегизге чыкканда 1936-жылы Советтик армиянын катарына чакырылып, Россиянын Астрахан жеринде кызмат өтөп жүрүп, ошол жактан Гурьевский аскердик окуу жайынан офицердик курсту бүтүргөн экен. Аскердик кызматын өтөп жүргөндө 1939-жылы Фин согушуна катышып, андан кийин 1941-жылы Улуу  Ата Мекендик согуш башталып кетип, атам кан майданга жөнөп кетет. Бул жер алды-үстүнө сапырылган алаамат согуш, өмүр менен өлүмдүн ортосунда турган ар бир советтик жоокердин ички дүйнөсүнө бүлүк салып турган болот. Ошол жоокерлердин бири катары атам Сталинградды коргоого, Великие Луки шаары, Курская Дуга, Кронштадт порттору үчүн болгон согуштарга катышып, Калининский фронттун курамында болот.

Согуштан кийин да батыш Украинадагы бондеровчулар менен болгон согуштарга катышат. Согуш маалында улук лейтенант чини менен офицер болгондуктан взводдун командири, рота командиринин саясий орун басары, гарнизондун башчысы жана рота командири болуп кызмат өтөп турат. Согуш бүткөндөн кийин 1946-жылы Батыш Украинадагы Бондеровчулар менен болгон согушта атам кызмат кылган батальонго аскерлер келип толукталып турчу экен. Атам ошол батальондун курамындагы ротанын командири болуп кызмат өтөп жатыптыр. Ошол батальонго кошулган аскерлердин арасында кетмен-төбөлүк жердештери, коңшулаш Ак-Тектир айылынан Асан аттуу киши жана айылдашы Касымаалы деген киши да бирге болуптур.

Атам экөөбүз бир күнү ошол Асан аксакалдын үйүнө барып калдык. Ал киши жашы жетимиштерге барып калса дагы колхоздун кампа башчысы болуп иштеп жатыптыр. Асан аксакал атамды көрө калганда тамашалап: «Оо, Калмак, кандайсың аман-эсен жүрөсүңбү?» дегенде атам экөө кучакташып, күлүп калышты. Акыбалдарын сурашкандан кийин үйгө кирип, дасторкон үстүндө чай ичип отурганыбызда Асан аксакал мени карап: «Бул бала ким, уулуң го?», − деп мени дагы тамашалап, анда сен дагы калмактын баласы турбайсыңбы» − деп мени карап күлүп калды. Кайрадан мага карап: «Ой балам, бул киши эмнеге эле атамды «калмак» деп айтып жатат деп таң калып жатасың го, таң калба, атаңды калмак дегенимдин жөнү бар. Биз атаң экөөбүз согушта бирге болгонбуз. Силердин торкениңерден Касымаалы деген киши да биз менен согушта бирге болгон. Эми балам, сен бул жөнүндө билип жүр, кийин айта жүрөрсүң деп Асан аксакал сөзүн улады.

СОГУШ

– «Биз Касымаалы экөөбүз согушка баргандан тарта чогуу болдук. Согуш бүткөндө келээрге жакын бизди башка бөлүккө которуп жиберишти. Касымаалы экөөбүз жаңы бөлүккө кошулгандан кийин да мекенибизге аман-эсен кетээр күндү самап отурар элек. Бир күнү батальондун командири келип, бардыгыбыз тизилип туруп калдык. Бир маалда үстү ачык жеңил унаа менен комбат, подполковник... », бул учурда Асан аксакал: «Ким эле?» деп фамилиясын эстей албай атамдан сурап калганда, атам: «Кузнецов» − деп жооп берди. «Ошол батальондун командири Кузнецов менен кошо ротанын командири, ушул Калмак атаң да ээрчишип чогуу келди», - деп Асан аксакал атамды көрсөтүп күлүп калды.

«Мен мурда атаңды тааныбайт экенмин. Узун бойлуу, узун шинелчен, фурашкасын баса кийген, бутундагы офицердик өтүгүн жалтырата майлап, Шодокондун бүркүтүндөй эле шуулдап комбат менен бирге келди. Комбат жалпы учурашуудан кийин бизге карап: «Жолдош солдаттар, бардыгыңарды жеңишиңер менен куттуктайм. Бирок, биз үчүн согуш бүтө элек. Бондеровчулардын тамырын толук жок кылмайынча биздин согушканыбыз согушкан. Ар бириңерди дайым даяр болууга чакырам», − деди. Аны уккандан кийин Касымаалы экөөбүздүн маанайыбыз түшүп, шалдырап эле отуруп калдык.

Бир маалда Касымаалы мага карап: «Асан, жанагы комбат менен чогуу келген ротанын командири биздин торкендик Токтонаалы көрүнөт. Тим эле Токтонаалыга куюп койгондой окшош экен, жүрөгүм сезип турат», − деп мага жалооруй карап калды. Мен Касымаалыны карап: «Эй Касымаалы, дөөрүбөй жөн отурчу, сенин Токтонаалыңды ким командир коймок эле. Ал казак же башка улуттан болушу мүмкүн. Сен андан көрө аманчылыкты тиле, элибизге аман-эсен кетели. Сен антип ар кимди көрүнгөнгө окшоштура берсең, эртең жанагы комбат сенин дагы бир торкендигиңе окшош болуп көзүңө көрүнө берет», − деп мен кайра Касымаалыны кагып койдум. Касымаалы болсо: «Кантип эле ушундай болсун же чын эле көзүмө ушундай көрүнүп жатабы. Бала кезде Токтонаалыны көрүп эле жүргөм, экөөбүз тууган да болобуз», − деп сүйлөнө берчү болду.  Же ал командирибиз бизге жолуксачы.

Ошентип жүргөнүбүздө кудай жалгап, бир күнү түшкө маал келсек кесилген дүмбүрдүн үстүнө картаны жайып алып эки офицер менен картаны карап турушкан экен. Касымаалы көрө калып эле мага карап: «Эй Асан, чын эле Токтонаалы бекен сурачы, сен орусчаны жакшы билесиң го», – деп күйпөлөктөп кетти. Бир убакта карасам кесилген дүмүрдүн үстүндө китеп кармап жалгыз отуруп калыптыр. Касымаалы кайра-кайра айта бергенинен сураса сурайынчы деп, түз эле солдаттык басык менен барып, честь берип, орусча  доклад  кыла баштадым:  «Товарищ командир разрешите обратиться», − десем мени бир карап туруп: «Ну обращайся» − деди. Мен кыргызча сурап: «Сен кыргызсыңбы? Токтонаалысыңбы?» − десем эле, мени каардуу бир карап туруп: «Ты что бормочишь, какой тебе кыргыз, какой тебе Токтонаалы, я Калмык встань в строй!», − деп кыйкырганда шарт бурулуп, ыза болгонумдан Касымаалыны сөгүп баратам. Барып эле Касымаалыга кыйкырдым: «Эй, Касымаалы мен сага айтпадым беле, сенин Токтонаалыңды ким командир коймок эле, ал деген сенин Токтонаалың эмес эле, ал «калмак» экен десем Касымаалым шалдырап эле отуруп калды. Кайра мен Касымаалыга: «Эми жанагы орус комбат көзүңө дагы бир торкендик айылдашыңа окшош болуп көрүнсө, өзүң барып сурап ал», − деп мен дагы нары карап басып кеттим.

Ошентип убакыт өтүп жатты. Касымаалы экөөбүз күндө кудайдан тилеп, эл-жерибизге аман-эсен кетсек экен деген ойдо жүрдүк. Бир күнү Касымаалы мага карап: «Эй Асан, ушунчалык согуштун азап-тозогун баштан өткөрүп келдик, канчалаган кан кечтик, эми минтип бондеровчулар менен болгон согушта жүрөбүз. Кудай сактасын, кокус экөөбүздүн бирибизге ок жаңылып, көз жумулуп кетсе эл-журтка, ага-тууганга, кайсыл жерде жатканыбызды айта бара турган бололу», − деп кобуранып калды. Мен Касымаалыга: «Эй Касымаалы, сен андай жаман ойлорду айтпа, кудай буйруса экөөбүз тең аман-эсен эл-жерибизге кайтабыз. Мен сага айткан жок элем, кечээ жакында ишенимдүү адамдардан угуп калдым, кудайым буйруса жакында экөөбүз тең эл-жерибизге жол тартабыз», − десем, Касымаалы мени кучактап алып, көзүнөн жаш кылгырып: «Оозуңа май, оозуңа май», − деп алкап жатты.

Согуштан кайтып келгенден кийин (солдон биринчи).
1946-жыл
1

ЖЕҢИШ

Ошол 1946-жылдын май айынын этегинде аскерден толук бошотулуп жолго чыктык. Поездге түшөлү деп жатсак, баягы калмагым дагы чемоданын көтөрүп биз түшө турган поездге келип калса болобу, − деп Асан аксакал дагы атамды көрсөтүп күлүп калды.

Кайрадан сөзүн улап, мен көрө калып эле орусча учурашып: «Здравия желаю товарищ командир! Вы тоже с нами поедете?» − деп сурап калсам: «Да я тоже с вами поеду, меня отправили в Среднеазиатский округ, теперь там буду служить» − деп орусчалап жооп берип поезддин ичине кирип кетти. Поездде кетип бара жатабыз. Офицерлер өздөрүнчө бөлүнүп алып карта ойноп келе жатышты. Касымаалы болсо улам аларды карап келип, кайра ордуна отуруп калат. Ошентип поезд Кыргызстанга жакындап калганда, Касымаалы аларга жакын келип колун жаагына таянып отурса, анда бул Калмагым (атамды көрсөтүп), Касымаалыны карай калып, кыргызча сүйлөп: «Эй, Касымаалы, тур оозуңду ачпай чай алып келе калчы» − дегенде Касымаалы бакырып эле атаңды кучактап калды. Ошол жерден үчөөбүз кучакташып жатып калдык. Мына ошол жылдан ушул күнгө чейин бири-бирибиз менен катташып келе жатабыз. Атаңды «Калмак» деп тамашалаганымдын таржымалы ушундай, балам, деп айтып бүткөндө, ошого чейин бир да сөзгө аралашпай улам күлүп коюп, угуп отурган атам, Асан аксакалга карап: − Эй, баатыр! Сен ушунча жыл өтсө дагы сенин эсиңден көп нерсе унутулбаптыр. Сен эми балага болсо кийин айта жүр деп бардыгын төкпөй-чачпай айтып бердиң. Ошондогу менин колумдагы кармаган китебим грузин жазуучусу Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» деген китеби эле. Ошол китептеги каармандын атынан тун уулумдун атын Афтандил деп койгом.

Эми баатыр сенин эсиңден чыга элек болсо, ошондо үчөөбүз поездден түшүп, экөөңдү столовойго киргизип сыйлаганымда, ошондогу Касымаалы экөөңдүн: «За Родину, за Сталина» − деп кучакташып алып, столовойдун эшигин таппай жүргөнүңөрдү да айта кетсең болмок дегенде экөө бир топко чейин күлүштү. Мен атама карап: «Ой, ата, эмнеге өзүңүздү жашырдыңыз» − деп сурап калсам, анда атам: «Ээ, балам, буларга окшогон солдаттарга сырыңды айтсаң, теңтуш болуп алышпайбы» − деп айтып, экөө дагы бир топко чейин каткырып күлүшүп, согуштагыларын эскерип коюп отурушту эле.

Бала кезде үйдө чогуу олтуруп телевизордон Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө кинолорду көрүп калганыбызда, атам үн-сөзү жок ойго батып олтура берээр эле. А биз болсо кинонун кызыгына батып, кино бүткөндө дагы уландысы болор бекенби деп күтүп көрөр элек. Атам биздин берилип көрүп жатканыбызды карап: «Ой, балдарым, бул деген жөн эле кино да, ал убактагы согуштун бир четин эле көрсөтүп жатпайбы» − деп койчу.

Ар жылы 9-Май Жеңиш майрамы күндөрүндө көкүрөгү толо орден-медалдарын тагынып, бизге карап: «Балдарым, силер согушту көрбөгүлө, согуштун жүзү курусун, эч качан согуш болбосун, бул согуш канча деген эр-азаматтарды арабыздан алып кетпедиби. «Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» − деген макалда айтылгандай менин көрөөр күнүм, ичээр суум бар экен, мына минтип тирүү жүрөм балдарым» − деп айтып калчу. Эгерде мен согуштагы болгондорун сурап калган учурда: «Жок, балам, ал жөнүндө менден сурап мага эстетпе. Канча жыл өтсө дагы эстегенде түн уйкумду бузуп, эсимден чыгаралбай келе жатам» − деп, көп суроолор жоопсуз калып, өзү менен айтылбай кошо кетти. Болгону мен бала кезде аралашып отуруп угуп калган гана сөздөрүн жазууга туура келди.

Ошол Жеңиш майрам күндөрү тууган-урук, жоро-жолдоштору болуп үйдө чогуу өткөрүшүп, ар кимиси согуштагы болгон окуяларынан эскерип коюп айтып отурар эле. Атам согуштагы жарадар болгон күндөрүн, кээ бир осколька октордун денесинде өмүр бою калып калгандарын, ротасы менен бир канча жолу курчоодо калган күндөрүн, Великие Луки жеринде поездде 1200 жоокер кетип бара жатышканда немецтик учактардын бомбалоосуна туш болушуп, мөндүрдөй жааган октордон болгону 127си гана аман калышкандарын айтып, ошондогу вагондордун ичинен кандын суудай акканын, өлгөндөрдүн арасынан тирүүлөрүн издегендерин, кандай кыйынчылыкта турса дагы советтик армиянын духунун күчтүүлүгүн айтып калар эле. Сталинграддын алдындагы оор салгылашууда жарадар майордун ичеги-карынын колуна кармап алып: «Мени кыйнабай атып салгыла» − деп суранганда: «Чыда майор, аркада санитарлар келе жатат», − дегенге карабастан кайра атама карап: «Товарищ офицер, я тебе приказываю стреляй меня!», − деп кыйкырганда, чыдагын майор деген боюнча ураалап алдыга чуркап, чаңкаганда тамактары кургап, ичээрге суу жок, айла кеткенде уюган кандын үстүндө тунуп калган сары суусун ичкендерин, канга боёлгон күндөрүн оор үшкүрүнүп, эскерип айтып коюп отурчу.

Ошол майрам күндөрү үйдө отургандардын арасында, согушта көп эрдик көрсөткөн бир нече орден-медалдар менен сыйланган Сатыбалды деген тууганыбыз да бар эле. Ал киши ар кайсыны кеп салып коюп, ошондогу атам экөөнүн согуштан келгендегисин эскерип, мындай деп айтып отурду.

Мен согуштан 1945-жылы аман-эсен кайтып келдим. Токтонаалынын болсо 1936-жылы армияга кеткен боюнча кабарын биле алган жокмун. Согуштан келсем айылда Токтонаалы жөнүндө ар кандай айың кептер желдей тарап, божомолдор айтылып жатыптыр. Кээ бирөөлөрү Токтонаалыны Курская-Дуганын алдындагы оор салгылашууда каза болуптур десе, жок Токтонаалы тирүү эле экен, оор жарадар болуп госпиталда дарыланып жаткан имиш, деп божомолдоп айтышып, кээ бирөөлөрү болсо Токтонаалы офицер экен, өлбөй тирүү эле ал жактан орус аял алып, армияда аскер кызматкери болуп, ошол жакта калып калыптыр − деп айтып келе жатканда атам сөздү бөлүп, Сатыбалды акеге карап: «Эй, чаар! Сен жаман элең, ошол орус аял алып, ошол жакта калып калыптыр деген ушакты сен тараткан болушуң керек» − деп тамашалап күлүп калды.

Атам экөө теңтуш болгондуктан бири-бирине ат коюшуп, тамашалашып сүйлөшөр эле. Сатыбалды аке атамды «орус» деп койчу. Атам ал кишинин беттеринде бүртүктөрү болгондуктанбы аны «чаар» деп тамашалап калар эле. Кээ бир күндөрү экөө үйдө шахмат ойноп олтурушуп, бири-бири менен жаш балдардай чырылдашып, сен мындай жүрүп койдуң, мен мындай жүрдүм дешип, талашып-тартышып калышчу. Сатыбалды аке чырылдап эле, атама карап: «Эй, Орус, ойносоң чоңдугуңду салбай, чычалабай жөн ойно, башкарма болсоң тээ тигил конторуңда башкармасың, башкаңды билбейм ошону кармадыңбы, ошону жүрөсүң деп экөөнүн талашып-тартышып, ойногондору дагы деле көз алдымда. Ал киши көп жыл Таш-Көмүр шаарында көмүр шахтысында иштеп жүрүп, ал жактан пенсияга чыкканда айылга көчүп келип, колхоздун склад башчысы болуп иштеп жүрдү.

 СОГУШ КУРУСУН

Сатыбалды аке сөзүн улап, Токтонаалы согуштан 1946-жылы менден бир жылдан кийин келди. Токтонаалыны согуштан аман-эсен келе жатыптыр деп ага-тууган бардыгыбыз күтүп калдык. Алдынан тосуп келем деп кеткен аталаш иниси Бараткан сүйүнгөнүнөн алыстан кыйкырып, өкүрүп-бакырып келе жатты. Мына ага-тууган, эл-журт сүйүнчү эле сүйүнчү Токтонаалы акем согуштан аман-эсен кайтып келе жатат деп шолоктоп ыйлап келе жатканы, ошондогу кээ бир үй-бүлөлөрдүн колдоруна кара кагаз келип, же кээ бирөөлөрдүн бир туугандарынын өлүү-тирүүсү билинбей турган учурда Бараткандын ачуу кыйкырыгы ал үй-бүлөлөрдүн эми карттанып келе жаткан ички жараларын кайрадан сыйрып кетти. Мен согушта кан кечип жүргөнүмдө, жанымда азыр эле тирүү жүргөн жолдошумдун өлүп жатканын көргөндө кандай гана дене-башың дүркүрөп турар эле. Ал эми өлүү-тирүүсүн көрбөй эң жакын адамынан айрылуу өтө оор экенин мен ошондо жүрөгүмдөн сезип, билип турдум.

Ошондогу Токтонаалынын энеси Накылай апанын кубанычындагы көз жашынын акканы, Токтонаалыны кучактап алып ыйлап: «Айланайын жалгызым аман-эсен келдиңби, алты саның аманбы, каралдым? Мен сенден үмүтүмдү үзбөй ар күнү жолуңду карап, күтүп келдим. Мага айтышпай сени эчак эле көмүп коюшуптур. Бирок менин колума кара кагаз келбегендиктен сенин аман экениңди энелик жүрөгүм сезип жүрдү. Мына эми аман-эсен жаныма келдиң, кулунум. Эми кудайым буйруса үйлөнүп-жайланып, бала-чакалуу болуп калсаң, сенин балдарыңды көрүп өлсөм арманым жок эле, балам» − деп көзүнүн жашын сүртүп, Токтонаалынын башына кеседеги сууну айландырып ырымдап чачты. Ооруп жүргөндүктөн араңдан басып, оокат-аштын камын көргөнү кетти. Токтонаалы экөөбүз кучакташып көрүшкөндөн кийин негедир ал мени күмөндүү тиктей карап: – Эй, Сатыбалды, сен согушка бардыңбы же кара жаныңдын камын жеп согушка барбай бул жакта чал-кемпирдин ашын аңдып, дезертирлик кылып жүрдүңбү? – деп мага айтып жатпайбы. Мен ага карап: «Эй, Токтонаалы, мени сен андай деп ойлобо, сен ойлогон дезертирлер тээ тигил тоолордогу үңкүрлөрдө качып жүрүшөт. А мен дагы сен согушкан немецтик фашисттер менен согушуп, былтыр согуш бүткөндө алты саным аман-эсен кайтып келгем» − десем, мени кайра шакабалуу тиктеп: «Аа анда сенин согушуң эрте бүткөн турбайбы» − деп мага кайра мыйыгынан күлүп жатпайбы. Мен ага жооп кылып: «Эми силерге окшогон офицерлер он жылдап согушсаңар, бизге окшогон солдаттар беш жылда эле жеңишти алып-келип, согушту бүтүрүп койгонбуз» − дегенимде экөөбүз кайрадан кучакташып күлүп калдык деп айтып отурду.

Ошондогу үйдө чогуу отурушкан атам менен бала кезде бирге өскөн, (атамды классташ деп койчу) кошунабыз Азим аке жамактап, куудул сүйлөгөн адам эле. Ал дагы жайнаган орден-медалдарын тагынып, согуштагы болгон окуяларынан эскерип коюп жатты. Ал киши ошондогу алаамат согуштун азап-тозогун кеп кылып, кээ бир убактарда курал-жарактын жетишпегендигинен эки адамга бир мылтык берилип, бириң өлсөң бириң атасың деген күндөр болгонун айтып отурду. Ал жерде отургандарга согуштагы ачка жүргөнүн айтып, мындай деп эскерип калды. Ошол жаңы барган күндөрүбүздө бизге жанагы арам чочконун этинен жасалган сорпону бергендиктен, эт-майларын жанымдагы отурган капырларга берип, өзүм суюк сорпосунан ичип алып, чала-ток болуп жүрө бериптирмин. Кийин ойлосом эт-майын жебей, сорпосун ичкенимдин айырмасы кайсы? Кийин соң мен дагы эт-майларын эч кимге бербей өзүм жеп, курсагым тоюп, жыргап эле калбадымбы − деп чогуу отургандардын бардыгын күлдүрүп коюп отурду эле. Жеңиштин урматына дешип атайын темир крушкаларга куюлган арактан ичишип коюп отурушчу.

Ошондо чогуу отургандардын дагы бири, согуштун ардагери Ибрайым жезде да бар эле. Ал кишини айылдагылар жезде деп айтар элек, себеби ал киши Жалал-Абад областынын мурунку Ленин району, азыркы Ноокен районунун Бүргөндү айылында төрөлүп чоңоюптур. Согуштан келгенден кийин дыйканчылык кылам деп биздин айылга келип ошол боюнча биздин айылда калып, үйлөнүп-жайланып, бала-чакалуу болуп калып калган экен. Ибрайым жезде олбурлуу келген адам эле. Ал кишинин билими болбогондуктан акча санаганды билген менен тамга тааныч эмес. Согушка барган болсо дагы көкүрөгүнө тагынган бир дагы орден-медалдары жок, жада калса колунда согушка катышкан деген тастыкталган документи болбоптур. Кийинчерээк атамдар такташтырып алып берели десе: − Кереги жок, мен согушка Мекенимди орден-медаль үчүн коргогону барган эмесмин, согушка эл жеримди коргогону баргамын − деп болбой койгон экен. Ал дагы согуштагы окуяларынан эскерип, согуш талаасынан канча деген жарадарларды жонуна көтөрүп келип, канчалаган жоокерлердин өмүрүн сактап, бир нече жолу өлүмдөн аман калганын айтып отурду. Согуштан кайтып келгенде алган орден-медалдарын бардыгын айылдагы жаш балдарга таратып берип жиберген экен. Атам Ибрайым жездени тамашалап: − Эй, Ибрайым, өзүң айтып жүргөн жанагы бомбаларды самолёттон кантип ыргытканыңды айтып отурсаң боло? – деп сурап калды. Анда Ибрайым жезде каткырып күлүп: «Анын эч кандай кыйынчылыгы жок эле, самолёттун эшигин ачып алып, бирден көтөрүп келип ыргыт деген жерине ыргыта берчүмүн деп күлдүрүп коюп отурчу.

Ибрайым жезде көп жыл бою колхоздун гаражындагы ашканасын тейлечү. Ал убакта гараждагы иштеген механизаторлор жеген тамактарын айлык акынын эсебинен «ведомость» баракчасына кол коюп, турушкандыктан, ар айдын этегинде Ибрайым жезде колхоздун бухгалтериясына отчет тапшырып турат. Бир жолу айдын аягында Ибрайым жезде колхоздун бухгалтериясына ведомость баракчасын алып барса, башкы бухгалтер Жакып аке ал баракчасын карап алып, Ибрайым жездени урушуп кирет. Эй, Ибрайым! Бул эмне деген документ? Сен бул документ менен камалып кетесиң. Карачы, ушунун бардыгын сен жедиңби? Сенин кат тааныбагандыгыңдан пайдаланышып, тигил гараждагы жубарымбектер бул ведомостко Ибрайым жеди, Ибрайым жеди − деп жазып коюшкан турушбайбы деп Жакып аке ачууланат. Көрсө, гараждагы иштегендер Ибрайым жезденин кат тааныбагандыгын билишкендиктен тамашалашып, ведомосттун кол койчу жерине ар кимиси Ибрайым жеди деп жазып коюшкан экен.

 ТУРМУШ ЖОЛУ

Атам согуштан келгенден кийин көп өтпөй Накылай чоң эне атамды шаштырып: «Айланайын балам! Үйлөн, менин акыбалымды көрүп турасың, күндөн-күнгө начарлап баратам. Эч болбоду дегенде небере көрбөсөм келинимди көрүп, колунан чай ичип калайын» − деп шолоктоп ыйлап жиберет. Ошондон көп өтпөй эле атам менен апам (Чынар) баш кошушуп үйлөнүп калышкан экен.

Апамдын эскерүүсү: Атам экөө баш кошкон убакта Накылай чоң апам ооруп төшөктө жаткан болот. Апама керээз-муңун айтып отуруп, «жети эркек балдарымдан Токтонаалым жалгыз калды. Атасы да Токтонаалынын кичинесинде атка өңөрүп алып, кудуңдап сүйүнүп жүрөр эле. Ар дайым кудайга жалынып, кудайым буйруса менин дагы тукумум кур эмес экен. Ушул балам аман болсо, тукумумду улап кетер деп жүрүп, Токтонаалынын жаш кезинде эле атасы да каза болуп калбадыбы» − деп көз жашын сүртүп коюп отурду. Мага жалооруй карап: «Айланайын Чынар кызым! Эми менин акыбалымды көрүп турасың. Бул асылган оорудан көпкө узабаарымды сезип турам. Эгерде бул каргыш тийген согуш болбогондо, мен дагы Токтонаалымдын балдарын көргөнгө үлгүрүп калат белем аны бир кудай билет эле» − деп койду. Бирок баламдын согуштан аман-эсен келгенине дагы кудайга шүгүр деп айтканында, көзүмдөн жашым мөлтүлдөп куюлуп кетти.

Токтогул районундагы үйүндө.
1949-жыл
2

Менин көз жашымды көргөн Накылай апа капа кылып алдым го деген ойдо калды көрүнөт. Кайра мага карап: «Чынар кызым, мен туура эмес сүйлөп алдым окшойт, сен ага капа болбо, деп мени жалооруй карап, өзүнчө үшкүрүнүп калды. Мен көзүмдүн жашын сүртүп: «Жок, апа! мен сизге капа болгон жокмун, себеби менин да Адылбек, Касымбек деген эки бир тууган агаларымдын бир күндө согушка кеткен боюнча кайра кайтып келишпегендерин сиздин айткан сөзүңүздөн улам эсиме түшүп, өзүмдү токтоталбай калдым көрүнөт» − дедим. Накылай апа мага  жалынып-жалбарып: «Айланайын Чынар кызым! Мен билбестен сүйлөп, сенин ички күйүтүңдү козгоп алган турбайымбы. Оо, каргыш тийген согуш! Бул согуш канчалаган адамдарды шорлотуп кетти, канча деген ата-эне бул согушта балдарынан айрылып боздоп калышпадыбы. Эми эмне кылмак элек, айланайын кызым, жакшылыктан үмүттү үзбөй туралык. Согуштун бүткөнүнө бир эле жыл болбодубу, аман болушса келип калышар. Мына мен дагы Токтонаалымды он жыл жол карап күтүп, жакшылыктан үмүтүмдү үзбөй келдим. Болбосо айылда мага айтышпай ар кандай айың кептерди таратышып, Токтонаалымды канча жолу өлтүрүштү... Мына кудайым бар экен, жалгызымды жаныма аман-эсен алып келип берди. Эми кудайым буйруса сенин бир туугандарың да аман-эсен келип калган күн келээр, деп мени сооротуп коюп отурду.

Мага керээз-муразын айтып отуруп, эркек баладан Токтонаалым жалгыз болуп калды. Кудайым мага ушундайды буйруган көрүнөт, буга да кудайга шүгүр дейинчи – деди мага. Эми Чынар кызым, сага айтаар керээзим – ушул Токтонаалымды сага, сени кудайга тапшырдым, бактылуу болуп көп жашагыла, көп бала-чакалуу болуп, ушул үйдүн куту бол, балам, − деп алакан жайып батасын берди. Жанында күнү-түнү отурган кызы Токтокан эжени карап: Мына бул кызым болсо өз үй-бүлөсү, өлөң-төшөгү дегендей бала-чакасы менен өз алдынча түтүн булатып келе жатат. А эми Наста кызымды кичинесинен өзүм багып чоңойтум. Колума-кол, бутума-бут болуп менин эң жакшы көргөн кичинекей жардамчым болду, − деп бардыгынын таржымалын айтып кобурап отурду эле. Апамдын айтуусунда Накылай чоң апам атам менен апам баш кошкон күндөн он жети күн өткөндөн кийин оорусунун айынан каза болуп калган экен.

Үйлөнгөн жылдары.
1948-жыл
4

 РЕПРЕССИЯ

Ал убакта атам айылдагы мектепте географиядан сабак берип, мугалимдик кесипти аркалап иштеп жүргөн болот. Ошол жылдары эң улуу агам Афтандил 1947-жылы, андан кийин эжем Гүлайым 1948-жылы төрөлүп калган экен. Атам кийинчерээк райкомдо референт болуп иштеп калат. Ошол убакта райондук  КГБнын башчысы болуп Майкулаков деген адам иштеп турган болот. Ал кишиден райкомдун биринчи катчысынан баштап бардыгы сестенип турар эле дейт. Райкомдун чакырган бюросуна кааласа катышып, каалабаса келбей койчу экен. Эгерде бюрого катышып калган учурда баш кийимин кааласа чечпей, кааласа эч кимден уруксаты жок эле чыгып кетип калчу дешет. Бир күнү Майкулаков атамды иш бөлмөсүнө чакырып: «Жолдош Ашыралиев, мен сени биз менен кызматташууга чакырамын, себеби, сенин атаң  Ашыраалы да органда иштеген. А сен өзүң согушта офицер болгон экенсиң. Ошон үчүн сени биз менен кызматташып, биз айткан тапшырмаларды өз убагында аткарып турарыңа ишенич менен айтып жатам. Менин бул сунушума каршы болбойт чыгаарсың? − дегенде, атам эч ойлонбостон туруп: «Жок, жолдош Майкулаков, мен сиздин сунушуңузга макул эмесмин» − деп кесе айтат. Майкулаков атама ачуулана карап: «Сен жигит өзүңө өзүң каршы чыга баштадың көрүнөт. Анда тишиң тилиңе күбө, экөөбүздүн сөзүбүз бүттү, эми кете берсең болот дегенде чыгып кеттим дейт.

Күндөрдүн биринде райондо шайлоо болуп, райкомдун экинчи катчылыгына Шевцов аттуу атуулдун талапкерлиги коюлат. Шайлоо жабык түрдө болуп, шайлоого катышкан коммунисттердин он алтысы каршы добуш беришет. Ал убакта мындай көрүнүш өтө жаңжалдуу болгондуктан, каршы добуш берүү Советтик мамлекетке каршы чыгуу менен барабар болгон экен. Шайлоодо каршы добуш берген он алты коммунисттердин кимдер экендиктери, кимдер уюштурушкандыктары изилдене баштайт. Ошондогу шайлоого тымызын сырттан каршы добуш бергиле деп үгүттөгөн деп ошол убактагы Жалал-Абад обкомунун биринчи катчысынын орун басары Жунусалиевди, ошондой эле Ала-Бука районунун биринчи катчысын, Токтогул райкомунун үчүнчү катчысын жана Токтогул райондук билим берүү кызматынын (райОНО) башчысын, райфинотделдин жетекчисин жана башкаларды камакка алышат. Ал эми Жалал-Абад обкомунун биринчи катчысы Амановду да камакка алаарда, Искак Разаковдун кийлигишүүсү менен камалбай калган имиш. Ошол убакта биздин Торкен айылынын сельсовети болуп иштеген айылдаш Мамырова Асылкан аттуу аял атамды шайлоодо каршы чыккан адамдардын уюштуруучуларынын бири болгон деген жалган шылтоо менен фамилиясын жазып берип коёт. Ал кезде Кетмен-Төбө өрөөнүндө пахта эгилчи дейт. Апам үч жашар баласын, эки жашар кызын жанына алып пахта талаасында иштечү экен.

Ошол каргашалуу күнү атам жумушуна эртелеп келе жатса, алдынан жакын тааныштары жолугуп, шайлоодо каршы чыккандардын тизмесинде сенин да фамилияң бар экен деп калышат. Атам бир чети таң калып, экинчиден өңү бузулуп, менин бул шайлоого кандай тиешем бар. Же мен шайлоого катышпасам, мен болгону референт гана болуп иштеп жүрсөм, мени эмне үчүн күнөөлөшү керек десе, тигил таныштары атамды шаштырышып: «Токтонаалы, сен убакытты өткөрбөй тезинен бала-чакаңдын жанына барып тур. Сени издөөгө алышты, баары бир сени жөн калтырышпайт» дешет. Ошондо атамдын башына ар кандай ойлор келип, КГБнын башчысы Майкулаковдун: «Тишиң тилиңе күбө» − деп айткан сөзү кулагына жаңырат. Бул иштин арты жакшылык менен бүтпөсүн сезип, эч болбоду дегенде үй-бүлөм менен коштошконго үлгүрүп калайын деп шашылган боюнча айылды көздөй жөнөйт.

Жолдо келе жатып ар кандай ойлорду башынан тизмектеп өткөрүп, отуз жетинчи жылдагы угуп жүргөн репрессиянын кайрадан кайталанганын жон териси менен сезет. Атам үйгө барбастан түз эле апам иштеп жүргөн пахта талаасына бара жатканда, алыстан чаңызгытып келе жаткан машинанын карааны көрүнөт. Атам тезинен басып апама жеткенде, эч нерседен кабары жок иштеп жүргөн апам, атамдын өң алеттен кеткен кебетесин көрө: «Ой кокуй, сага эмне болду, деги тынччылыкпы? − дейт. Атам апама карап: «Чынар, иш жаман. Жакында өткөн шайлоодогу каршы добуш беришкен он алты кишинин бири деп менин фамилиямды да кошуп жазышкан экен. Эми бул иштин арты өтө жаңжалдуу болуп, жакшылык менен бүтпөй калды окшойт.

Согушта мен кан кечип, ок алдында жүргөнүмдө келбеген ажал, мага эми келди көрүнөт, − деп апамды шаштырат, − тигине мени издеген адамдар да келе жатышат. Чынар! Тез балдарды алып келе кал, эч болбоду дегенде акыркы ирет болсо дагы балдарым менен коштошуп калайын, дегенде апам шолоктоп ыйлаган боюнча пахта талаанын четинде күндөн калканыч кылып, талдын бутактарынан жасап алышкан алачыктын ичиндеги балдарына чуркап кетет. Апам эки баласын жетелеп келгиче, тигил келе жактан машинадагы КГБнын адамдары келип калышат. Ошол жерден эле атамдын колун кайрып, кишен салышат. Ары жактан эки баласын жетелеп келип калган апам чырылдап ыйлап: «Ай, айланайындар, эки балапандай балдарын калтырып, атасын кайда алып кеткени жатасыңар? Коё бергиле! Биздин көргөн күнүбүз эмне болот − деп эки баласын чыркыратып жетелеп алып, атамды көздөй жулунганда, КГБнын адамдары атама жакын жолотпой апамдын көкүрөгүнөн түртүп жиберет. Ошондо атамдын каны ичине батып, эмне кыларын билбей айласы куруйт. Атамды күчтөп машинага сала баштаганда, алардан суранып: «Коё тургула, эч болбоду дегенде балдарым менен коштошуп алайын дегенге дагы болушпайт. Айласы кетип, апама карап: «Айланайын Чынар! Эми мени көрөсүңбү-көрбөйсүңбү аны бир кудай билет. Балдарды кор кылбай багып чоңойт. Кош бол эми, Чынар» дегенчекти машинага күчтөп салып алып кетишет. Апам болсо кенедей эки баласын кучактаган бойдон, ботодой боздоп, жер кучактап кала берген экен.

Ошол 1950-жылы атамды аз убакыт эски Токтогулдагы сизодо камашып, андан көп өтпөй эле Жалал-Абадга алып келишет. Ал жердеги КГБнын сизосунда бир күн кармап, андан кийин Ташкентке алып барышып, Ташкент аркылуу самолет менен Фрунзеге алып келишкенде, эски аэропорттон КГБнын беш кызматкери тосуп турушкан болот. Алар дароо эле чүмкөлгөн машинага отургузушуп, КГБнын эски сизосуна алып келишип камашат. Биринчи күнү суракта он эки КГБнын кызматкеринин катышуусунда сурак жүргүзүлөт. Ошондогу КГБнын тергөө бөлүмүнүн башчысы, подполковник Телефонов деген тергөөчүсү атамды суракка алып: «Кана, жолдош Ашыралиев, айта баштагын, шайлоону кандай кылып бурмаладыңар? Орусту шайлабайбыз − деп, орус элине кантип каршы чыкканыңарды айтып бергин − деп атамды жарга такап сурап баштайт. Атам анын суроосуна: «Мен сиздин сурооңузга түшүнгөн жокмун, жолдош тергөөчү. Биринчиден, мен шайлоого катышкан жокмун, шайлоого алтымыш жети делегат катышып ошолор чечишти. Ал жерде катышканга менин укугум да болгон эмес, мен болгону референттик гана кызматта иштеп турдум. Экинчиден, сиздин орусту шайлабай, орус элине каршы чыктың деген сөзүңүзгө түшүнбөй турам. Эгерде мен өзүм үчүн жооп бере турган болсом, мен орус элине эч качан каршы болгон эмесмин. Тескерисинче, орус эли менен биргеликте немецтик баскынчыларга каршы беш жыл Мекенимди, элимди коргоп, канымды төгүп согушуп келгем. Эгерде силердин оюңар башка болуп, мага күнөөнү мойнума илип, өзүңөрдүн максатыңарга жеткиңер келип жатса анда башка кеп».

Тергөө бөлүмүнүн башчысы Телефонов ачуулана атама карап: «Сен эмне деп былжырап жатасың, тергөөдө кандай жооп беришти билбейт экенсиң, керек болсо бул жерде кандай жооп беришти биз сага үйрөтөбүз. Сага эртеңкиге чейин ойлонууга уруксат берилет, жакшылап ойлонуп келгиниң. Биздин суроолорубузга эртең так жооп берет болушуң керек» − дейт. Анда атам: «Мен эртеңкиге чейин эч нерсени ойлоп таба албайм, жолдош тергөөчү. Силерге болгонун болгондой бардыгын айтып бердим, менде андан башка айта турган сөзүм жок» − деп атам дагы көгөрүп, чындыкты айтып туруп алат. Анда алар башкача ыкманы колдонушуп, узун туурасы бир метр келген, тең ортосунда бетондолгон столба, алды жагынан туалеттин саркындысы жыттанып турган, эч кандай жатканга же отурганга мүмкүн болбогон «карцерге» беш күн камашат. Бешинчи күнү түнкү саат экиде суракка алышып, кайрадан эле ошол суроолорду бере башташат.

Ошентип, атам КГБнын сизосунда он бир ай сурак берген экен. Ошондогу адам чыдагыс кыйнагандарын, көк ала койдой сабап, ээси оогондо үстүнө бир чака муздак сууну куюп туруп, иттин өлүгүндөй сүйрөп барып кайра камерага киргизип коюп турушканын зааркануу менен айтар эле. «Адамдар ит жандуу болот турбайбызбы» төрт тишимди кычкач менен суурушту. Күнөөнү мойнума алдырыш үчүн эмнени гана кылышкан жок. Мен эч кандай күнөөлүү эместигимди, шайлоого катышпагандыгымды, болгону референт гана болуп иштеп жүргөнүмдү, мага коюлган күнөөлөр болбогон жалаа доо экенин айтып мойнума албадым.

Воркутадан кайткандан кийин
1956-жыл
5

Бир күнү атайын Москвадан генералдык прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүлөрү келишип, тергөө иштерин жүргүзө башташты. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси мени суракка алып: «Эмнеге сен жасаган күнөөңдү мойнуңа албайсың» − деп сураганда, мен: «Кайсы кылган күнөөмдү мойнума алышым керек» − дедим. Анан ал ачуулана колундагы кармап турган тиркелген кагаздарды столдун үстүнө бир чаап: «Мына момундагы жазылган күнөөлөрүңдү» − деди. Ошондо мен тергөөчүнү карап: «Айтыңызчы, сиз согушка катыштыңыз беле?» − десем: «Катышкам» − деди. «Офицерсизби?» − десем: «Ооба, офицермин» − деп ачуусу келип, «Сага анын кандай тиешеси бар же сен мени суракка алайын дедиңби?» − деп ачуулана кетти. Мен ага карап: «Жок, жолдош тергөөчү» мен сиздин сурооңузга жооп берейин, менин сизден сураганымдын себеби, мен дагы офицермин. Мен дагы Мекенимди коргоп, немецтик фашисттер менен канымды төгүп согушуп келгем. Эгерде менин ниетим бузук болуп, алдагы алдыңыздагы кагаздарда жазылып турган Совет өкмөтүнө каршы маанисиндеги айыптар чын болгон болсо, мен дагы согуш маалында бир нече жолу өзүмдүн ротам менен курчоодо калганда Власовго окшоп немецтер тарапка өтүп кетүүгө мүңкүнчүлүгүм бар болчу. Мен андай кылган жокмун, андай кылганга менде ой да болгон эмес. Эгерде бул жообум аздык кыла турган болсо, анда менин батальонумдун командири подполковник Кузнецовдон сурагыла. Эгерде ал киши мен жөнүндө шектүү, улутчул, бузук адам болчу деп айта турган болсо, анда бир огу менен тапанча бергиле, ошол жерден өзүмдү өзүм атамын.

Жолдош тергөөчү, сиз генералдык прокуратуранын кызматкери катары айтыңызчы? Деги ушул жалган каралоого сиз өзүңүз ишенесизби? Булар мага күнөөнү мойнума алдырыш үчүн кандай гана кыйноолорду жасашкан жок, тиштеримди суурушуп, адам чыдагыс ур-токмокко алышты. Мындай жырткычтык менен жасалып жаткан мамилени Москва билбейт болуш керек. Мен согушта кан кечип жүрүп өлбөй, эми ушул акыйкатсыздыктан, жалган жалаа доонун айынан өлө турганымды сезип жатам. Мен сизди согушка катышкан адам катары сурайын: «Мен ушул күнөөлөрдү мойнума алышым керекпи» − десем башын чайкап туруп, менин тулуптай шишиген кебетемди карап, көз карашында макул экендигин сездирип турду. Бирок эч кандай жардам бере албастыгын көз карашында билдирип: «Ты офицер надо признаваться» − деп, башка эч нерсе айтпастан чыгып кетти.

Бир убакта дагы бир тергөөчү менен жаш кыргыз жигит кошо келди. Кирип келип эле тигил тергөөчү кыргыз жигитке карап: «Мен келгенче бул тууганыңдан шайлоону кантип бурмалагандыгын сурап тур» − деп шашылып чыгып кетип калды. Жаш жигит жаңы орношкон көлдүк жигит экен. Менин тамтыгы чыккан кебетемди карап: «Эй, байке, сага эмне жашоонун кереги жокпу» ? − дейт. Мен ага: «Эмнеге мага кереги жок экен, ботодой боздоп үйдө аялым калды, ата ким экенин биле элек эки кенедей балдарым калды, ошолор үчүн жашагым келет» − дедим. Ал жигит мага карап: «Анда жашагың келсе, коюлган күнөөлөрдү моюнуңа алгын дагы, калганын көрө жатарсың, болбосо бул жерден өлүгүң чыгат, бул жерде сен тирүүнүн өлүгүсүң» − деди. Мен мындай айыптоолордон эч качан чындыкка жете албастыгымды түшүнүп, андан ары кудайдын айтканын көрөрмүн деп, мага коюлган айыптардын бирине да карабастан кол коюп берип салдым.

 ТҮРМӨ АЗАБЫ

Ошондон кийин мени жалпы камерага которушту. Ал жерде жазуучу, «Манас» изилдөөчүлөр Ташым Байжиев, Зияш Бектенов, Тазабек Саманчиндер отурушкан экен. Ошентип өкүмдү күтүп жаттым. Тазабек Саманчин болсо күндө эле ыйлайт: «Мени кайсы күнөөм үчүн камашат, эмнеге мынчалык кордошот, ушинтип отуруп өлтүрүп коюшабы» − деп эле зээнди кейите бергендигинен, аны урушуп салдым. «Эмнеге ыйлайсыз же сиздин ыйыңызды бирөө угуп жатабы, эки жагыңызды карабайсызбы, алды үстүңүздүн баары цемент, ыйлаганда эле бирөө келип сизди бошотуп кетеби, ажалыңыз жетсе өлөсүз, ажалыңыз жок болсо кудайдын айтканын көрөсүз да, боздобой жөн отуруңузчу, андан башкасы да жетишип турат», − десем чыйрала түштү көрүнөт, тып эле токтоп калды. Ошентип убакыт өтүп, өкүм угузула баштады.

Өкүмдө: «За контрреволюционную деятельность против Советскую власть, против генеральной линии Коммунистической партии Советского союза приговорить Т. Ашыралиева к 10 годам лишения свободы» − деп өкүм угузулуп, эгерде он жылдын ичинде кандайдыр бир жагдайлар болуп кала турган болсо, кайрадан чакыртылып, мөөнөтүн дагы узартуу боюнча өкүм чыгарылат.

Атам айтып калаар эле: «Согуш бүткөндөн кийин буйрук чыгып, элибизге кайтар күнү өзүмдүн командирим, подполковник Кузнецовго коштошкону кирсем, ал мага көңүл-кош мамиле жасап, колундагы саатын карап туруп: «Жолдош Ашыралиев, сенин дагы үч саат убактың бар, жакшылап ойлонуп кел» , − деп кабыл албай чыгарып жиберди. Мен комбаттын оюн дароо эле түшүндүм. Ал буга чейин бир нече жолу мага Мекениме кетпей, өзү менен кошо калып, дагы кызмат өтөөнү сунуштаган. Бирок мен эл-жеримди, жалгыз калган энемдин тирүү экенин, энем мени күн сайын жол карап күтүп жүргөнүн эстегенде, комбаттын сунушуна макул болбошко туура келди. Үч саат өткөндөн кийин Кузнецовдун кабинетине кирип барып: «Товарищ комбат разрешите обратиться?» − десем эле, кыраакы адам да менин эмне деп айтаарымды дароо сезип: «Отставить!» − деди. «Товарищ Ашыралиев, ты куда собрался?» дегенде мен: «На малую Родину товарищ комбат» − дедим, «Давай садись» − деп шкафынан бир бөтөлкө аракты алып чыгып, экөөбүзгө эки чоң стакандарга тең бөлө куюп туруп, мага карап: «Товарищ Ашыралиев мы вдвоем всю войну месте прошли. Вместе спали, вместе ели. Ты же боевой офицер, давай оставайся, со мной послужишь еще. Ну что делать дома? В стране голод и разруха, а тут все-таки армия, сыт, одет, обут будешь, может быть здесь и поженишься» , − деп мага карап мыйыгынан күлдү. «Ну что, передумаешь?» деп айтканда: «Нет командир, спасибо но не могу. Я поеду к матери. Мне ее видеть надо. Можеть еще когда-нибудь увидимся» − дедим. Комбат мени тиктеп туруп: «Ну, Ашыралиев, как знаешь, уезжаешь-уезжай, но только потом не возвращайся ко мне» − деп тамашалуу жылмайыңкы карап, эми чечим чыгарыш өзүңдөн, сунуш кылыш менден деп куюлган аракты ичтик дагы кучакташып коштошуп ажыраштык. Ошол ошол боюнча калды.

Воркутадагы учур.
1955-жыл
6

Өкүм чыгарылып 10 жылга кесилип, Россиянын Воркута жерине Москва аркылуу этап менен, мени менен чогуу 41 кишини самолёт менен алып келишти. Ал жердеги Воркута лагеринин башчысы, мурдагы согуш учурунда угуп жүргөн генерал-майор Самадуров деген адам экен. Ал жерде 62 шахта, 62 лагердик бөлүктөр жайгаштырылыптыр. Бизди келгенден кийин жети күн карантинде кармашып, жетинчи күнү ар бирибизди бирден биз бөлүнгөн бөлүктүн начальнигине фамилиябыздан атап киргизе башташты. Негедир менин фамилиям чыкпай жатып, эң акыркы болуп чакырылды. Тагдырдын тамашасын кара, каалганы ачып башбакканымда, төрдө отурган комбат Кузнецовду көргөндө нес болуп туруп калдым. Көрсө, ал киши мурун эле билгендиктен мени акыркы кылып чакырганы ошондон тура.

Ал киши отурган жеринен турбастан көзүнүн үстү менен мени карап: туруп, «Ну что, боец, здравствуй! Помнишь, я тебя предупреждал? Ты меня не послушал. Вот теперь заработал получи. Теперь от меня ничего не жди. Все, попал ты в капкан. Здесь подземные работы. Люди калечатся, погибают. Ты этого хотел? Давай сделаем так. Здесь все контролируют три человека из КГБ. Если они узнают, что начальник лагерного отделения воевал вместе с заключенным Ашыралиевым, то тебя в течение получаса уберут отсюда и переведут в другой лагерь. Ты никому не говори, что воевал вместе с Кузнецовым. Если ты, конечно, хочешь остаться здесь, со мной. Здесь есть один твой земляк из Иссык-Куля, фамилия Бугубаев. До 38-года он работал у Орозбекова, Управ делами Верховного Совета Киргизии. В 38-ом году Орозбекова расстреляли, а Бугубаеву дали 20 лет. Я постараюсь, чтобы ты не попал на подземные работы. Подыщем тебе что-нибудь на поверхности. Еще другой твой земляк Рахмонов (был до ареста управделами Совета Министров Узбекистана, закончил Ленинградскую военную медицинскую академию), работает в лагере глав врачом. Завтра будет врачебная комиссия. Скажешь, что страдаешь хроническими припадками. Тебя положат в стационар. Там Рахмонов напишет, что у тебя дважды был припадок. Оставят работать на поверхности. «Теперь иди, ты меня не знаешь, я тебя не знаю» − деп аз убакыттын ичинде бири-бирибизден алыскы аралыкта сүйлөшүп, ошол боюнча жолугушкан жокпуз.

Кузнецовдун тапшырмасы менен Рахмонов мени кырк күн стационарда жаткырып, жер алдындагы шахтыда иштөөгө болбойт деген медициналык справканын негизинде бошоткондо, мага жашоонун жарыгы алыстан көрүнө баштаганын сезе баштадым. Жер үстүндө ар кандай жумуштарда иштеп жүргөнүмдө Кузнецов мага жолуга албаса дагы, баары бир менин сыртымдан көз салып жүргөнүн сезип жүрдүм. Жер алдындагы шахтыда иштеген адамдардын көпчүлүгүнүн ар кандай кырсыктарга кабылып, ден соолуктарынан ажырап, чала жан болуп, кээ бирөөлөрүнүн өлүп калышкандарын көргөнүңдө зээниң кейип, ар кандай ойго батып отурар элем. Ошондо жыйырма беш жылдан бери отурган бир адамдын кебетесин көрүп, таң калдым. Ушунчалык арыктыгынан териси эле калыптыр. Мен ал кишиден: «Кантип ушул убакка чейин ушундай акыбалда жашап келдиң» − деп сураганымда, ал киши: «Нандын күкүмүн өзүмдүн заарама көөлөп жеп, ушул убакка чейин жашап келгем» − деп айтып отурду. Варкута түрмөсүндө эң жөнөкөй адамдардан баштап, мамлекеттик эң чоң кызматтагы адамдар отурушту. Алардын ичинде «чуулгандуу Ленинград» иши боюнча Ленинград обкомунун бир канча бюро мүчөлөрү, кызматкерлери да өз мөөнөттөрүн өтөп жүрүштү.

Воркутлаг.

Воркута-1 Воркута-2

 АЗА КҮНҮ

1953-жылдын 5-март күнү Сталиндин өлгөндүгү тууралуу суук кабар угузулганда, бардык кыймыл токтоп, ошол күнү эч кимибиз жумушка чыккан жокпуз. Ошол убакта миң-миң деген адамдар коштошуу иретинде Сталин, Сталин деп кыйкырганда кадимкидей жер дүңгүрөп тургансыды. Бул согушта Сталиндин көрөгөчтүгү, темирдей катуу кармаган тартибинин натыйжасында немецтик фашисттердин талкаланышы, анын чоң бир эмгеги экенин эч ким тана албаса керек. Ар бир советтик жоокер Мекен үчүн, Сталин үчүн деп ураалап, ажалга тике туруп согушканыбызды кантип унутушубуз керек эле. Ал эми бул түрмөдөгү отурушкан адамдардын кээ бирөөлөрүн кошпогондо көпчүлүгү Сталинди жоктоп турушкандыктары маанайларынан эле көрүнүп турду. 1956-жылы февраль айында түрмөдөгү отургандар өз алдынча нааразылык чогулуш өткөрүшүп, ал чогулушка түрмө жетекчилерин катышпоого мажбурлап, ал кадимкидей партиялык чогулуштай өтүп жатты. Биринчи доклад менен еврей улутундагы Саратов госуниверситетинин мурунку ректору сүйлөп чыгып, полит заключенныйлардын иштерин кайрадан карап чыгуу боюнча доклад жасады. Экинчиден, Варкута лагеринин жетекчиси Самадуровдун жана ошондой эле аны менен бирге кээ бир түрмө кызматкерлеринин кызматтан кетишин талап кылып турду. Анын артынан бир нече докладчылар нааразылык пикирлерин билдирип чыгышты. Үч күндүк иш таштоонун негизинде канча деген жумуштар токтоп, көмүрлөр казылбай, вагондор иштебей туруп калды.

Үчүнчү күн дегенде Москвадан СССР жогорку Советтин секретары Горкин баштаган ЦКдан, Жогорку Советтен, Жогорку соттон, Генералдык прокуратурадан бардыгы болуп эки жүз сексен беш адам келишти. Алар алтымыш эки лагердик бөлүккө бөлүнүшүп, түрмөдөгүлөрдүн талаптары менен тааныша башташты. Түрмөдөгүлөр Москвадан келген гана адамдар менен сүйлөшөрүн билдиришип, ал эми ошол жердеги түрмө жетекчилеринин катышпоосун талап кылып жатышты. Төрт сааттык сүйлөшүүдөн кийин Москвадан келген комиссия жети күндүн ичинде чечим чыгаруу жыйынтыгын айтарын, ишти токтотпоо боюнча макулдашып кетишти. Жетинчи күн дегенде Генералдык прокуратуранын коштоосунда жүзгө жакын тергөөчүлөр келишип, ар бир полит заключенныйлардын иштерин кайрадан карап чыга башташты. Бул жолку кайрадан каралып жаткан тергөө мурунку жырткычтык менен адамга жасалган мамиледен бир канча өйдө өтүп жатты. Ар бир иш кылдаттык менен кайрадан текшерилип, маданияттуу маектешүүнүн негизинде суроого жооп айтылып турду.

Бир жолку чакырылганымда демейде экиден кем эмес отурушчу тергөөчүлөр, бул сапар жалгыз отурган тергөөчүнүн кабинетине алып келип киргизишти. Ал тергөөчү мени жанындагы турган отургучка отуруумду сунуштады. Мен тергөөчүнү караганымда ал көзүмө жылуу учурап, кайдан көрдүм эле деп эстей албай тиктеп туруп калдым. Тергөөчү мени карап: «Сен эмне мени тааныйсыңбы?» − дегенде мен ага жооп кылып: «Жок жолдош тергөөчү мен сизди тааныбайм, бирок мен сизди бир жерден көргөндөй болуп жатам» − десем, тергөөчү мени көзүнүн кыйыгы менен карап туруп, балким, сен мени согуш учурунда ошондогу командир батальонуң Кузнецов менен жүргөнүмдү көргөн чыгарсың же азыркы лагердик бөлүктүн начальниги Кузнецовдун жанынан көрүп жүрбөгүн − деп мени сырдуу көз менен карап койду. Мен ошондо ал тергөөчүнү кайдан көргөндүгүмдү, алты жыл мурунку Кыргызстандагы сурак маалында Москвадан келишкен Генералдык прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы экенин ошондо эстедим.

Мен ал тергөөчүгө карап: «Ооба, жолдош тергөөчү, мен сизди эми тааныдым. Сизге рахмат! Сиздин ошондогу мага бир сөз менен «мойнуңа алгын... » деп көз карашыңызды чын жүрөктөн билдирип чыгып кеткениңизди сезип, мага коюлган күнөөлөрдүн бардыгына айла жоктон кол коюп берип салгам. Мен мүмкүн ошондо туура чечим чыгарган болушум керек. Эгерде мен чындыкка жетем деп мойнума албай көгөрө бергенимде анда бул жерде сиз менен мүмкүн менин кайрадан мындай жолугум болбойт беле. Мага эми аз болсо дагы акыйкаттын жарыгы көрүнө баштады. Жолдош тергөөчү мен сиздерден бул жолку кайра тергөөдөн менин ишимди акыйкаттык менен карайт деген ишеничтемин десем, тергөөчү мага карап: «Сен өтө жолдуу адам экенсиң. Согуштан тирүү келип, өзүң айткан тергөөдөгү кыйноолордон өтүп, кайрадан бул жердеги лагердик бөлүктүн начальниги Кузнецовдун жанында, мурунку согуштагы командириң Кузнецовдун канатында калкаланып, жер үстүндө иштеп, тирүү жүргөнүңдү айтып жатам жолдош заключенный Ашыралиев. Мен сага мунун баарын айтып жатканымдын себеби, сен алты жыл мурун ошондогу сурак учурунда: «Менин командирим подполковник Кузнецовдон сурагыла», − деп айткандарың боюнча мен лагердик бөлүктүн башчысы Кузнецовдон сен жөнүндө сурап, менде ал боюнча кенен маалымат бар.

Кузнецов сен экөөңдүн согушта бирге кызмат кылганыңарды тастыктап, сен жөнүндө жакшы пикирде экендигин айтып, сени полит заключенныйлардын тизмесине кошуп коюумду суранды. Бирок сен экөөңдүн бирге кызмат кылганыңарды эч кимге билдирбөөмдү көптөн-көп өтүндү. Ошон үчүн мен сенин ишиңди кароону өзүмдүн карамагыма өткөрүп алдым. Кузнецовдун суранычы менен мен өз ишимди жасап, сотко өткөрөм. Ал эми сотто кандай чечилет аны мен сага айталбайм. Эми сен бул жолу дагы жолдуу адам экениңди билдирдиң деди. Мен тергөөчүгө рахматымды айтып, сиздин бул кылган жакшылыгыңызды эч качан унутпайм десем, тергөөчү мени тиктеп карап туруп: «Анда сен өзүңө дагы кыянаттык кылып, өзүңдүн үстүңдөн арыз жазып, ушул күнгө жеткирген тууганыңдын кылгандарын дагы унутпай жүрөт болушуң керек дегенде менин кулактарым чуулдап, тергөөчүнүн эмне деп айтканын түшүнбөй калдым. Кайрадан мен тергөөчүдөн: «Жолдош тергөөчү, сиз кайсыл тууганым жөнүндө айтып жатканыңызга түшүнгөн жокмун?» − десем, мени таң калыштуу карады. «Сен эмне ушул убакка чейин кимдин көрсөтмөсү менен камалганыңды билбейт экенсиң да» − деп алдында тиркелип турган документтердин бирөөсүн барактап ачып; «Гражданка Мамырова Асылкан, 1950 году работала секретарем Торкентского сельсовета» − деп окуганда кулактарым чуулдап, денемди муздак тер басып кетти. Мен өзүмдү коёрго жер таппай эмне кыларымды билбей турдум.

Ошондо мен өзүмө өзүм суроо берип, бул эмне деген шумдук, мындай ой мага үч уктасам да түшүмө кирмек эмес. Биз бир айылдык болсок, «Шамшыкал» тузун бирге татсак, анан кантип ушундай акмакчылыкка, жүзү-каралыкка барганга колу кантип барды экен. Же бул катындын сасык оюнда арзыбаган кызматын менден кызганычтык менен жасагандыр. Макул, менин тагдырым ал үчүн эч нерсеге арзыбаган болсо дагы эч болбоду дегенде менин үй-бүлөмдүн же чычкандай эки баламдын тагдырын эне катары ойлоду бекен бул катын? Жок, мындай адамдар ар дайым адам тагдыры менен ойноп келишкен. Мындай адамдар эч качан адам тагдырын өз кызыкчылыгынан өйдө коюшпайт. Ал эми бул катындын кылган саткынчылыгын кандай деп түшүнөрүмдү өзүм да билбей турам. Көрсө, кыргыздын макалында таамай айтылган «Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман» деп сөз бекеринен айтылбаган болсо керек. «Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт» дегендей, кудайым буйруса аман-эсен жетсем, айтар сөзүмдү ошондо айтармын деп өзүмдү-өзүм сооротуп коюп отурдум. Менин өңү-башым кубарып, денелерим калчылдап, кадимкидей кара тер басып турганын байкаган тергөөчү бир стакан сууну куюп: «ич!» − деп алдыма койгондо, стаканды кармай албай сууну төгүп алдым. Менин акыбалымды байкаган тергөөчү мени коштоп алып келген түрмө кызматкерлерин чакырып: алып кеткиле! − деп буйруду. Ошентип, улам-улам суралып отуруп, февралда башталган сурак июнь айына чейин созулду, андан кийин Жогорку сотто каралып, ал жактан 1956-жылы толук акталып келдим − деп айтар эле.

 АПАМДЫН ТҮЙШҮГҮ

1950-жылы атамды кармап алып кетишкенде апам эки кенедей балдары менен калып, атасыз эки баласын кантип багып чоңойторун билбей, ошондогу КГБнын адамдары атамдын колуна кишен салып алып кетип жатышканда, атамдын айткан сөздөрү кулагынын кужурун алып, атамды кайра келбес жакка кеткендей сезип, ар убакта эстегенде өзүн коёрго жер таппай калат. Согуштан кийинки кыйынчылыктарда атасыз эки баланы багып чоңойтуу апам үчүн өтө оорго турган экен. Апам Токтогулдун Кара-Суу деген айылынан болгондуктан, ал жактагы жашаган ата-энесиникине эки баласын калтырып, үйүндөгү сүтүн саап ичип жүргөн жалгыз эчкисин сатып, өзү эңсеген мугалимдик кесипке ээ болуш үчүн 1952-жылы Жалал-Абаддагы педучилищага окууга барууга жөнөмөк болот.

Ошондо апам жолго чыгарда эки баласынын бучкактап бутуна жармашышып, кетиришпей чыркырап ыйлашып турушканда апамдын жүрөгү муңга батып, эмне кыларын билбей кайрадан балдарын кучактап алып, атамды жоктоп, зыркырап ыйлап турган экен. Жанында турушкан апамдын ата-энеси Алымкул таятам менен Зылпы таэнем дагы апам менен кошо ыйлашып, эне-балдардын бири-биринен ажырашалбай боздошуп ыйлап турганын көргөндө заманасы куурулуп, өзүнчө сүйлөнүп: «Оо, куураган заман, эмнеге буларды шорлоттуң экен. Атасы болгондо минтип чилдей тарашпай, эптеп бир оокатын өткөрөт эле го. Кечээги каргыш тийген согуш бир күндө эки баламды тең бирдей алып кетти эле, эми минтип бул байкуштарымдын ыйын угуп отурам» − деп таятам зээни кейиген экен.

Жанында турган апамдын энеси Зылпы таэнем көз жашын аарчып, апамды сооротуп: «Кой, кызым! Көп ыйлаба, белиңди бекем бууп окууңду аман-эсен бүтүрүп кел. Балдарыңды биз атаң экөөбүз эптеп багып турарбыз. Сенин окууң бүткүчө Токтонаалың да, мүмкүн, келип калаар кызым» − дегенде, көөдөнү ызага батып араң турган апам, атам жөнүндө укканда ого бетер көз-жашын көлдөтүп: «Билбейм, апа, ишене албай турам. Ошондо КГБнын адамдары Токтонаалынын колуна кишен салып, анын кетээрде балдарым менен коштошуп алайын деп суранганына карабастан машинага күчтөп сала баштаганда мага карап: «Айланайын Чынар! Мен эми силерди көрөмбү-көрбөйүмбү аны бир кудай билээр, балдарды кор кылбай багып чоңойт, кош бол!» деген боюнча кетпеди беле. Фрунзедеги КГБнын түрмөсүндө ит көрбөгөн кордукту көрсөтүшүп, ошол жерден эле жарым жан кылып коюшкан экен − деп айтып жүрүшпөйбү. Күнөөнү мойнуна зордуктап алдырышып, он жылга орустардын Сибирдеги түрмөсүнө кетиришпеди беле. Кабарын билип келебиз деп Фрунзеге Токтонаалынын артынан барышкан аталаш бир тууган агасы Бейшенби ата менен аталаш иниси Бараткан экөөнө тең жолуктурбай койгондо, эч кабарын биле алышпай кайра келишпедиби. Менин угушумда Сибирде түрмөдөгү адамдарды жер алдында иштеттирип, ар кандай уулуу заттардын таасиринен көп болсо үч жылдан ашык жашай алышпайт турбайбы − деп, апам эки баласын кучактап алып көз жашын көлдөтүп буркурап ыйлап турган экен.

Ошентип апам 1952-жылы Жалал-Абаддагы педучилищага окуганы кетет. Балдары эненин мээримине куса болушуп, ыйлап-сыктап таята-таэнесинин колунда калышат. Күндө жол карашып, алыстан келе жаткан караан көрүнсө эле апалап чуркашып, күн кечиришет. Бир күнү алыстан келе жаткан караанга апалап чуркашканда жанында турган таятасы: «Ай, балдарым, ал апаңар эмес эле атаңар Токтонаалы көрүнөт» дегенде экөө тең демейдеги чоочун адамдын караанын көргөндөй үн-сөзү жок токтоп туруп калышат. Ошондо Алымкул таятамдын маанайы түшөт. Неберелери бири-бирин жетелешип эне мээримине куса болушуп, атаңар келе жатат деген сөзгө чоочун адамдай кабыл алышып туруп калышканын көргөндө, таятамдын ого бетер зээни кейип: «Ой, шордууларым десе, бул байкуштарым ата мээримин, ата деген ким экенин да билбей калышпадыбы» − деп эки небересин аяп, бооруна кыса кучактап мукактанып турган экен.

 АК ИЙИЛЕТ, БИРОК СЫНБАЙТ

1954-жылы жети жашар агам Афтандил биринчи классты жарым жыл окуп калганда, таята-таэнеси каза болуп калышат. 1955-жылы февраль айында апам кайрадан эки баласын алып айылга (Торкенге) келип, агам Афтандилди атамдын аталаш агасы Бейшенби чоң атаныкына калтырып, алты жашар эжем Гүлайымды атамдын аталаш иниси Бараткан кайнисиникине таштап, кайрадан окуусуна кеткен экен. Апам ошол жылы окуусун бүтүрүп келип, айылдагы мурунку эски мектепте кыргыз тилинен мугалим болуп иштеп калат.

1946-жылы атам менен апам баш кошкон күндөн көп өтпөй эле он тогуз жашында (1927 жылкы) Бараткан акем Турдукан апага үйлөнүп калыптыр. 1947-жылы агам Афтандил төрөлгөндөн төрт айдан кийин Бараткан акем менен Турдукан апам да эркек балалуу болушуп, атын Абдыкайым деп коюшат. Ошол жылдары бул эки үй-бүлө бир үйдө чогуу күн кечиришип, жашап калышат. 1956-жылы июль айынын башында атам түрмөдөн акталып келет.

Бараткан жана Турдукан
4

Апамдын өз эскерүүсүндө − ошондо сүйүнгөндөгү кубанычы менен ыйы, Бараткан кайнисинин атамды кучактап алып, шолоктоп ыйлап турганда аны көргөн ага-туугандын баары ыйлашып турушкан эле дейт. Ошол маалда агам Афтандил жайлоодо Бейшенби чоң атанын баласы Төлөгөн акенин үйүндө жүргөн болот. Атам бардыгы менен учурашып көрүшкөндөн кийин Уулу Афтандилди издеп, кайда? − деп сурап калат. Уулу Афтандилдин жайлоодо жүргөндүгүн айтышканда атамдын оюна ар кандай жаман ойлор келип, булар менден бир нерсени жашырып жатышат деген ойдо калган экен.

Агам Афтандилдин эскерүүсүндө: − Мен жайлоодо Төлөгөн акеникинде жүргөнүмдө Төлөгөн аке мага: − Афтандил сүйүнчү! Атаң Токтонаалы акем аман-эсен түрмөдөн кутулуп келиптир. Биз бүгүндөн калбай айылга жөнөшүбүз керек − дегенде, тогуз жашар менде андай деле атага деген сезим болгон жок, себеби мен үч жашымда түрмөгө кеткен атамды билбей деле калдым да. Төлөгөн акем мал-жандыгын бирөөлөргө дайындап коюп, ошол күнү эле бир өгүзгө оокат-ашты жүктөп, жайлоодон жөнөрдө дагы эки аял биз менен кошо жолго чыгышты. Борду-Кыя капчыгайына келгенибизде түн кирип, көзгө сайгыз караңгылык каптады, ошондогу коркунучту айта көрбө. Кээ бир жерлерден өтүп бара жатканыбызда Төлөгөн аке менен тигил келе жаткан аялдар да үн чыгарышып, ак урушуп келе жатышты. Көрсө, андай мазарлуу ыйык жерлер өтө коркунучтуу болот турбайбы. Ошентип, таңга жуук айылга жетип келип калдык. Үйгө жетип калганыбызда короонун алдында жүргөн атамды көргөндө мага чоочун адамдын элеси сезилди. Атам бизди көрө-сала чуркап чыгып, өгүздүн үстүндө отурган мени көтөрүп түшүрүп, жалынып-жалбарып өпкүлөп жатты. Бирок баары бир менин кайдыгерлик сезимим атама оркоюп сезилип турду, атам мага карап: «Ой, балам, сен кимдин баласы экениңди билесиңби?» деди. Мен эч ойлонбостон туруп: «Бейшенби атамдын баласымын дегенимде, атам мага жылмайып тиктеп туруп, анда эмесе макул, сен Бейшенби атаңдын баласы болсоң, мен Бейшенби атаңдын иниси болом. Анда мен сенин агаң болот турбайымбы − деп Төлөгөн аке менен кучакташып көрүшүп, учурашкандан кийин чогуу үйдү көздөй жөнөдүк.

Уулу Афтандил
2017-жыл

 ЭРКИ БЕК АДАМ — АТАМ

1962-жылга чейин эки үй-бүлө чогуу турушуп, ошол жылы ылдыйкы Торкен суусунун жээгин бойлото жаңы түшкөн көчөгө катар эки там салышып, көчүп келишкен экен. Бараткан акем менен Турдукан апамдын баласы Абдыкайым акем жалгыз бала болгондуктан, биз эки үйдө бирдей аралашып чоңойдук.

Атам 1956-жылы түрмөдөн акталып келгенден кийин көп өтпөй айылдагы Торкен колхозунда тоют топтоо бригадири болуп иштеп жүрөт. Ошол жылы колхоздо тоют топтоо жылдагыдан көп жыйналып, райондо биринчилерден болушуптур. 1957-жылдын башында атам башкарманын орун басарлыгына дайындалып калат. Ал мезгилде Торкен колхозунун башкармасы Шамыратов Аманжан аттуу киши иштеп турган болот. Ошол жылы жай айларында ал киши отпускага чыгып, атамды ордуна калтырып, Фрунзеге жакын тууганы Абды Суеркуловдун үйүнө келет. Ал убакта Абды Суеркулов Совет министри болуп иштеп турган экен. Экөө учурашып, ал-жайларын сурашкандан кийин Абды Суеркулов анын эмнеге келгендигин сурайт. Ал отпускага чыгып, эс алып келгендигин айтат. Ошондо Абды Суеркуловдун ачуусу келип: «Жайында колхоздун жумушу кычап турганда кайсыл башкарманын отпускага чыкканын угуп-көрдүң эле? – деп катуу айткан дейт. Анда ордуңа кимди калтырып келдиң? − деп сураганда, орун басарым Токтонаалыны калтырып келдим дептир. Абды Суеркулов кыраакы адам да, аны жылмайып карап: «Андай болсо эми сага Токтонаалы кайра башкармалыкты бербейт, сен эми эс алып жүрө берсең болот. − деп какшыктап айткан имиш. Айткандай эле атамды ошол жылы башкармалыкка шайлап коюшкан экен.

Торкен колхозун жаны башкарып турган күндөрү.
1962-жыл
3

Ошол жылдары атам башкармалык кызматын аркалап жүргөн кезде кандайдыр бир областтык жыйын болуп, анын репрессияланышынын себепкери болгон Шевцов менен жолугушуп калат. Ал убакта ал киши Ош областтык элдик контролдоо кызматында иштеп турган дейт. Шевцов менен атам бет келишип калышканда, ал атама карап: «Оо, жолдош Ашыралиев, сен эмне ушул убакка чейин тирүү жүрөсүңбү?» – деп атамды какшыктап сурап калат. Анда атам дагы сөзүнө жараша жооп кылып: «Ооба, жолдош Щевцов, мен эмдигиче сиз айткандай тирүү жүрөм. Себеби сурак маалында мени тигил дүйнөгө кетиришке аракет кылышты. Бирок ал жакта чындыкты, акыйкаттыкты катуу кармашат экен, ал жактагылар менин ак экендигимди, эч кандай шайлоого катыштыгым жок экендигин, ошондой эле сизди өмүрү көрүп-билбегендигимди билишкенде, ал жакка мени кабыл алышпай коюшту, жолдош Шевцов» , деп мен дагы сөзүнө жараша жооп кылып нары карай басып кеттим» − деп айтып калар эле. Ал эми берки Мамырова Асылкан жөнүндө сурап калганыбызда, андан эч нерсе деп сурабагандыгын, ал катындын өзүнүн абийрине койгонмун деп айтып калчу.

Атам 1957-жылдан 1973-жылга чейин Торкен колхозунда башкарма болуп иштеди. Ошол жылдары Торкен колхозу райондо биринчилерден болуп область, республикада Ардак такталарда илинип турду. 1968-жылы жаңы мектеп салынып, мектептин жанына сырттан келген мугалимдер, доктурлар үчүн бир нече жыгач үйлөр курулуп, отун-суусунан баштап, оокат-ашына чейин колхоздун камкордугуна алынып турган. Колхоздун канча деген кайрак жерлери өздөштүрүлүп, насостор менен сугарылып, жүздөгөн гектар жерлер суугат жерлерге айланып, мал чарбачылыгы алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишип, малчы-чабандар мамлекеттик орден-медалдар менен сыйланышкан эле. 1973-жылы колхоздор жоюлуп, кайрадан совхозго өткөрүлө баштаганда кошуна жайгашкан Совет колхозу менен Торкен колхозу бириктирилип, Кетмен-Төбө совхозу болуп аталды. Атам кайрадан совхоздун директорлугуна шайланып, 1973-жылдан 1977-жылга чейин Кетмен-Төбө совхозунун директору болуп иштеп келди. 1977-жылдан 1985-жылга чейин Токтогул райондук спецхоз мекемесинин директору жана малды бордоп семиртүү (живпром) чарбасында зам директорлук кызматта иштеди. Көп жылдык мамлекетке жасаган эмгектери жогору бааланып, бир нече мамлекеттик орден-медалдары менен сыйлан эле.

Социалисттик эмгектин Баатыры, Ленин, Эмгек Кызыл-Туу ордендеринин ээси, республикадагы биринчилерден болгон атактуу жүгөрү звеновою Аманкан Мамыров да ошол жылдары Торкен колхозунан чыккан.

Атам жаңы башкарма болгон жылдары Аманкан Мамыров мектепти бүтүрүп, тракторлорго шаймандарды илгич (прицепщик) болуп иштеп жүрүп, армияга кетип, кайра келгенден кийин трактористтин окуусун бүтүрүп, колхоздо тракторист болуп иштеп калат. Бир күнү Аманкан Мамыров атама келип: «Шофердун окуусуна окуйт элем» − десе, атам болбой: «Сен эч кандай шофер болбойсуң, сен тракторист гана болуп иштейсиң» − деп уруксат бербей койгон экен. Бара-бара  Аманкан Мамыровду жүгөрү звеновою, бригадирге чейин жеткирип көтөрмөлөй баштаганда, айылдагы жакын туугандар атама капа болушуп: «Токтонаалы эмнеге эле өзүн түрмөгө каматкан адамдын баласын көтөрмөлөйт, эмне үчүн Аманкандай эле колхоздо иштеп жүргөн жакын туугандарды колдоп койбойт» деген ар кандай нааразылыктар туугандар тараптан айтыла баштайт.

Атам ага карабастан Аманкан Мамыровдун эмгекчилдигин, аракетчилдигин, талыкпаган эмгектерин баалап, колхоздун бардык күчүн жумшап жүрүп, болуп көрбөгөндөй жүгөрүнүн мол түшүмүн алып тургандыктан, мамлекеттик пландардын ашыгы менен аткарылуусунун натыйжасында эмгеги бааланып, Ленин, Эмгек Кызыл-Туу ордендери ыйгарылган. 1975-жылдары Аманкан Мамыровду Социалистик эмгектин Баатырлыгына көрсөтүү боюнча баштапкы документтерин даярдап, борбор шаар Фрунзеге келишкенде, мен дагы атамдар менен чогу келгеним эсимде. Аманкан Мамыров «Кыргызстан» (азыркы Хаят) мейманканасында калып, ошол күнү жаткан бөлмөсүнүн эшигин ачык калтырып уктап калгандыктан, даярдалган документтеринин бардыгын уурдатып жиберген экен. Ошондо атам Аманкан Мамыровго катуу капа болуп: «Эй, Аманкан! Сен түшүнөсүңбү, мен башкалардын эмгегин айтпаганымда дагы, сен өзүңдүн эмгегиңди эле эмес, менин да эмгегимди уурдатып жибердиң деп айтканы эсимде. Акыры 1981-жылы мамлекеттик эң чоң сыйлык Социалисттик эмгектин Баатырлыгына көрсөтүлөт.

Ооба, чындыкты моюнга алыш керек. Эгерде атам кекчил, жаман адам боло турган болсо, ошондогу апамдын кенедей эки баласын кучактап, ботодой боздоп калып калганын эстесе, түрмөдөгү сурак учурундагы адам чыдагыс кыйноолорду ойлосо, абакта өткөргөн алты жылдык өмүрүн кектеп койгондо, анда Аманкан Мамыровдун орду башка жерде болору талашсыз чындык эле. Бирок атам аны тескерисинче, «атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген макалдагыдай жасап койгону чындык. Менин эсимде, Аманкан Мамыровго баатырлык наамы берилген күнү атамдын үйдө отуруп: «Мен Асылкандан өчүмдү эми алдым» − деп жаш баладай ыйлап, ага кошул-ташыл болуп, апам Чынардан ажырап калганын эстеп, ого бетер өңгүрөп өксүгөнүн көргөн элем.

Апам Алымкулова Чынар мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, 1979-жылы 16-апрелде 49 жашында эле каза болуп калды. Менин бир арманым − апам менин үйлөнүп-жайланганымды көрбөй кеткени болду. Ар жылы 16-апрель күнү үйдөн жыт чыгарып, апама куран окуйбуз. Ошол күнү эле кайрадан келинчегимдин туулган күнүн белгилейбиз. Себеби келинчегимдин туулган күнү да ушул күнгө туш келип, аты дагы Чынар.

Атам 2007-жылы 17-декабрда 90 жаш курагында каза болду. 1968-жылы атамдын учурунда курулган «Торкен» орто мектеби 1997-жылдан баштап азыркыга чейин Токтонаалы Ашыралиев атындагы орто мектеп аталып, ысымын өчүрбөй алып келе жатат.

Артында калган биз балдары − 3 эркек 5 кыз тең аман-эсен «Элим бар кезде, эл ичинде биз да барбыз, ата» − деп жашоо кечирип келебиз.

 1973-жыл
7

«Даңк» медалын алган күнү
2001-жыл

 Торкен айылындагы Токтонаалы Ашыралиев атындагы мектеп
1997-жыл
8

 

9 5

Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды.


print
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Нет аватара
Janysh
01:06, 09 мая 2017
Таазим Токтонаалы Ашыралиевге! Ак ийилет бирок сынбайт деген ушул экен да...
Нет аватара
alik_alik
17:00, 28 апреля 2017
Кандайсын эркин, жакшы эскеруулорду жазыпсын атан жонундо молодец. Биз ал кишини билебиз жана унутпайбыз. Аттокур
Нет аватара
nurbek77
15:39, 28 апреля 2017
легендарлуу эрктуу, чыдамкай киши экен



АКИ-Files
10-11-2017
20-10-2017
03-07-2017
16-06-2017
20-05-2017
10-05-2017
09-05-2017
07-04-2017
28-03-2017
24-03-2017
03-03-2017
22-02-2017
02-11-2016
12-10-2016
06-10-2016
15-09-2016
24-08-2016
15-08-2016
26-07-2016
12-07-2016
24-05-2016
11-05-2016
10-05-2016
26-04-2016
17-04-2016
13-04-2016
05-04-2016
29-03-2016
28-03-2016
11-03-2016
09-03-2016
05-03-2016
03-03-2016
02-03-2016
25-02-2016
23-02-2016
18-02-2016
17-02-2016


×